Аймак

АЙДООЧУЛАР КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИНЕ НААРАЗЫ. ЭЛ МАРШРУТТАРДЫН КЫЗМАТЫНА ЫРААЗЫБЫ?

АЙДООЧУЛАР КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИНЕ НААРАЗЫ. ЭЛ МАРШРУТТАРДЫН КЫЗМАТЫНА ЫРААЗЫБЫ?

 1,987 Бардыгы /

 

Өткөн апта өлкө аймагындагы бир катар шаарларда маршруттук каттамдардын иш таштоосу менен эсте калды. Анын негизги себеби өкмөттүн былтыр кабыл алган токтому болду. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде өкмөттүн ошол 2017-жылдын 25-декабрында кабыл алынган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Албаса 500 сом айып салынат же унаа айып аянтчасына токтотулат. Унаадагы ар бир орун камсыздандырылууга тийиш, баасы 1 жылга 136 сомдон. Мисалы, кичи автобуста 15 орун болсо, 1 жылга 2049 сом, 1 айга 170 сомдон айланат. Андан сырткары айдоочулар “жүргүнчүнү аялдамадан гана алып, аялдамадан гана түшүрүү керек” деген талаптар да бар. Андан сырткары айдоочулар 1 айга соцфондго 356сом, патентке 370 сом ага банктын кызмат акысы кошулуп 400 сом беришет экен. Ошондо 1 айга 756 сом. Бул маселе биздин шаардагы маршруттук таксилерге кандай таасир этти? Деги эле карапайым калктын маршруттук таксилердин кызматына болгон баасы тууралуу шаардыктардан сурадык.

 

Кочкоралы КАЛЫБЕКОВ, шаардык жүргүнчүлөр транспортторунун агенттигинин директору: “АЙДООЧУЛАР ЛИЦЕНЗИЯСЫЗ ИШКЕ ЧЫГА АЛЫШПАЙТ”

Шаардагы 101ден 117ге чейинки маршруттук каттамдардын баары бизге карайт. Булар патент төлөшөт андан сырткары бир жылга лицензия алышат. Транспорттук инспекцияда лицензия бере турган бөлүм бар. Алар жүргүнчү  ташыганга уруксат деген бир жылга лицензия жазып беришет. Мага мисалы кат менен келишет, мен каттын негизинде буйрук чыгарып берем. Ошол буйруктун негизинде алар лицензия алышат. Лицензиясыз ишке чыга алышпайт. Айдоочуларды ишке биз кабыл албайбыз. Биз тендерге коебуз.Тендерди жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) утуп алат. Мисалы, 101 менен 102-каттамды тендерге койгонубузда Адилетика деген ЖЧК утуп алган. Азыркы күндө ушул эки линиянын жетекчиси бир.  103, 104, 108 сыяктуу каттамдардын транс жетекчилери өз-өзүнчө. Биздин иш канага сегиз ЖЧК карайт. Айдоочуларды ушулар ишке алат. Ишке алардан мурун ишкана менен айдоочунун ортосунда келишим түзүлөт. Ал келишимде эки тараптын тең укуктары, милдеттери жазылат. Ошол келишим менен  мен ушул айдоочуну ишке алып жатам сиз мага буйрук чыгарып беришиңизди суранам деп мага жөнөтөт. Мен карап чыгып талапка жооп берсе, буйрук чыгарып берем. Андан соң ЖЧКнын жетекчиси менен айдоочулар иш алып барат. Ал  эми биз ошол коом менен контакт түзүп, иштешебиз. Жалпысынан баарын көзөмөлдөп турабыз.

 

Тыныбек РАХМАНОВ, Жалал-Абад шаары боюнча жол кыймыл коопсуздук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси: “УЛУУ МУУНДАГЫ АЙДООЧУЛАР ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗА БЕРИШПЕЙТ”

