Аймак

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ МАКАМЫН АЛГАНДЫГЫНА 25 ЖЫЛ!

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ МАКАМЫН АЛГАНДЫГЫНА 25 ЖЫЛ!

 8,250 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жогорку окуу жай макамында ишмердигинин 25 жылдык маарекеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Ал күнү университеттин ачылышына, түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө эмгек сиңирген инсандардын аты аталып, эмгектери тийиштүү түрдө бааланды жана сыйлыктар берилди.

13-майда ЭАУнун негиздөөчүсү, туңгуч ректору жана президенти К.Ш. Токтомаматовдун 70 жылдыгына арналган “Илимий изилдөөлөр: илимдеги, билим берүүдөгү жана технологиялардагы азыркы инновациялар” темасында “1-Токтомаматов окуулары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга республиканын, чөлкөмдүн жетекчилери, белгилүү илимпоздор, илимий багытта изденген адистер жакынкы жана алыскы мамлекеттерден – Түркиядан, Польшадан, Россиядан, Кытайдан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан бир катар абройлуу уюм-мекемелердин жетекчилери, белгилүү илимпоздор келишти. Мында университет тууралуу, окуу жайдын негиздөөчүсү э.и.д., профессор, РМА академиги К.Ш. Токтомаматовдун илимге сиңирген эмгеги тууралуу улуу сөздөр, улуу ойлор айтылды.

 

УНИВЕРСИТЕТТИН ТАРЫХЫ

Мындан 25 жыл мурун КРдин Президенти А.Акаев 1993-жылдын 1-апрелиндеги №7-100 буйругу менен “Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин Жалал-Абад шаарында Коммерциялык институтун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетине К.Токтомаматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Кыргыз кооперативдер биримдигинин башкармалыгынын  2017-жылдын 25-декабрындагы №5 токтому менен Эл аралык К.Токтомаматов атындагы университет деп аталган.

 

Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ, ЭАУнун ректору:  “ТУҢГУЧ РЕКТОРУБУЗ ЭҢ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛГО АЛГАН”

-Республикада мамлекеттик окуу жайларга альтернативдик, мамлекеттик эмес окуу жайларды, анын ичинде чөлкөмдөрдө түзүү тууралуу ойлор жаралган. Бул ой алгач 1992-жылдын ноябрь айында коомчулукка сунушталат. Бир катар талкуулоолордон, кеңешүүлөрдөн жана сунуштоолордон кийин 1993-жылдын апрелинде Жалал-Абад Коммерциялык институту түзүлгөн. Окуу жайдын ректору болуп, э.и.д, профессор К.Ш.Токтомаматов дайындалган. Ал ректор болгондон тартып эң орчундуу болгон материалдык-техникалык базаны чыңдоо, кадр тандоо, т.а. жогорку окуу жайдын макамына туура келген профессор-окутуучулар курамын топтоо, жогорку билим берүү программалары боюнча биринчи талапкерлерди кабыл алууну уюштуруу маселелерин колго алган. Ошентип  Жалал-Абад Коммерциялык институту алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 1997-жылы чыгарган. Андан бери Экономика жана ишкердик академиясы, Экономика жана ишкердик университети, андан соң Эл аралык университет аталыштарын камтуу менен окуу жайды 13 миңден ашуун студент аяктаган.

Абдыжапар ТАГАЕВ,  Жалал-Абаддын экс-губернатору: “КАРЬЕРАГА УМТУЛБАГАН АДАМ ЭКЕН”

-К.Токтомаматов тууралуу айта берсек сөз көп, бир нерсени баса белгилеп айткым келип турат. Бул киши карьерага умтулбаган адамдардан экен. Себеби ошол кездери мен Жалал-Абад областынын губернатору болуп тургам. Ал убакта Жалал-Абад мамлекеттик университетин ачуу тууралуу президент менен сүйлөшүп жаткан кезим эле. Мамлекеттик эмес окуу жайды ачуу тууралуу да журт башчы менен сүйлөшүп отуруп араң көндүрдүм. Ажону көндүрүш оңой болгон жок. Негизинен ошол жоопкерчиликти мойнума алып, ошол ишти аткарганыма сыймыктанам. Эмне үчүн айтып жатам карьерист эмес экен деп, себеби мен атайын Бишкекке бул киши менен таанышайын деп барсам, үйүндө экен. Жанымда үзөңгүлөш коллегаларым да бар эле. Мен өзүмдү тааныштырып, “Кантөрө аке, Жалал-Абад областынын жетекчиси катары жаныңызга келдим. Ушул университетке жетекчи болуп бериңиз”- десем, бул киши дароо эле болгон жок. “Мен ойлонуп көрөйүн” -дейт. Ошол учурда жетекчи кылып кой дегендер толтура болчу. Бул кишинин “ойлонуп көрөйүн” дегени мени таң калтырган. Араңдан зорго бир жумада макулдугун билдирген.

