Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,817 Бардыгы / Ош аймагында санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал такай көзөмөлдө. Ошондуктан, өтө жугуштуу оорулар, үргүлжүм уулануу аймактарда жана коомдук тамактануу жайларында дээрлик жокко эсе. Бирок, тармак кадр тартыштыгынан дагыле кур эмес. Бул жөнүндө Оштогу санитардык-эпидэмиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Светлана ШЕРМАТОВА кабарчыбызга курган маегинде ырастады. –Светлана айым, ушул тапта санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал аймакта кантти экен? –Ош шаарында […]
2,818 Бардыгы / Ош аймагында санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал такай көзөмөлдө. Ошондуктан, өтө жугуштуу оорулар, үргүлжүм уулануу аймактарда жана коомдук тамактануу жайларында дээрлик жокко эсе. Бирок, тармак кадр тартыштыгынан дагыле кур эмес. Бул жөнүндө Оштогу санитардык-эпидэмиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Светлана ШЕРМАТОВА кабарчыбызга курган маегинде ырастады. –Светлана айым, ушул тапта санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал аймакта кантти экен? –Ош шаарында […]
Светлана ШЕРМАТОВА: “САНЭПИД КӨЗӨМӨЛ ТАРМАГЫНА ТЫҢ КАДРЛАР ДАЯРДАЛБАЙ ЖАТАТ”
05.06.2018 / Автор aymak

2,819 Бардыгы /
Ош аймагында санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал такай көзөмөлдө. Ошондуктан, өтө жугуштуу оорулар, үргүлжүм уулануу аймактарда жана коомдук тамактануу жайларында дээрлик жокко эсе. Бирок, тармак кадр тартыштыгынан дагыле кур эмес. Бул жөнүндө Оштогу санитардык-эпидэмиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Светлана ШЕРМАТОВА кабарчыбызга курган маегинде ырастады.
–Светлана айым, ушул тапта санитардык-эпидэмиологиялык кырдаал аймакта кантти экен?
–Ош шаарында кор дарты кыйла эле жанданды. Ылгап сегиз адамды текшергенибизде, булардын алтоо (төртөө – балдар, экөө – энелер) кор дартына чалдыккандыгы тастыкталды. Буга эң эле башкы себеп: булар дагыле динге ашкере ишенип, эмделбегендер экен. Вакцинага чочконун эти кошулган деп чоочулагандар дагы дал ушулар. Ошол себептүү ушул тапта калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын абдан эле күчөттүк.
-Соңку мезгилде Ош жергесинде коомдук тамактануу жайлары ыраса эле көбөйүп кетпедиби. Демек, буларды кыдырата текшергенге үлгүрбөй деле жатсаңыздар керек?
-Экономика министрлиги ыксыз текшерүүлөргө бөгөт коюп таштабадыбы. Ошол себептүү алардын уруксаты менен гана бир жылына бир гана жолу буларды көзөмөлдөйбүз. Алар белендеген тамак-аштан олуттуу доомат табылса гана, дароо жабылат. Анан бул жайларда иштегендер медициналык кароодон өтпөсө дагы ушинтебиз. Болгону ушул.
-Чоң аймакты тейлейсиздер. Мунун үчүн адистер деле жетиштүү эледир?
-Кадрлар ушул тапта жетиштүү эле. Тилекке каршы, жаш адистер бизге таптакыр жолобой жатышат. Маселен, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунда пенсия курагындагы кызматкерлерибиз дагыле иштеп жатышат. Башка айлабыз жок! Аймактарга жаштар барбай калышты го…
-Жаш адистердин босогоңуздарды аттабай жатышынын жүйөөлүү себеби эмнеде?
-Биринчиден, бюджеттик мекемелердин тагдыры бүтүндөй эле окшош. Жашырып не, маянабыз абдан төмөн. Экинчиден, бүтүрүүчүлөр бүт жеңил оокат издешип, жалаң гана чет өлкөлөргө тынбай агылып жатышат. Мунун азабын кийинчерээк куп эле тартабыз. Үчүнчүдөн, мамлекеттик бюджеттин эсебинен ЖОЖдордун бюджеттик тайпаларын бүтүргөндөр бар. Ошолорго демөөр байлатып, элетте толук кандуу иштешине заманбап шарт дагы жаратпай жатабыз.
-Кантип? Дегеле мындай көйгөйдөн жакын арада арылуунун жолу бардыр?
-Албетте, райондордогу беш миң сом айлыкка жаш кадрлар дегеле айылдарга басып барышпайт жана буга таптакыр чыдашпайт дагы. Ошондуктан, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун демилгесин бүтүндөй коомчулук жапырт жана ар тараптуу колдоп, аймактарды чукул арада өнүктүрсөк гана, бул баш оорутмадан толук бойдон кутулабыз. Мисалы, бюджеттик тайпаларды бүтүрүшкөн кадрларды мамлекет милдеттүү түрдө эки-үч жылга айыл-кыштактарга токтоосуз түрдө жөнөтүп, буга улай жергиликтүү бийликтер ал жаштарыбызга ар тараптуу шарт жаратып, үй-жай менен камсыздап, коммуналдык төлөмдөрдөн сөзсүз бошоткону оң. Ошондо гана жаштар өздөрү эле элетке ыктап, тартылат. Менимче, мындан башка жол жок!
-Светлана айым, Сиздин баамыңызда, дегеле санитардык-эпидэмиологиялык көзөмөл тармагынын болочогу барбы? Болсо, аны эмнеден көрөсүз?
-Танып не. Соңку жылдарда жогорку жана орто окуу жайларында тың, ошондой эле кесипкөй адистер – санитар-эпидэмиологдор дээрлик даярдалбай калды. ЖОЖдорду аякташкан жаш адистер элетке дегеле басып барышпайт. Барышса дагы 5000 сом айлыкка таптакыр чыдашпайт! Айла куруганда сыртка жолун таап чыгып кетишет.
Анан дагы бир жүрөк өйүткөн жана ооруткан маселе: биз мыйзамдуу эрежеге ылайык текшере турган жайларга милдеттүү түрдө он күн мурда эскертүү катын жөнөтөбүз. Кечиресиз, бул аралыкта биз текшере турган жайлар баарын жууп-тазалап, оңдоп-түзөп, убактылуу нукка салып коюшат. Анан барып эч кандай кемчилик таппай каласың. Менимче, Кыргыз Өкмөтү он күн абалы милдеттүү түрдө эскертип текшерүүнү жойгону оң! Бул дегеле натыйжа бербегендигин турмуш деле тастыктабадыбы…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.