Аймак

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ: «ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕМКОРЛУККА АЕОСУЗ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАДЫ»

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ: «ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕМКОРЛУККА АЕОСУЗ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАДЫ»

 2,611 Бардыгы /

          Маектешибиз Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ – Ош облусундагы Алай районунун мурдагы акими, Апрель ыңкылабынын Баатыры. Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн катуу кубаттап, ал коомчулуктун колдоосуна дагы абдан муктаж экендигин жашырган жок.

   

– Айтпай мырза, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан бери мына арадан сегиз жыл билинбей эле өтүптүр. Ошондогу асыл тилектериңиздер аткарылды деп эсептейсизби?

– Эң башкысы: танып не, үй-бүлөлүк жана кландык башкаруудан чындап эле кутулдук! Дал ошондогу Оштогу ыңкылаптын башында агездеги губернатор Сооронбай Жээнбеков өзү турбадыбы. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүн тобокелчиликке салып, а түгүл башын канжыгага бекем байлап, селдей агылган элге жолбашчылык кылып жүрбөдүбү.

Ал эми калган талаптар бара-бара чекесинен аткарылып жатат. Көз тийбесин, ириде коңшу мамлекеттер менен сууп бараткан мамилебиз ого бетер жанданып, акыры жакшы нукка бурулду. Моминтип экономикабыз дагы улам өйдөлөп баратат.

– Ошентсе дагы, Бишек шаарында Ак Үй тараптан куралсыз жарандарды аттырган ошогездеги Президент Курманбек Бакиев, бир тууган үкаси Жаныш Бакиев, июнь коогалаңынын уюштурган Кадыржан Баатыров душман көзүнө сыртынан гана соттолушуп, негедир өкүм таптакыр аткарылбастан келатат. Эмнеге?

– Алар бүт бозгунда, мындайча айтканда, ар өлкөлөрдө тентип гана жүрүшөт. Бу тирүүчүлүктө мындан ашкан кордук жана жаза жок! Кокус жаза тайып көз жумушса, сөөктөрү дагы Ата Мекенине коюлбайт…

– Дегеле аталган канкорлордун сыртынан гана тон бычылып, сот өкүмү жар салынганы бекер. Эл аралык БУУ өңдөнгөн абройлуу уюмдар булардын баары бир Кыргызстанга сөзсүз кайтарылышына түздөн-түз жардам көрсөтүшү керек да, туурабы?

– Эң туура! Мен деле ушундай ойдомун! Бириккен Улуттар Уюмуна адеп кайрылап жатып, качкын Президенттер Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди Кыргызстанга эптеп алып келип, кайрадан эл көзүнчө соттош керек! Эгерде экөөнүн тең күнөөсү болсо, өз Мекенинде журтташтарынын алдында чөгөлөп кечирим сурашсын? Кыргыздар дээринен айкөл калк эмеспи, буларды баары бир кечиришет. Андан соң жеп-ичкендерин кустуруп, мунун эсебинен казынаны толтуруп, анан гана экөөнү тең эркиндикке бошоткон оң. Ошондо гана мындай жазалоо башка Президенттерге дагы ачуу сабак болот, эй!

– Айрым серепчилер «Кыргызстан дагы бир ыңкылаптын босогосунда турат» дегендерине Сиз кошуласызбы?

– Албетте, Кыргызстанда минтип эңсегендер чекеден табылат. Биринчиден, азыркы бийликке ичи ачышкандар жана тишин кайрагандар толтура. Экинчиден, мансапта олтурушкан бузукулардан дагыле куру эмеспиз. Ошентип, дагы бир ыңкылаптын болуп кетиши толук ыктымал!

– Айтпай мырза, Сиз 2010-жылдагы Апрель ыңкыбалынан кийин Алай районунун акимдигине дайындалып, ошол кыйын кырдаалда Ош облусунун агездеги губернатору, азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков менен ийиндеше иштешип калбадыңызбы?  Эми бул кишинин жемкорлук менен ырааттуу түрдө күрөшүп, коомубузду ашынган коррупционерледен тазалашына деги көзүңүз жетеби?

– Менин баамымда, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн карапайым калк дагы жер-жерлерде катуу кубаттап жатат. Мен ийиндеше иштешип калган адам сыңары айтып коеюн, Сооронбай Шарипович дээринен чечкиндүү. Анан кошоматчылыкка кой сойгонду таптакыр билбейт. Беттегенин бербеген көктүгү жана кайратынан кайтпаган көкжалдыгы бар!

Эми жемкорлор менен менен айыгышкыс түрдө күрөшкөн жараянды ара жолго таштабастан, сөзсүз акырына чыгарылышын биз деле Президент Сооронбай Жээнбековдон катуу талап кылабыз! А түгүл керек маалда ага ар тараптуу көмөк дагы көрсөтөбүз. Анткени, Мекенибизди талап-тоногондорго каршы күрөшүү – жалпыбыздын парзыбыз!

 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17