Аймак

КЫЗ АЛА КАЧУУ САЛТПЫ ЖЕ КЫЛМЫШПЫ?

КЫЗ АЛА КАЧУУ САЛТПЫ ЖЕ КЫЛМЫШПЫ?

 13,083 Бардыгы /

Бул чындыгында орчундуу маселе. Коомчулуктун бир тарабы ала качуу салт десе, экинчи тарабы кылмыш деп бѳлүнүп, кайчылаш пикирлер жаралууда. Учурдун көңул чордонуна айланган бул маселе өткөн айда жүз берген ала качуунун кесепетинен каза болгон жаш кыздын өлүмү себеп болду. Бул окуяга байланыштуу ала качуунун алдын алуу же ага карата көз караштарын билдирип, жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өтүп келүүдө. Деген менен ар бир адам ѳз деңгээлине жараша сүйлѳп, деңгээлине жараша ой жүгүртүп иш кылары анык. Ала качкан жигитке карата 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча да демилге көтөрүлдү. Мыйзам менен чектей алабызбы? Ала качууну салт жана кылмыш катары көргөндөрдөн эмне үчүн салт жана эмне үчүн кылмыш катары көрөрүн коомчулуктан сурап көрдүк.

Ибрагим БАЛТАБАЕВ, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну:

Сүйлөшпөй, сүйүшпөй ала качуу – албетте кылмыш. Кыздын макулдугусуз үйлөнүү туура эмес. Негизи эле бир кыздын жүрөгүн өзүнө багынта албаган жигит да жигитпи? Ала качуу – бул салт эмес. Исламда качан гана эки тарап макул болсо анан нике кыйылат. Адамгерчиликте деле ошол. Таш түшкөн жеринде оор дегенди жапайычылык катары көрөм.

Ал эми демилгеленип жаткан мыйзам боюнча айтсам, дароо эле ишке ашып кетүүсү кыйын. Баарыбызга белгилүү болгондой эле бизде мыйзамдар бей бечараларга эле иштейт эмеспи. Бирок акырындап жолго түшүп кетерине ишенем.

Айыл аксакалдары, третейский суд дегендерди ишке салуусу керек менимче. Кыз ала качуунун туура эместиги тууралуу роликтер тартылып тынымсыз ММКдан таратылып туруусу керек. Жигиттерибиздин патриоттуулугу менен намысын ойготконго жетише алсак, ала качуу өзүнөн-өзү токтойт.

Салт эмес! Каерде салт экен? Кайсыл чыгармабызда бар ала качуу? Олжо катары алып келгендерди айтпадым. Улуу сөздө уят жок дейт. Кыз сүйдүрө албагандар, кызга сөзү өтпөгөндөр гана ала качышат. Бул кечээ совет мезгилинин орто ченинде эле чыккан жапайы каада.

 

Гүлжамал РЫСКУЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, доцент: “БАЛАНЫ ЖАШТАЙЫНАН ТАРБИЯЛАСА, АЛА КАЧУУ АГА ЖАТ КӨРҮНҮШКӨ АЙЛАНАТ”

-Кыз ала качуу салт эмес. Көп жылдар бою алып качуу жүрө бергендиктен аны токтотууга мыйзам иштеген эмес. Ала качып келе берсе эле “таш түшкѳн жеринде оор” дешип, кыргызчылык кылып кызды алып калышып, муну кийин салт деп түшүнүп алышкан. А бирок биздин ата-бабаларыбыздын баскан жолун карасаң, андай салтта жок. Кадимкидей эле сөйкө салып, бел куда, бешик куда, кайчы куда деген түлөрү менен кудалашып эле үйлөнүшкөн.

Ала качуунун алдын алууда мыйзамды эле иштетип коюшса, мындай көрүнүштөр токтойт. Мына акыркы жылдары ала качуу фактылары катталган учурда кыз кайрылса анын укугу жогору болот деп бейөкмөттүк уюмдар тарабынан түшүндүрүү иштери жургөн. Мунун натыйжасында көп эле балдар ала качуудан тыйылышкан. Ушул нерсени улантып кете берсе, жакшы натыйжа берет деп ишенем. Муну үчүн коомчулуктун бардык катмары, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, орто жана жогорку окуу жайлардын баары иштеши керек. Бала да жаштайынан ала качкан туура эместигин, мыйзамга дагы, адамгерчилик сапатка дагы туура келбешин түшүнүүсү абзел. Ар тараптан коомчулук баланы жаштайынан тарбиялап айта берсе, ала качуу жат көрүнүшкө эле айланып калат.

Көпчүлүк учурда кайсы бир кызды жакшы көрүп калып, бирок ал кызга жетпешин билип, күч менен алып качып анан ата-энесин, туугандарын ортого түшүрүп алып калган бул адамгериликке жатпайт. Жашоо үчүн күрөш деген бар го, эгер кыз чындап жакса, бала ошол кыздын тилин тапканга аракет кылышы керек. Ала качуу-бул салт эмес, муну жапайычылык деп айтууга болот. Алып качып келинген кызга баланын жеңелери, жашы улуу эле эжелер “биз деле ушинтип келгенбиз” дей берсе анан кийинки муундар муну ии бул салт турбайбы, ала качсак болот экен да деп түшүнүп жатышат. Жок, андай эмес, биздин ата-бабаларыбыз алып качкан эмес, мындай жапайычылык менен үй-бүлө курган эмес. Мындан үй-бүлөдөн кийин коомго кандай бала келери күмөн. “Мен деле ушинтип келгем” деген энелер ошол жаңы келгенде эмне жыргап келген беле, ыйлап келген да. Өзүнүн ошол кезиндеги абалына ал кызды да коюп, мындай иштин алдын алып, кудалашып эле үйлөнтүргөнү дурус.

