Аймак

Базарбү МУРЗАБЕКОВА: “ЫСЫМЫ МЕКТЕПКЕ ЫЙГАРЫЛСА….”

Базарбү МУРЗАБЕКОВА: “ЫСЫМЫ МЕКТЕПКЕ ЫЙГАРЫЛСА….”

 2,923 Бардыгы /

Кезинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп, 2010-жылы июнь окуясында каза болгон, көзү тирүүсүндө көптөгөн кайрымдуулук иштерин кылган Эрмек Мурзабековдун ысымы өзү окуган мектепке ыйгарылса деген ниети бар апасы Базарбү Мурзабекова каргашалуу коогалаңдын 8 жылдыгынан алдынан баласы тууралуу эскерди.

ЭРМЕК МУРЗАБЕКОВ КИМ ЭЛЕ

Мурзабеков Эрмек Маматович 1976-жылы 31-июлда, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1993-жылы Сузак районундагы Ю. А Гагарин атындагы орто мектебин аяктагандан соң, эмгек жолун “Октябрь” жүзүмчүлүк комбинатында катардагы жумушчу болуп баштаган. 1998-2000-жылдары Москва шаарында бизнес тармагында эмгектенет. 2000-2006-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бутүргөн. Билими – жогорку, кесиби – юрист. Эрмек Мурзабековдун артында эки уулу калды.

 

2006-жылы жоопкерчилиги чектелген “Э. А. ГРОЗА” күзөт агенттигин ачып, анын жетекчиси болгон. Ошондой эле, “Эне сүтү 1” кайрымдуулук фондусунун президенттик кызматын да аркалап келген. Спорттун көп түрлөрү менен машыккан. Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын мүчөсү болгон. 2006-жылы Жалал-Абад шаарына Юг-Сити базарын куруп, шаар тургундары үчүн 1500 жумушчу орундарын түзгөн. Эрмек Мурзабеков саламаттыкты сактоо, спорт маданият тармагына, чыгармачыл инсандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, кары-картаңдарга көрсөткөн колдоосун атайын белгилеп өтсөк болот. Айталы 2008-жылы тээ союз мезгилинен бери каралбай калган Жалал-Абад областык ооруканасынын 3-кабаттан орун алган хирургия бөлүмүнүн “операциялык блогун” толук оңдоо-тузөдөн өткөрүп, жаңы медициналык жабдуулар менен жабдып 513 655,00 сом акча каражатын жумшаган. 2007-2008-жылдары карылар үйүнө, балдар интернатына, майыптарга, оорулууларга, жарды жашагандарга, жетим жесирлерге беш жүз миң сом накталай жана материалдык жардам көрсөткөн. Ошентип эл элегинен өткөн Эрмекти эли да “Эл үчүн эринбей эмгек кыла турган жигит азамат экен” дешип 2008-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат кылып шайлашат. Эл ишенимин актамакка Эрмек да өз платформасында так жана даана көрсөтүлгөндөй “Элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылууга даярмын” деген ураанды туу тутуп эмгектенди.

КООГАЛАҢДАГЫ КАРГАШАЛУУ ТҮН

Мындан 8 жыл мурда Июн коогалаңында Ош шаарындагы жабыр тарткандарга алгачкылардан болуп гуманитардык жардам алып барып, Народный дүкөнүндө барымтада калышкан ар улуттан турган 9 адамды куткарам деп ок жаңылып, шейит болуп кеткен. Апасынын эскерүүсүндө кыйчалыш кезеңде шашылыш эле түнкү саат 4:00до жолго чыгып кеткен экен. Мекендештери үчүн шейит кеткен элдин уулу, эр азаматтын ошол кезде сөөгүн алып келүү да оңойго турбаган. Аз жашаса да саз жашаган, өзүнүн кыска өмүрүндө көптөгөн иштерди аткарууга жетишти десек болот. Эли үчүн эмгектенип өткөн элдин уулу эр азаматты эми эли эмгеги менен гана эскерип отурат.

ЭЛДИН ЭСИНЕН ЧЫКПАСА…..

Убагында  «Баткен коогалаңы» уюмунун төрагасы Рустамбек Амиракулов  Эрмек Мурзабековду «Эрдик» медалына татыктуу деп эсептеп, төмөнкүдөй эскерип өткөн. “Ал 2010-жылдын 19-майында Жалал-Абад шаарынын  «Телтору» ат майданында  К.Батыровго нааразы болгондор анын университетине келе жатып  улут аралык жаңжал чыгып кете турганда  Эрмек  жаатташкандарды токтотуп, «Биз өзбектерге нааразы эмеспиз, биз  Кадыржан Баатыровго нааразыбыз»  деп  тынчтандырган. Кийин Ошто коогалаң башталганда алгачкылардан болуп  гуманитардык жардам алып барган жана коопсуздук туулган Бишкектен келген жарандарды куткарам деп октон каза болгон. Эрмек кыргыздын патриоту, мекенчил жана лидер болчу” -дейт  Р.Амиракулов.

Эрмек Мурзабековго “Эрдик” медалын ыйгарууда апасы Базарбү Мурзабекова Бишкекке ак үйгө барып кайрылууга туура келген. Ошентип аткарган ак иштери үчүн “Эрдик” медал жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

АЛИГЕЧЕ АТЫ АЙТЫЛЫП КЕЛЕТ

“Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, жакшы деген бир ат бар кууса кеткис” деп эл макалында айтылгандай Эрмек Мурзабековдун ысымы алигече унутулбай, айтылып келет. Өзү окуган Ю.А Гагарин атындагы орто мектебинде жыл сайын эң алдыңкы жакшы окуган 10 окуучуга Эрмек Мурзабеков атындагы стипендия жана ардак грамота тапшырылып келет. Бул мектепте салт болуп калган, окуучулар дагы Э.Мурзабеков сыйлыгына жетишүү үчүн талыкпай жакшы бааларга окууга аракет кылып жатышат. Анын катарында айылындагы бир көчөгө ысымы ыйгарылган. Эми өзү окуган жана балдарды стипендия менен дагы да жакшы окуусуна салым кошуп келаткан мектебине ысымы ыйгарылса деген аруу ниети бар экендигин билдирет апасы Базарбү Мурзабекова.

Эгерде бүгүн Эрмек тирүү болгондо не, элибиздин жеңилин жерден, оорун колдон алып, замандын оңолушуна мыкты көмөк көрсөтүүчү болмок деп, өзүбүзчө бүтүм чыгарып келебиз.

Мунун башкы себеби, калайман калктын жүгүн аркалап, күн тынымын албай, түн уйкусун бузуп, атуулдук парзын парасат кармап, таза абийири, ыйман-ызааты менен өзүнөн кийинки муундарга үлгү болуп , коомго, элге, Ата-Журтка ак кызмат өтөөнүн өрнөктүү үлгүсүн көрсөткөн мындай инсанды кандай гана учурда болбосун эскербей коюуга мүмкүн эмес экендигинде.

Андай адамдар дүйнөгө сейрек жаралып, эрте өтүп кетет тура. Кыргызда жүргөн-турганы, кылган кызматы менен өрнөк болгон, элим, жерим деп жүрөгү күйүп, бараандуу кызмат өтөгөндөрдү «чыгаан» деп аташат эмеспи. Мына ушул биз жашап жаткан мезгилдин, доордун чыгаандарынын бири эле – Эрмек.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17