Жамбыл АБАКИРОВ, Кыргыз кооперативдер биримдигинин төрагасы: ”БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ФАРМАЦЕВТТИК АДИСТИК АЧЫЛДЫ”

-Кантөрө Шарипович 2016-жылдын аягында жолугуп, университетке эл аралык статусун берүү жөнүндө сүйлөшүүбүздө дагы медицина тармагы боюнча институт ачуу жөнүндө оюн айтып, Индия мамлекетиндеги ЖОЖдордун бири менен келишим түзүүдөбүз дегенде мен колдоого алып, бул абдан жакшы демилге, университеттин баркы мындан да жогорку деңгээлге жетет деген оюмду билгизип, токтоосуз чечим чыгарып бердик. Ошол аракеттин натыйжасы менен бүгүнкү күндө фармацевттик адистик ачылып, студенттер билим алууда. Бүгүнкү күндө мен билгенден Эл аралык университети Россия, Белоруссия, Украина, Түркия, Индия, Казакстан ж.б. мамлекеттеринин бир нече жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

К.Шарипович бүгүн арабызда болгондо 70 жылдык юбилейинде президиумда өзү отурмак эле, тагдырдын жазмышы экен, анын артында калтырган мурасы элге кылган эмгеги, аталык мээрим төгүп тарбиялаган балдары бүгүнкү күндө жолун жолдоп, илимий жолду тандап, экономикалык илимдеринин кандидаты, доктору болуп чейрек кылым өзү жетектеп келген окуу жайда эмгектенишип келүүдө.

Гүлмира КУДАЙБЕРДИЕВА, Билим берүү жана илим министри: “АЛДЫҢКЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БИРИНЕ АЙЛАНДЫ”

Экономика илимдеринин доктору, профессор К.Токтомаматов окутуучулардын профессордук курамына өз чеберчилигин өркүндөтүүгө, чет мамлекетте жогорку окуу жайларда тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө, эң негизгиси окуу жайды Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайлардын бирине айландырган. Аймактардагы жаштар үчүн жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Агайдын колунан билим алган шакирттери, студенттери бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык жеринде жемиштүү иштеп жатышат. Анын жетекчилигинде Эл аралык университети 2010-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бизнес, илим жана маданият лидерлеринин эл аралык конгрессинин, Европалык Бизнес Ассамблеясынын “MILLENIUM AWARD” (миң жылдыктын сыйлыгы) эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. Кантөрө агайыбыз мыкты жетекчи, көрүнүктүү илимпоз, чыныгы педагог, коомдук ишмер катары жогорку билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Бул тармакка ал бүтүндөй өмүрүн арнап, энергиясын, иш тажрыйбасын жумшады. Агай айкөл, адамгерчиликтүү, сабырдуу инсан эле. Эң өкүнүчтүүсү бул агайдын 2017-жылдын 28-апрелинде кайтыш болгону. Мезгил дегенибиз бат өтөт турбайбы, аз убакыт министрликке келип, билим берүүнү кандай формула менен өнүктүрүү тууралуу кеңештерин айтып, батасын берип кеткен эле. Агайдын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө кала берет деп терең ишенем.

