Аймак

ЭНЕ СЫЙЛАГАН, ЭЛГЕ ЖАГАТ

ЭНЕ СЫЙЛАГАН, ЭЛГЕ ЖАГАТ

 15,883 Бардыгы /

Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле энелерге өзгөчө кадр-барк менен мамиле жасап сыйлап, урматтап келген улуу журт. Туура, үй-бүлөнүн түркүгү-энелер. Эне бар, жашоо жарык. 2012-жылдан тарта Президенттин жарлыгы менен өлкөбүздө Энелер күнү май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип жатат. Бул ирет энелер күнү 20-майга туш келүүдө. Эне сыйлаган элине жагат демекчи …

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

“АПАМ БИЗГЕ МЭЭРИМДҮҮ ЭНЕ, ЖАКЫН КЕҢЕШЧИ”

-Менин ардактуу апамдын аты-жөнү – Сатыбалдиева Бактыкан. Ал 1954-жылы 10-январда Ноокен районунун Шыдыр айыл аймагында туулган. 4 уул, 1 кызга мээрим төгүп, тарбиялап чоңойтту. Учурда 64 жашта. Апамдын өзгөчө сапаттары ак көңүл, жайдары мүнөз,  меймандос анан да аябай берешен. Сөзгө маани берип, бардык ишти кылдаттык менен жасаган кыраакы аял. “Жандооч кийик аттырат” демекчи, атама мыкты ѳмүрлүк жар, бизге мээримдүү эне, эң жакын кеңешчи боло алды. Апамдын жасаган тамактары да өзгөчө даамдуу, апамдын колу тийген тамак-аштын баарын тамшануу менен жейм.

Апам жаман айтпай, адал эмгек менен акыйкат жуурулушкан, таза ыйманы менен балдарынын, неберелеринин тарбиясына өзүнүн таасирин тийгизип келе жатат. Анткени апама качан барбайын, каерде болбоюн “Балам, ак мээнет менен адал оокат кылгын, мамлекеттин акчасына кызыкпа. Элдин адамысың, элдик бол, колуңдан келген маалда муктаж адамдарга дайыма жардам бер. Жумушуңда болобу, турмушта болобу кичипейил, сылык бол. Ар бир адамдын дос-душманы болот. Досуңду эч качан сатпа, душманыңа эч качан өчөшпө. Кандай кыйынчылык, кандай кырдаал болбосун, Кудайдын таразасына кой”- деп акыл-насаатын айтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келе жатат.

Учурдан пайдаланып, мени ушул даражага жеткирген асылым апама, дегеле ааламдагы бардык апаларга таазим кылуу менен, аларды энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бардык энелерге бекем ден соолук, берекелүү жана мазмундуу өмүр каалайм. Коломтоңуздардан от өчпөй, туткаңыздар бекем болсун. Түндүгүңүздөр түрүлүп, түйшүктүү эмгектин акыбети кайтып, дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин! Үйдүн куту, дүйнөнүн түркүгү болуп жүрө бериңиздер!

Турдалы ТЕМИРБАЕВ, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:

“АПАМ ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ТУШ КАТАРЫ ТАМАШАЛАШАБЫЗ”

-Убакыттан пайдаланып биздин ыйык энелерибиздин келе жаткан майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Албетте бизде жакшы сөз да бар “Бейиш эненин таманында” деген. Биз канча жашка чыкпайлы, эне үчүн дагы деле балабыз. Мен өзүмдүн  апам тууралуу айтып кетсем, бүгүнкү күндө кенже баласы менен Бишкек шаарында турат. 1946-жылы туулган, азыркы учурда 72 жашка толду. Апам мурун өнөр жай тармагында иштеген. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, 2 уул, 5 кыз. Бүгүнкү күндө 21 небереси бар. Апамдын сапаттары тууралуу айтсам, биздин баарыбызга адилеттүү мамиле жасайт. Дагы бир мүнөзү айткан сөзүн сөзсүз аткарат. Аябай намыскөй аял. Үйгө конок келет десе, ушундай жоопкерчилик менен тосуп алат. Ар бир ишке кылдаттык менен мамиле жасайт. Убакытты баалаган инсан, айткан саатында, айткан жерине келгенге аракет кылат. Апамдын ушул сапаттарын баарыбыз алганбыз. Атам да ушундай киши болчу. Апабызды баарыбыз жакшы көрөбүз. Анан ай сайын өзүбүздүн (бир туугандардын) 2 миң сомдон топтоочу фондубуз бар. Ал 14 миңди ар айда апабызга берип турабыз. Биз апам экөөбүз аябай жакынбыз, сырдашабыз, тең туш катары тамашалашабыз. Апам менен кызык окуялардын бири Алматыга жумуш сапары менен баратып, мен документтерди апам алды деп ойлосом, көрсө апам да ал документтерди мени алды деп ойлогон экен. Ошентип документ менен акчабызды үйгө калтырып, өзүбүз келе берген кызыктуу окуя болгон. Автобуска келип, апам кайра күлүп, кайра урушуп посттон кайра кайтып келүүгө туура келгенбиз.

