Аймак

ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ. КӨРСӨТКҮЧТӨР КАНДАЙ?

ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ. КӨРСӨТКҮЧТӨР КАНДАЙ?

 21,121 Бардыгы /

Кыргызстандын билим берүү системасындагы сынактар толугу менен тестилѳѳгѳ ѳтүп калды. Жалпы республикалык тестирлѳѳ (ЖРТ) аркылуу жогорку окуу жайларына студенттер кабыл алынат. Ар жыл сайын ѳтүп келе жаткан тестирлѳѳ быйыл да жер-жерлерде ѳз нугунда ѳтүп, жыйынтыгы чыгарылды. Белгилей кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад областында 9-классты 17574 окуучу бүтүрдү. Ал эми 11-классты 9696 окуучу бүтүрүп жатса, анын 5790у ЖРТга катышкан. Тестирлѳѳнүн район-шаарларда кѳрсѳткүчтѳрү  кандай болгонун тиешелүү адамдардан, ал эми тестирлѳѳдѳн ѳткѳн окуучулардын алдыдагы пландары тууралуу бүтүрүүчүлѳрдүн пикирлерин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Акылбек ТОКТОСУНОВ, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору:

“ОБЛУСТА 21 ОКУУЧУ 200ДӨН ЖОГОРУ БАЛЛ  АЛДЫ”

2017-2018-окуу жылында ѳткѳрүлгѳн Жалпы Республикалык тестирлѳѳнүн жыйынтыгы чыкты. Андагы кѳрсѳткүчкѳ ылайык, 200 баллдан ѳткѳн окуучулардын саны облуста 21ди түзѳт. Ал эми 110 баллдан жогору кѳрсѳткүчкѳ 3043 окуучу жеткен.

Райондор боюнча айтып өтсөм:  Базар-Коргон районунда 1366 бүтүрүүчүдѳн 485 окуучу тестирлѳѳгѳ катышып, 207 балл менен жогорку кѳрсѳткүчтү кѳрсѳтѳ алышты.

Ноокен районунда жалпы 1237 бүтүрүүчү болсо, андан 675 окуучу ЖРТга катышып, андагы эң жогорку кѳрсѳткүч 210 балл.

Аксы районунда жалпы 1363 бүтүрүүчү болсо, анын 984ү ЖРТга катышып, эң жогорку кѳрсѳткүч 206 баллды түзѳт.

Ала-Бука районунда 925 бүтүрүүчүдѳн 456 окуучу ЖРТга катышып, андагы эң жогорку кѳрсѳткүч 198 балл болуп саналат.

Токтогул районунда 836 бүтүрүүчүдѳн 597 окуучу тестирлѳѳгѳ катышып, 217 балл менен жакшы кѳрсѳткүчкѳ ээ болушту.

Тогуз-Торо районунда жалпы 295 бүтүрүүчүдѳн 250 окуучу республикалык тестирлѳѳгѳ катышып, эң жогорку кѳрсѳткүчү 210 баллды түзѳт.

Чаткал районунда 258 бүтүрүүчүдѳн 200 окуучу тестирлѳѳгѳ катышып, андагы эң жогорку кѳрсѳткүч 203 балл болуп саналат.

 

Гүлнура ОРОЗАЛИЕВА, мектеп бүтүрүүчүсү:

“АЛДЫДАГЫ МАКСАТЫМ, КЫТАЙ ТИЛИ БОЮНЧА МЫКТЫ КОТОРМОЧУ БОЛУУ”

-Биз 11-классты 20 окуучу бүтүрүп жатабыз. Андан 17 окуучу ЖРТга катышып, белгилеген тестибизге жараша кѳрсѳткүчтѳргѳ ээ болдук. Бизге келген жыйынтыкка ылайык 17 окуучудан 14 окуучу 110 баллдан жогору болуп, өтүптүрбүз. Менин тестимдин жыйынтыгы боюнча 152 балл алдым. Тестирлѳѳгѳ катышардан алдын “Секом” билим берүү мекемесине келип, даярданып жүрдүм. Тесттин жыйынтыгы мен күткѳндѳй эле болду. Мени менен чогуу даярданып жүргѳн теңтуштарым да жакшы баллдарды алышты. Бул үчүн мектеп администрациясына жана “Секом” билим берүү мекемесинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем.

