Аймак

Гүлшайыр ӨМҮРЗАКОВА: “ОШ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИН БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОҢОЙ ТАБЫЛАТ”

Гүлшайыр ӨМҮРЗАКОВА: “ОШ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИН БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОҢОЙ ТАБЫЛАТ”

 3,128 Бардыгы /

 

Башка окуу жайларына караганда Ош медициналык колледжине тапшыргандардын саны күн сайын улам арбып баратат. Мунун негизги сыры эмнеде? Чоо-жайын аталган окуу жайдын быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Гүлшайыр ӨМҮРЗАКОВАдан сураштырдык.

-Гүлшайыр айым, Сиздер быйылкы кабыл алуунун жүрүшүндө көбүнчө эмнеге басым жасап жатасыздар?

-Ош медициналык коллежинде бул жылы пилоттук система катуу ишке киришти. Ошондуктан, окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы окуу жайына тапшыргандардын документтерин гана кабыл алып жатабыз. А сынактарды ушул эле жерде республикалык тестирлөө борбору өзү жүргүзөт. Биз алардын ишине кийлигишмек түгүл, сынак маалында бирибизди дагы ымтыканга таптакыр жолотушпайт! Анан анын жыйынтыгын дагы өздөрү гана жарыялашат. Демек, мындайда тааныш-билишчилик, жардамдашуу, жемкорлук жөнүндө кеп кылууга дегеле шылтоо жок!

-Айтмакчы, Ош медициналык колледжине өткөндөрдүн баары эле эки жыл он ай окушабы?

Лабораториялык дартты аныктоо, медайым, акушер, фармация, тиш ооруларынын алдын алуу бөлүмүнө тапшыргандардын баары тең эки жыл он ай толук түрдө окушат. Болгону дарылоо бөлүмүндөгүлөр гана үч жыл алты ай билим алышат. Анткени, буларда практикалык сабактар арбын. Анан жетиштүү тажрыйба топтоо үчүн дагы өзүнчө убакыт талап кылынат.

Ушул тапта жыл сайын канчадан студентти кабыл алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар?

-Өзү жыл сайын 400 гана студент Ош медициналык коллежине окууга кабыл алынат. Быйыл жаңы адистикти кошкондо 475 улан-кызды кабыл алуу ниетибиз бар. Бирок, бул сандык көрсөткүчтү министрлик али беките элек. Менимче, биз сураган 475 орун акыры берилет го…

-Азыркындай чалкеш заманда бүтүрүүчүлөрдүн барын тең жумуш менен камсыз этүү жагы кантти экен?

-Бизде окугандардын дээрлик алтымыш пайызы бир эле мезгилде республикабыздын булуң-бурчтарындагы ар кайсыл ооруканаларда эмгектенишет. Демек, бул өңүттө аларда дегеле көйгөй жок! А калгандары алыскы район-шаарларга барышып, оңой эле жумуш таап, анан камчы салдырбастан иштеп жатышат. Анткени, Кыргызстандагы көпчүлүк ооруканаларыбыз дагыле орто билимдүү медициналык адистерге өтө эле муктаж!

-Гүлшайыр айым, ошентсе дагы, дасыккан окутуучуларга, анан заманбап техникалык каражаттарга дагыле муктажсыздар да?

-Жо-жок! Окутуучуларыбыз дээрлик жетиштүү. Бизде эмгектенишкендердин баарынын тең билимдери жогору, тажрыйбалары дагы кудайга шүгүр. А түгүл илимий даражасы барлардан дагы кур эмеспиз. Мындай иштерман мугалимдерибиз өздөрү күн сайын билимдерин жана тажрыйбаларын өркүндөтүп турушат.

Ал эми татыктуу жана заманбап билим алуу үчүн Ош медициналык коллежинде эң мыкты шарттар жаратылган. Лекция өтүлүүчү аудиториялар, практикага ылайыкташып жабдылган бөлмөлөр, лабораториялык кааналар өз-өзүнчө жайланышкан. Компьютердик класс, музей, интернет түйүнү дагы дайыма окутуучулардын жана студенттердин такай кызматында.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17