Аймак

Адахан МАДУМАРОВ: «Роза Отунбаева – самозванка. «Ата Мекен» партиясын 2010-жылы кулагынан сүйрөп атып парламентке апкелишкен»

 1,829 Бардыгы /

Адахан МАДУМАРОВ: «Роза Отунбаева - самозванка. «Ата Мекен» партиясын 2010-жылы кулагынан сүйрөп атып парламентке апкелишкен»

Кыргызстанга парламенттик башкаруу дагыле эртелик кылат. Өлкөгө ушул тапта кудуреттүү президенттик бийлик абадай зарыл! Ансыз кичинекей мамлекеттин саясий катаклизмден эзели башы арылбайт. Бул туурасында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын Кеңешинин башкатчысынын орун басары Адахан МАДУМАРОВ курган маегинде позициясын ачыктады.

– Адахан мырза, Сиз демилгечи сыңары эсептелген көчмөндөр оюн-зооктору Ысык-Көл менен эле бүттүбү? Же улантылабы?

– Танып не. Кыргыздар, чынында, көчмөндөр цивилизациясынын эң башында турган. Ошону үчүн бул иш-чара алгачкы ирет түрк тилдүү мамлекеттердин арыаынан бизде биринчи ирет өткөрүлдү. Эми бул жышаанды 2016-жылы Түркия, 2018-жылы Казакстан улантат.
Буга улай 2016-жылы Бишкек шаарында көчмөн мамлекттердин ири музейи ачылат. Ал андан ары туруктуу иштей баштайт. Буга улай улам жаңы табылгалар менен улам-улам толукталып турмакчы.

– Акыркы мезгилде Кыргызстандын түштүк аймактарын түрө кыдыра баштаганыңыздын негизги жүйөөсү башкада эмеспи?

– Адатыңарча, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай эле койгула! Акыркы жылдарда эл бизди абдан сагынып калыптыр. Утуру чалып, чакырышканынан улам моминтип түштүк жергесин чекесинен кыдырып жүрөм. Көп суроолор бышып калган экен. Эч тайсалдабастан жана буйтактатпастан түз жана оң жооп кайтарып, ошентип, элдин моокумун кандырууга жарадым.

Сиз башынан эле Кыргызстандагы парламенттик башкарууну анчалык жактырчу эмес элеңиз. Андан бери мына кыйлалаган жылдар агылды. Позицияңыз өзгөргөндүр?

– Балээниби? 2010-жылкы парламенттик шайлоону көпчүлүк мекендештерибиз эмдигиче унутуша элек. Биздин “Бүтүн Кыргызстан” партиябыз ошондогу Жогорку Кеңештин шайлоосунда чындап уткан. Мындайча айтканда, көрсөтүлгөн чекти багындырганбыз. Ошогездеги президент Роза Отунбаева – самозванка. Анын тилине кирип сот бийлиги күчкө салып атып ордубузга “Ата Мекен” партиясын кулагынан сүйрөп атып парламентке эптеп алып келишти.
Мен башынан эле баса айтып келатам. Азыр деле ошогездеги позициямдан таптакыр тайый элекмин. Кичинекей Кыргызстанга 120 депутаттан куралган парламенттик башкаруу дегеле ылайыксыз. Биз мындай деңгээлге таптакыр өсүп жете элекпиз, эй!
Муну мене эле эмес, президент Алмазбек Атамбаев деле өзү ачык эле моюндап жүрбөйбү. Ошону үчүн биздин көз караштарыбыз ушундайда дал келгендиктен, эл аны түшүнүп-түшүнбөй, “Адахан Мадумаров сатылып кетти” деп кыйкырып атпайбы. Башкалары мансапка сатылса сатылгандыр, мен эзели мындай акмак кадамга барбаймын! Адамда түөлүктүү жана туруктуу принцип деген болуш керек.

– Демек, Баш мыйзамыбыз ушул тапта токтоосуз түрдө өзгөртүүгө муктаж экен да?

– Ооба. 2020-жылга дейре ким бар, ким жок! Убакыт деген
Өмүрбек Текебаев чектеген мөөнөттү күтпөйт да. /й-бүлөлүк, кландык башкаруудан араң кутулдук эле. Карасаңар эй, эми партиялык чаржайыт жана жоопкерчиликсиз башкаруунун туткунунда калдык. Мамлекет эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрү ар партияга, туш тарапка бөлүнүп, ыркыбыз кетип олтурат.
Акырында Кыргызстанды ойлогон киши жок, эй! Утурумдук жыргалчылыктарга азгырылып, кичинекей өлкөбүздү анык туңгуюкка кептедик. Ошону үчүн элдин башын дагыле убактылуу айлантып, качкын президенттер Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди, алардын тууган-уруктарын соттоо, мал-мүлктөрүн талап-тоноо менен алекпиз.
Ушундан көрө экөөнү тең сыртынан тон бычпастан, Кыргызстанга тирүү алып келип, эл-журтуна үндөрүн жана сөздөрүн угузуп койбойлубу? Балким, алардын дагы билгени бардыр…

– Мына, кыйладан бери улуу Түркияда жашап жана эмгектенип жүрөсүз. Бул өлкө – Европанын чордону да. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү өз жарандарына чоң пайызга кредит таратып жатканына кандайча карайсыз?

– Пайызга акча таратуу – жеткен сүткорлук! Мындан мамлекет эзели байып кетпейт! Тескерисинче, эли улам жакырланып, итке гана минет. Арданганым: мындай көрүнүш дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дегеле жок!

– Адахан мырза, алдыда парламенттик, анын артынан президенттик шайлоолор жакындап келатат. Бул маанилүү саясий өнөктүктөргө катышасыздарбы?

– Жогорку Кеңештин шайлоосуна “Бүтүн Кыргызстан” башка саясий күчтөргө кошулуп барат. Ага башка коомдук уюмдар дагы биригүүсү толук ыктымал. Азырынча өз ара сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. “Бирбол” партиясы менен кошулдук. Бара-бара сергек күчтөр дагы биздин айланабызда толук биригишет деген чоң үмүтүм бар.
Ал эми менин жекече пикиримде, учурда бизге кубаттуу Кыргызстан керек! Андай шартты президенттик башкаруу гана жаратат. Демек, азыртан ушунун камын жеп жатабыз.
Кокус мамлекет башчылыгына шайланып калсам, ириде Текебаев чектеген 2020-жылды күтүп олтурбастан, Баш мыйзамга токтоосуз жана олуттуу өзгөртүүлөрдү кийиребиз! Менин бул демилгелеримди бүтүндөй кыргызстандык мекендештерим толук бойдон кубаттайт деген терең ишеничтемин.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17