Мындан кийинки максатым, буйруса кытай тили боюнча мыкты котормочу болуу менен ата-энемдин ак эмгегин актоо жана эл жеримдин керегине жараган кыздардын катарын толуктоо болуп саналат.

 

Алтынбек АСИЛБЕКОВ, Алтын сертификат ээси:

 “ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕН КҮТКӨНДӨЙ ЭМЕС…”

 

-Жалпы республикалык тест сынагын 15-май күнү тапшырдык. Негизги тесттен (222 балл) сырткары предметтик тесттерден математика (116 балл) жана англис тилден (113 балл) тапшыргам. Тестирлѳѳгѳ даярдык жакшы жүргѳн. Өзүм “Сапат” билим берүү мекемесинде окуганыма байланыштуу бизде өтүлгөн ЖРТ курстарында даярданганмын.

Жыйынтыгы албетте мен күткѳндѳй эмес. Мен 200 баллдан өтсөм керек деп эле ойлогом. Алтын сертификат алышым алдыдагы келечегиме таасири чоң десем болот. Анткени жогорку окуу жайлардын эшигине жол ачылды. Мындан да эң негизгиси ата-энемдин жана агай-эжекелеримдин ак эмгегин, ишеничин актаганыма аябай сүйүнѳм. Мындай ийгиликке жетишиме алардын түздѳн-түз салымы чоң, андыктан аларга терең ыраазычылык билдирем.

 

Шарипа ТАЖИДИНОВА, Сузак райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу:

“458 ОКУУЧУ 110 БАЛЛДАН ЖОГОРУ БАЛЛ АЛЫШТЫ”

-Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ февраль айынан тартып каттоо жүргүзүлдү. 15-16-май күндѳрү райондогу Ю.Гагарин, Манас жана М.Хакимов атындагы Дома-Ата мектептеринде тест ѳткѳрүлдү. Ал эми Сузак району боюнча 1165 окуучу жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ катышты. Эң жакшы кѳрсѳткүчкѳ ээ болгон мектептерден Жерге-Тал айылында жайгашкан М.Орозалиева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Бакытбек кызы Акылай негизги тесттен 213 балл, предметтик тесттеринен математикадан 109 балл, чет тилинен 105 балл алуу менен жакшы кѳрсѳткүч кѳрсѳттү. Андан кийинки кѳрсѳткүчтѳ С.Акбаров мектебинин бүтүрүүчүсү 192 балл алган. Бүгүнкү күндѳ жылдын жыйынтыгын чыгаруудабыз. Ага ылайык жогорку балл алган окуучуларыбызга ыраазычылык кат тапшыруу максатында буйрук чыгаруудабыз. Жалпысынан тестке катышкан 1165 окуучудан 458и 110 баллдан жогору балл алышкан.

Негизинен быйылкы окуу жылында Сузак районунда жалпы 2025 окуучу 11-классты бүтүрүп жатат.

 

Айнура МАДАНОВА, Жалал-Абад шаардык билим берүү бѳлүмүнүн жетекчиси:

“ЭҢ ЖОГОРКУ КӨРСӨТКҮЧ 214 БАЛЛ”

-Жалал-Абад шаардык билим берүү бѳлүмү боюнча 2017-18-окуу жылына карата каттоо жүргүзүлдү. Бул каттоодон быйылкы мектепти бүтүп жаткан окуучулар, былтыр бүтүп, шартка жараша тапшыра албай калгандар жана орто окуу жайлардын акыркы курсунун студенттери бул каттоодон ѳтүшүп, тестирлѳѳгѳ катышышты. Жалпысынан 734 абитуриент катталган. Анын ичинен 468и жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлѳрү болуп саналат. Ал эми тестирлѳѳнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаардык жалпы билим берүүчү мектептеринде 11-классты 513 окуучу бүтүп жатса, андан 467 окуучу ЖРТга катышты. Тестирлѳѳнүн жыйынтыгына ылайык эң жогоркусу болуп, 214 балл болуп саналат. Бул кѳрсѳткүчтү №5 мектеп-гимназиясынын окуучусу Бактыбекова Айжамал деген кызыбыз алган. Ушул эле мектептен Кубанычбекова Назгүл-204 балл, Семетеева Айгерим -200 балл алган. Ал эми С.Давлетов атындагы №14 инновациялык-лицей мектебибизден Алпамышов Нурсултан-213 балл, Суксурали уулу Токтосун-212 балл, №1 мектеп-гимназиясынан Умарова Алина 208 упай алган. Бул 6 окуучу 200дѳн жогорку баллдарды алуу менен жакшы кѳрсѳткүчтѳргѳ жетишишти. Ал эми кыргыз балдар лицейибизден бир окуучубуз Алтын сертификатка ээ болду.

