Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
6,738 Бардыгы / Акыркы мезгилде Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду “Коррупцияга малынган” деп бир жактуу айыптаган материалдар ЖМКларда козу карындай эле жайнады. Буга улай жөнсүз каралоого кабылган жергиликтүү абройлуу аткминер өзүнүн адамдык ар-намысын коргоп, айыптагандардан ири өлчөмдө моралдык чыгым төлөттүрүү максатында сотко дагы кайрылды. Фемида кеңсесинде жүргөндө Шарабидин Капаровду капы-тапыл кепке тартык. Шарабидин […]
6,739 Бардыгы / Акыркы мезгилде Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду “Коррупцияга малынган” деп бир жактуу айыптаган материалдар ЖМКларда козу карындай эле жайнады. Буга улай жөнсүз каралоого кабылган жергиликтүү абройлуу аткминер өзүнүн адамдык ар-намысын коргоп, айыптагандардан ири өлчөмдө моралдык чыгым төлөттүрүү максатында сотко дагы кайрылды. Фемида кеңсесинде жүргөндө Шарабидин Капаровду капы-тапыл кепке тартык. Шарабидин […]
ШАРАБИДИН КАПАРОВ: “МАГА ЖӨНСҮЗ АСЫЛГАНДАРДЫН АРТЫНДА ОШ КООГАЛАҢЫН УЮШТУРГАНДАР ТУРУШАТ”
15.05.2018 / Автор aymak

6,740 Бардыгы /
Акыркы мезгилде Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду “Коррупцияга малынган” деп бир жактуу айыптаган материалдар ЖМКларда козу карындай эле жайнады. Буга улай жөнсүз каралоого кабылган жергиликтүү абройлуу аткминер өзүнүн адамдык ар-намысын коргоп, айыптагандардан ири өлчөмдө моралдык чыгым төлөттүрүү максатында сотко дагы кайрылды. Фемида кеңсесинде жүргөндө Шарабидин Капаровду капы-тапыл кепке тартык.
- Шарабидин мырза, мына Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчылыгына ушуну менен үчүнчү ирет шайландыңыз. Дегиңкиси мындай ийгиликтин сыры эмнеде, ыя? Же кээ бир айыл Өкмөттөрүнө окшоп Айылдык Кеңештердин депутаттарына акча тараттыңызбы?
- Эч кандай деле жашырын сыры жок! Элим үчүн үч мөөнөттө тең кара жанымды карч уруп, чын ыкласымдан гана абдан таза иштедим. Биринчи ирет Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланганымда бюджетибиз 2010-жылы 7 миллион 579 миң 200 сом эле. А азыр мунун көлөмү 35 миллион 317 миң 600 сомду чапчыды. Дээрлик өзүбүздүн бюджетибизди, көз тийбесин, үч эседен ашык көтөрдүк. Кыязы, Айылдык Кеңештин депутаттары шайлоо маалында ириде менин дал ушул мээнетимди калыс баалашты өңдөнөт.
- Ошентсе дагы, Сизди Президент Сооронбай Жээнбековго дейре ат тезегин кургатпастан жазышып, “Кызыл-Кыштактагы жер тилкелерин ченесмиз сатып, дал ошонун эсебинен кыска аралыкта тез байыды” дегендерге кошуласызбы?
- Ай, жүзү жоктор? Каралоонун дагы чеги болот, эй! Менин үстүмдөн тынымсыз даттанган Орозкан Токторалиевага 2012-жылы эле Кызыл-Байрак айылынан алты сотых жер тилкесин ченеп бергенбиз. Эми уялбастан дагы “Суулуу аянттан тилке ажыратасың!” деп мукуратты. Менин башым экөө эмес! Суулуу аянттан турак жай үчүн жер тилкелерин берүүгө таптакыр тыюу салынган, мындайча айтканда, Кыргыз Өкмөтү мораторий жарыялаган.
Ал эми каралоо катына кол койгон Гүлнара Мырзакаримованын деле өзүнүн жери бар. Ошого карбастан “Эми балама жер тилкесин бөлгүлө!” деп мени тынбай опузалап олтурат.
Анан арыз ээлеринин дагы бири Салтанат Козубаева менен өзүңүздөр деле телефон аркылуу сүйлөштүңүздөр го. Ал даттанууга дегеле кол койбоптур. Бирок, анын атын-фамилиясын тигилер өздөрү Арызга кошуп, а колун дагы тууралашыптыр. Эми бул жосунсуз жоруктары үчүн мыйзам алдында жооп беришсин!
- Сизди буга дейре дагы жазып, какшатышты беле?
- Жо-жок! Бул биринчиси.
- Анда Сиз санактаган кишилердин – жалган арызчылардын артында кимдер турушу ыктымал деп эсептейсиз?
- Мени тынбай ЖМКлар аркылуу жөнсүз каралагандардын артында 2010-жылдагы Ош коогалаңын уюштургандар турушат. Ошондуктан, сот жараянынын жүрүшүндө булар сөзсүз ачыкка чыгат деген терең ишеничтемин!
Ал эми күнөөкөрлөр мага бир миллион сом моралдык чыгым төлөшсүн! Ошондой эле мени тынбай жамандаган ЖМКлар аркылуу калк көзүнчө расмий түрдө кечирим дагы сурашсын! Антишпесе, мен дагы эми таптакыр тынчыбаймын!
- Шарабидин мырза, мына көп жылдардан бери аткаруу бийлигинде жалаң жетекчилик кызматтарды аркалап жүрөсүз. Айып этпесеңиз, Кыргызстанга башкаруунун кайсыл түрү (Президенттик, аралаш, Парламенттик) ылайыктуу деп эсептейсиз?
- Жашырып не. Мен дээринен Президенттик башкаруунун гана бир ыктай тарапкеримин! Биз Аралаш, анан Парламенттик башкарууну тандадык эле. Эмне таптык, ыя? Болгону жоопкерчиликсиз гана система түзүп, жемкорлукту ого бетер өркүндөттүк. Эми ошонун азабын моминтип куп тартып келатабыз.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.