Жалал-Абад шаары ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 8 линия, маршрутка бар. Аларды жеке ишкерлер тейлейт. Жол эрежесин бузган коомдук транспорттор боюнча рейд уюштурабыз.  Ал рейд бир айда эки жолу жүрөт. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлери ал күндөрү негизги багытын көчөдө коомдук транспорттор жана алардын жол кыймылын бузгандары туурасында иш алып барышат. Токтоого мүмкүн болбогон жерлерге токтогон, деги эле жол эрежелерин бузган айдоочуларга административдик чара колдонушат. Шаар ичинде маршруткада орундуктардан сырткары адам алууга болот. 50 кмден ашкан жерлерден ары болбойт деген сыяктуу мунун да өзүнүн жоболору бар. Орундуктарын ашыкча орнотуп алган жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор болот. Рейд учурунда булар да көзөмөлдөнөт. Коомдук транспортторду айдаган улуу муундагы айдоочулар жол эрежесин анчалык буза беришпейт. Көбүнчө жаш айдоочулар жол эрежесин сакташпайт. Мисалы, тура эмес жерге токтоп, адам алган болсо, 235-берененин үчүнчү бөлүмү менен 1000 сом өлчөмүндө айып салынат же болбосо айдоочу автоунааны башкарып баратып, кол телефондо сүйлөшүп кеткен болсо анда 200 сомдун тегерегинде айып пул салынат.

 

Айдоочу:

Камсыздандыруу полисине баарыбыз каршыбыз. Төлөбөйбүз деп каршы чыгып, мэрияда чогулуш болду эле. Алар 1-апрелге чейин убакыт беришкен болчу. Бирок бир да төлөй элекпиз. Мындайча айтканда бул бийлик эми маршруткаларга өтүштү. Эптеп акча өндүрүү максатында төлөмдөрүн көбөйтүшүүдө. Асылбаганы биз эле калдык эле. Айдоочуларды ойлогон бир жан жок. Арабызда унааларын насыяга алгандар бар. А анын болсо тетиктери да өтө кымбат баада.

 

Алина АБДУЛЛАЕВА, студент: “КЭЭДЕ ТУРУП, КООМДУК ТРАНСПОРТТОРГО ДА ЫРААЗЫ БОЛУП КЕТЕМ”

Мен көбүнчө 110 каттамындагы маршрукага чыгам. Эрте менен анан кечинде маршруткадан бут коерго жер таппай калабыз. Эптеп көздөгөн жерибизге жетип алалы деп, таксиден 5 сом аяп, жетсем болду деп, чыгып алабыз. Автобус менен кетели десең, бир топ убакыт күтүп турууга туура келет. Мен мисалы, маршруткага чыгардан алдын бош орунга үмүт деле кылбай калгам. Орун болсо да улууну урматтаган улуу калкпыз да, чоңдорго орун бошотуп, сыйлоо каныбызда бар. Алардын “рахмат, кызым” деген сөзү үчүн бир күн тик туруп кетсең да арзыйт. Кээде туруп коомдук транспортторго да ыраазы болуп кетем. Анткени бүгүнкү күндө улуулардын ыраазычылыгын алуу кыйын болуп калган. А автобустар аз да болсо, адамдык насилибизди, улуулар алдында тарбиябызды да билдирип турат.

 

Кумар АЗИМОВ, окуучу: “АЙДООЧУЛАРДЫН ОРОЙ МАМИЛЕЛЕРИ КАПА КЫЛАТ”

Эрте менен үйдөн эрте чыгам. Себеби, эрте чыгып, маршрутка күтөм. Кол көтөрүп олтуруп же чоң адамдардын жанында туруп эптеп чыгууга шашылам. Адам көп болсо, окуучуларды албай кеткен учурлар болот. Бирок баары эмес. Арасында жакшы айдоочулар да бар. Мен аларды алыстан эле тааныйм. А кээ бир айдоочулардан уруш уккан күндөрүм болгон. Анткени, эми гана чыксаң эле, “артка жыл”, “жолду тоспо”, “бар артка өтүп кет” деген сыяктуу сөздөрү капалантат, кээде ачуумду келтирет.

 

Айдоочулардын линияга кантип кирери, кандай талаптарды аткаруу керектиги туурасында каттамдардын айрым жетекчилерине байланышсак жооп берүүдөн баш тартышты.  Мунун да артында купуя сыр жатат болуш керек. Жооп берүүдөн баш тарткандыгына караганда. Айдоочулар менен бул туурасында байланышсак алар да иштен кетип калбайын деп жооп берүүдөн чочулашты.

 

Бүбүсара Орозалиева, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17