Тестилѳѳгѳ катышкандардын ичинен  317 бала 110дон жогору балл алган. Жылда №1 мектептен Алтын сертификат алгандар бар эле. Тилекке каршы бул жылы эч ким албады. Бирок жакшы кѳрсѳткүчтѳрдү кѳрсѳтүштү.

 

 

Гүлмира АРТЫКОВА, “Чаңгыр-Таш” орто мектебинин окуу бѳлүмүнүн башчысы: “ОКУУЧУЛАРЫБЫЗГА КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮП БЕРҮҮДӨБҮЗ”

-Быйылкы 2017-18-окуу жылында №3 Чаңгыр-Таш гимназия класстары бар орто мектептен 29 окуучу Жалпы Республикалык тестке катышты. Алардын ичинен 16 окуучу 110 баллдан жогору болуп ѳтүштү. Эң жогорку балл алган окуучуларыбыз 165, 162, 158, 156, 152 ж.б. сыяктуу кѳрсѳткүчтѳрдү алып беришти. Бирок былтыркыга салыштырмалуу бир аз тѳмѳнүрѳѳк болуп калды.

Мектеп тарабынан колубуздан келишинче жардам бердик жана азыр деле шарт түзүп келе жатабыз. Биз кѳбүнчѳ окуучуларыбызды “Секом” билим берүү мекемесине жѳнѳтѳбүз. Андан сыркары мектебибизде Алыкулова Рахат деген кызыбыз ЖРТга даярдануу үчүн атайын ийрим ачкан. Ал жумасына 10 сааттан сабак ѳтүп жатты.

Анан тест учурунда бир кайгыра турган жагдай жаралыптыр. Бир окуучубузду тест тапшыруудан четтетишиптир.  Черновигин жыртып, түшүрүп алган экен. Анан аны администраторлор башкача түшүнүп алышыптыр. Биз дагы аракет кылып сурансак да киргизбей коюшту. Ал кызыбыз чыгарып салат деп коркконунан ары жакка койгонун айта албай калыптыр. Баары бир деле чыгарып салышты. Ошонусу бизди абдан кайгыртты.

Кошумчалай кетсем, биздин мектепте быйылкы окуу жылында 45 окуучу 11-классты бүтүп жатат. Акыркы мамлекеттик экзамендерди тапшырышты. Бүтүрүүчүлѳрүбүзгѳ ак жол каалайм! Келечекте мыкты уул-кыздардын катарын толуктап, тандаган кесиптеринин мыкты адиси болушуна тилектешмин.

 

Мунара АЛТЫНБЕКОВА, бүтүрүүчү: «АЛДЫДАГЫ МАКСАТЫМ, ЭКОНОМИСТ БОЛУУ»

-Мен Көк-Жаңгак шаарындагы №3 Т.Сатылганов орто мектебин быйыл  бүтүрүп жатам. Биздин класста 17 окуучу бар. Анын 16сы жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Тилекке каршы арасынан жетөөбүз гана 110дон жогору балл алып калдык. Менин тестирлөөдөгү көрсөткүчүм  130 балл болуп калыптыр. Негизи тестирлөөгө даярдыгыбыз жакшы болгон. Бирок жыйынтыгы мен күткөндөй болбоду. Мындан жогорку баллды күткөн элем. Ал эми алдыдагы максатым, экономист болуу менен эл-жеримдин керегине жараган кыздарынын катарын толуктоо болуп саналат.

 

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17