Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
3,311 Бардыгы / “Аймак” сайтына “Мамат Орозбаев Ош облустук керек-жарак коомунун Башкы имаратын талашып жатат” деп жазганбыз. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Мамат Орозбаев редакциябыздын түштүктөгү өкүлүнүн босогосун атайы аттап, өзүнө таандык документтерди бүт көтөрүп келиптир. Сайтыбызга жарыяланган материалдагы айрым калпыстыктарды жана чалалыктарды моюндап, буга улай плюрализм принцибин дагы бекем тутунуп, анан кадырлуу […]
3,312 Бардыгы / “Аймак” сайтына “Мамат Орозбаев Ош облустук керек-жарак коомунун Башкы имаратын талашып жатат” деп жазганбыз. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Мамат Орозбаев редакциябыздын түштүктөгү өкүлүнүн босогосун атайы аттап, өзүнө таандык документтерди бүт көтөрүп келиптир. Сайтыбызга жарыяланган материалдагы айрым калпыстыктарды жана чалалыктарды моюндап, буга улай плюрализм принцибин дагы бекем тутунуп, анан кадырлуу […]
МАМАТ ОРОЗБАЕВ: “ОШ ОБЛУСТУК КЕРЕК-ЖАРАК КООМУНУН БАШКЫ ИМАРАТЫНЫН 51 ПАЙЫЗЫ МАГА МЫЙЗАМДУУ САТЫЛГАН”
23.06.2018 / Автор aymak

3,313 Бардыгы /
“Аймак” сайтына “Мамат Орозбаев Ош облустук керек-жарак коомунун Башкы имаратын талашып жатат” деп жазганбыз. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Мамат Орозбаев редакциябыздын түштүктөгү өкүлүнүн босогосун атайы аттап, өзүнө таандык документтерди бүт көтөрүп келиптир. Сайтыбызга жарыяланган материалдагы айрым калпыстыктарды жана чалалыктарды моюндап, буга улай плюрализм принцибин дагы бекем тутунуп, анан кадырлуу аксакалдан инилик кылып кечирим сураганча, аны дагы капыл-тапыл кепке тарттык.
– Мамат мырза, биз билгенден Сиз кооперация системасында дегеле
жат адам эмессиз да?
– Туптуура. Мына, 50 жыл бою бир гана кооперация системасында
үзгүлтүксүз эмгектендим. Ошол сиңирген эмгегимдин аркасында төрт жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына дагы катарынан шайландым. Ошондо деле парламентте өлкөбүздөгү кооператорлордун кызыкчылыктарын тынымсыз коргогонго батындым.
– Ушул тапта ардактуу эс алууда жүрөсүз да?
– Ооба.
– Анда Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер
Биримдигинин башкы имаратына Сиздин кандайча тиешеңиз бар?
– Дал ошол Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер
Биримдигинин башкы имаратынын 51 пайызы мага баланстык баада 11 миллион сомго калыс эле бааланып сатылган. Айтмакчы, бул сунушту 2016-жылдын 10-ноябрында Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер биримдигинин уюштуруучулары дагы бүтүндөй колдошкон. А түгүл ошогездеги жыйналышка Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин дал азыркы төрагасы Бектемир Ражапов өзү жетекчилик кылып, бул сунушту абдан кызуу кубаттаган. Мындан тышкары протоколго чогулуштун төрагасы сыңары дагы колун коюп, а түгүл мөөрүн баскан.
– Мамат мырза, адистер “Ош облустук керек-жарак коомдору жана
кооперативдер Биримдигинин Ош шаарындагы башкы Кеңсесинин баасы Мамат Орозбаев тарабынан атайылап эле төмөндөтүлгөн” деп какшап жатышпайбы?
– Муну эми Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер
Биримдигинин азыркы төрагасы Бектемир Ражаповдун абийирине гана койдум. Алар жалдаган адистер көп жагынан Ош облустук керек-жарак коомдору жана кооперативдер Биримдигинин башкы имаратынын азыркы наркын ашкере эле ашырып жиберишкен. Ошону үчүн мени дагы бул сапар коомчулукка жек көрсөтүү далбасасын катуу жасашты. Бирок, эл – тараза. Дагыле калыстыктан тайый элек. Баарынын тең мага көңүлү түз! Чындык акыры орнойт деген терең үмүттөмүн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АНКЛАВДА ЖАЙЛАНЫШКАН ЛИЦЕЙДЕ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУда МАЙЫПТЫКТЫН СОЦИАЛДЫК МОДЕЛИ ОКУТУЛДУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.