 

Абдыманап ДЫЙКАНОВ, Жийде айылынын тургуну: “МЫЙЗАМ КҮЧҮНӨ КИРСЕ, КАРАПАЙЫМ ЭЛДИН БАЛДАРЫ ЭЛЕ ЖАЗАГА ТАРТЫЛАТ”

-Ала качуу эки тараптын макулдугу менен же турмуш шартка байланыштуу болсо жарайт. Бирөөгө кастык кылуу же башка максатта алып качса, анда мыйзам чегинде чара колдонулушу керек. Ал эми  кечээки окуяда милициялардын 100% айыбы бар. Ала качкан адамды 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча демилгеленип жаткан мыйзам эгер күчүнѳ кирсе, баягы эле карапайым элдин балдары жазага тартылары анык. Андан кѳрѳ кафе-ресторандардын, той чыгымдардын кѳлѳмүн мыйзам менен чектеп, азайтса жакшы болмок. Анткени бул дагы кайсыл бир деңгээлде эки тарапка кедергисин тийгизүүдѳ.

Ала качуу негизинен сүйлѳшкѳн кызы жок же той өткөргөнү каражаты аз жупуну үй-бүлөнүн балдары тарабынан уюштурулганы талашсыз.

 

Айгерим ДҮЙШӨ кызы, шаар тургуну: “…ЖЕҢЕЛЕРДИ, ЭЖЕЛЕРДИ ДА КЫЛМЫШ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫШ КЕРЕК”

Чындыгында кыздар табиятынан тырышчаак жаралып, алдыга максат коюп, бир чоң иш жасоону максат кылышат. Бирок бойго жеткен кыздарды чала сабат, жумушсуз жүргөн балдар (билимдүүлөр мындай ишке барышпайт) үйлөнүү максатында алып качып олтурганына Бурулайдын тагдыры күбө болуп жатпайбы? Коомчулукта Бурулайга окшогон кыздар көп, алар ар бирибиздин жаныбызда жүрүшү мүмкүн… Алар ала качуунун кесепетинен тагдырлары талкаланып, элдин жүзүн кароодон уялып, психикалык жактан жабыр тартышат.

Мурда кийин көрбөгөн, тааныбаган бала алып качса, “эшик аттады”, “кемпир өлдү”, “таш түшкөн жеринде оор” ж.б., майда барат жырымдарды четке кагып, келе бергени оң. Миң адамдын бирөөсү, алып качып келип үйлөнүп бактылуу жашап жаткан болсо, ошолорду мисал келтирип жеңелер, чоң эле апалар жаалап, кызды куруу сөздөр менен алдашат.

Эгер ала качуу окуясы болуп, кызды калууга үндөгөн жана “кетсең бактысыз болуп каласың…” деп үн кошуп, адамдын акылын уурдаган жеңелерди, энелерди да кошо кылмыш жазасына тартыш керек.

Кээде ата-энелердин өздөрүндө да күнөө бар. Себеби, “жакшы жер экен, кала бер же жаш кыз эмессиң, өзүң билесиң да, өзүң чеч” деп ыңгайсыз абалда турган кызына түз жолду, туура багытты көрсөтө алышпайт.

 

Жаныбек Акматов, Сузак районунун тургуну: “АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ КЫЗ АЛА КАЧЫП ЭЛЕ БАКТЫЛУУ БОЛУП ЖАШАП КЕЛИШКЕН”

-Биз кыргыз эли илгертен бери өзүбүздүн салтыбызды сактап аны менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келүүдөбүз. Ата-бабаларыбыз кыз ала качып эле үй-бүлө куруп, бала чакалуу болуп, ынтымакта өмүр сүрүп келишкен. Менин да агаларым ала качып эле үйлөнүп, бактылуу эле жашап жатышат. Бүгүнкү күндө айтылып жаткан “кылмыш”, “жапайычылык” деген сөздөр бекер эле сөз. Элдин оозуна элек тосуп болбойт демекчи, эл ар нерсени айта берет. Эгер ала качуу кылмыш болсо, кыргыздын мырзалары абакта өмүр сүрмөк же өмүр бою жалгыз бой өтмөк деген ой келди. Өткөнкү каргашалуу ала качуу окуясында, биринчиден, каза болгон кыздын арты кайырлуу болсун, экинчиден ал кыздын өлүмүнө жигит күнөөлүү эмес деген жоопту берет элем. Баланы далдуу жерине тийип алган милициялар кызды өлтүргөнгө аргасыз болгон, албетте өзүнүн айыбын жабуу үчүн. Беш кол тең эмес, ошол бир кыз үчүн бардык балдар жооп бербейт. Ал кыздын бешенесине ошондой тагдыр жазылган, ал жерде ала качуу себеп болуп калган. Анан ошону кылмыш деп дүрбөлөнгө салганы туура эмес.

Биз бир гана кыргыздар эмес жалпы ислам динин кабыл алган мусулмандарды айтсак, кыз менен жигит бирин-бири көрүүгө мүмкүн эмес, шариятта бир эле жолу көрүшүүгө болот деп айтылган. Шарият менен жашаган элдер жок эмес көп, анда ал айымдардын жашоосу кандай болот. Кылмыш деп эсептеген адамдар той менен гана бактылуу болот деп ойлойт окшойт.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17