Бактыбек СУЛТАНКАНОВ, Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу:

“АПАМДЫН АЙТКАН СӨЗДӨРҮ ДАЙЫМА ЭСИБИЗДЕ”

-Апам Какима Орунтаева Баатыр эне болчу. Бул дүйнө менен кош айтышканына бир топ жыл болуп калды. Апам 5 бала, 5 кызды атам менен биргеликте тарбиялап өстүрүштү. Баарыбызды жогорку билимдүү кылып окутту. Апамдын айтып бүткүс көп жакшы сапаттары болгон. Апам абдан мээримдүү, боорукер жана сулуу аял болчу. Бизди тарбиялоодо эне мээримин берүүдөгү санат сөздөрү, айткан кеп кеңештери дайыма эсибизде. Ошол ата-энебиз берген тарбиянын негизинде бүгүнкү күндө эл уулу болуп, журтубузга кызмат кылуудабыз. Инсандын кандай экендиги энеге болгон мамилесинен билинет эмеспи. Эне баласы үчүн баарына даяр, баланын бүт жамандык-жакшылыгы эненин жүрөгү аркылуу өтөт. Сен ооруп калсаң, энең сенден көбүрөөк ооруйт. Ошону үчүн хадисте да айтылат: “Бейиш-эненин таман астында”- деп. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, келе жаткан энелерибиздин майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ар дайым бар болуңуздар.

Уланбек ИБРАИМ уулу, областтык прокурордун милдетин аткаруучу: 

“БААРЫБЫЗГА КҮН СЫМАЛ МЭЭРИМИН ТӨГҮП ТУРАТ”

Мени бул жарык дүйнөгө алып келген жароокер апакемдин аты – Кыздаркан. Биз үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз. 2 уул, 5 кыздын мээримдүү энеси. Атам менен биргеликте баарыбызды жогорку билимдүү кылып окутту. Эне баласы үчүн бул дүйнөдө эң жакын адамы болот экен. Хадисте да айтылган го:

– Биринчи жакын адамыңыз ким?

– Эне.

– Экинчи жакын адамыңызчы?

– Эне.

– Үчүнчү жакын адамыңызчы?

– Дагы эне.

Биз канчалык эне сүтүн актадык, кадырына жеттик дегенибиз менен өмүр өткүчө эненин алдында карыз бойдон калабыз. Эне бардык баласын бирдей жакшы көрөт экен. Биз жети бир тууган болсок, жетөөбүздүн ар башка мүнөздөрүбүз бар. Бирок апабыз ар бирибиздин көңүлүбүздү таап, күн сымал мээримин төгүп турат.

 

Бакыт ЖАЙЛООБАЕВ, Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысы:

«БИЗДИ ЧЫНЧЫЛ БОЛУУГА ТАРБИЯЛАДЫ»

-Менин апамдын аты-жөнү – Акгүл Исраилова. Азыркы кезде 62 жашта. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Апакемдин бүгүнкү күндө 21 небереси бар. Апам мугалим болуп иштейт, тарыхтан сабак берет. Эл агартуунун отличниги, кадырлуу мугалим, бардык жерде сыйы бар барктуу инсан. Апам бизге өз тарбиясын берип, ак мээнети менен чоңойтту. Атам  20 жашымда өтүп кеткен. Ошондон бери апам бизди чынчыл болууга, туура сүйлөөгө, жалган айтпоого тарбиялады. Анткени өзүндө да ушул баалуу сапаттар бар. Мисал келтирсем, кичине кезибизде карындашым базардан сумка таап алган экен. Ал сумкада ошол адамдын бүт документтери, акчасы, керектүү буюмдары бар экен . Аны апама алып келген. Апам документтеги аты-жөнү жазылган  адамды таап, сумкасын алып барып берген. Алар да кубанып, ыраазычылыгын билдирген. Бул окуянын мага таасири чоң. Бирөөнүн акысын жебөөгө, чынчыл, ак ниет болууга үлгү алып келем. Албетте бизге мээрим берип, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай чоңойткон энебиздин ак сүтүн канча кызмат кылсак да актай албайбыз. Ошондой болсо да, бүт жакшылыкты колумдан келишинче энеме арнайм!

 

Рустамбек ТУРГУНОВ, Жалал-Абад шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы:

-Апам Сати Ыйманкулова азыркы учурда 86 жашта. Үйүбүздүн көркү болуп отурат. Мектепте 40 жыл мугалим болуп иштеди. Мени 1-класстан 3-класска чейин өзү окуткан. Мугалим болгондон кийин билим алууга өзгөчө көңүл бурат экен. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Баарыбызга мыкты тарбия берип, билим алууга көп шарт түзүп берди. Мугалим болгондугу үчүнбү “Улууну урматтагыла, кичүүнү ызаттагыла, жакшы окугула, билимдүү болсоңор келечегиңер жарык болот” -деп баса белгилеп айтчу.

Мен кичинемде эрке бала болчум. Апам – үйдө апа, мектепте эжеке да эле. 1-классымда апам сабакка киргенде мени катуурак урушканда таарынып, “мен окубайм, өзүң окуй бер” деп көп эле жолу кетип калчу элем. Апам болсо “кой антпе, билим алып, жакшы окушуң керек. Мектептен кетип калсаң уят болот”- деп айткандарын көп эстейм.

Убакыттан пайдаланып, жалпы энелерибиздин келе жаткан майрамы менен куттуктайм!

 

Эне, сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат.

Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,

Бардык мактоо сага гана жарашат.

Кымбаттуу энелер! Сиздердин келе жаткан улук майрам – Энелер күнү менен “Аймак” коомдук-саясий гезитинин эмгек жамааты куттуктайт!

Ааламдын көркү болгон энелер, жашоонун жарыгы, үйдүн куту болуу менен өз эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, “эне” деген статусту бийик кармап жүрө бериңиздер. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз!

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17