Мирлан БАКИРОВ, ЖКнын депутаты: “АБДИЛБАЕТ АЛДЫНА КАМЧЫ САЛДЫРБАЙТ”

-Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы демекчи, Абдилбает Асанович бүгүнкү күндө сиз ректор катары бир топ эмгектерди жасадыңыз. Сиздин устатыңыз сиз тууралуу “Абдилбает алдына камчы салдырбайт” -деп айтып кеткендей эми аткарылбай калган жумуштарды эмгек жамаатыңыз менен улантып, ушул университетти мындан да күчтүү деңгээлге алып чыгыңыз. Мына азыр тасмадан көргөн түрк тилдүү элдин атасы Стамбул университетинин философия илимдеринин доктору Ибрагим Акыш деп жүрсөк, бул түрк гигант профессор “Менин Кыргызстандагы атам-Кантөрө Токтомаматов” деп жатат. Бул албетте жөнөкөй сөз эмес. Урматтуу эмгек жамаат жана К.Шариповичтин жакындары биз дагы Кудай буйруса бул университет келечекте атагы чыккан окуу жай болот деп терең ишенебиз.

Акылбек ЖАПАРОВ, ЖКнын депутаты: “МАНАСТЫН ОБРАЗЫН ЖАРАТКАН ЧОҢ БИР ИНСАН КАТАРЫ КӨРӨТ ЭЛЕМ”

-Кантөрө агабыздын эмгеги жана таланты жөнүндө толук айтып берүүгө көп убакыт талап кылынат. “Аккан сууну” Жеңижок жети күн ырдаса, Канторо агабыздын эмгегин жети саат  айтып турса да аздык кылат. Баарын айтып отурбай, айрымдарына гана токтолуп кетейин. Биринчиден “Эл аралык руханият” сыйлыгынын лауреаты, сиздер билгендей эле бул сыйлыкка Назарбаев сыяктуу адамдар гана татыктуу болушту эле. “Улуттун интеллекти” аттуу сыйлык дагы элдин интеллектуалдуу аймагынын өкүлү, элдин сыймыгы экенин далилдеп турат. Экинчиден «Макроэкономика», «Экономика тарыхы», «Жалпы экономикалык теория» деп аталган үч окуу китептеринин автору болгону чындап эле улуттун интеллекти болгонунан кабар берип турат. Мен билгенден КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ушул жылдары макроэкономика боюнча эки гана окуу китеби жазылды. Биринчиси, Москва мамлекеттик университетинен бүткөн китеби болсо, экинчиси Кантөрө агабыздын жазган китеби. Жалпылап айтып келгенде ал өзү түптөгөн окуу жайына ысымын берүү эң туура кадам деп эсептейм. Ошону менен бирге адам катары К.Шарипович менен сүйлөшүп олтурганда айттым эле, “Биз деле Манасты көз карандысыз мамлекет болгондон кийин окуй баштадык. Ал дагы биздей эле киши болсо керек. 6 миллион калктын арасынан кандай кишиге түспөлдөш болду экен деп көптөн бери издеп жүрдүм эле. Сизди көрүп, толук өзүңүздүн  турган турпатыңыз, айкөл мүнөзүңүз менен элестетип, эгерде экономист болбогонуңузда сизди Манастын образын жараткан чоң бир инсан катары көрөт элем”- деп айтып жүрчү элем.

Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, ЖКнын депутаты: “АЙКӨЛ АДАМЫБЫЗДЫН АТЫН КОЙГОНУҢУЗДАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ”

-Туугандардын, анын үй-бүлөсүнүн атынан ушул  Жалал-Абад Эл аралык университеттин атын биздин Кудай берген чоң бактыбыз болгон, бардык жактан алп, айкөл адамыбыз Кантөрө Токтомаматовдун атын койгондугу, ушундай чечим чыгаргандыгы үчүн аны урматтаган жамаатына, коллективине, шакирттерине, кооперативдер союзуна ыраазычылык билдиребиз.

Илимий практикалык конференцияга алыс жакындан келген коноктор тарабынан Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун өрнөктүү, байсалдуу жолдору тууралуу сөздөр айтылып,  экономиканы өнүктүрүүдө жана эл чарбасын башкарууда жаңы келечектүү багыттын жоболорун негиздеген илимпоз катары таанылгандыгы баса белгиленип, учурда Абдилбает Мамасыдыков жетектеп жаткан окуу жай келечекте белгилүү Oxford, Harvard, Cambridge университеттерден болуусуна тилектер айтылып, белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Билим жана илим жаатында үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн аталган окуу жайдын ректору А.Мамасыдыков, тарбия иштери боюнча проректору А.Жолдошбаев, окуу маалымат департаментинин директору Т. Омошев Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. 

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак” 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17