Аймак

Данияр ТАЖИБАЕВ: “НООКАТ ШААРЫНЫН ЭМДИГИЧЕ ГЕНПЛАНЫ ЖОК!”

Данияр ТАЖИБАЕВ: “НООКАТ ШААРЫНЫН ЭМДИГИЧЕ ГЕНПЛАНЫ ЖОК!”

 6,271 Бардыгы /

 

Ош облусундагы Ноокат районунун борбору – Ноокат шаарынын эмдигиче Генералдык Планы жок. Ошондуктан, калаадагы канализация маселеси дагыле  бир жаңсыл чечиле элек. Мындан улам таза суу маселеси бүгүнкү күндүн өтө олуттуу башоорутмасына гана айланып олтурат. Булар туурасында Ноокат шаарынын вице-мэри Данияр ТАЖИБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде агынан жарылды.

 –Данияр мырза, Ноокат шаары – Ош облусундагы кичинекей калаалардын бири. Ага жараша акча табуунун коршумча булактары деле жок. Ошентсе дагы, жергиликтүү бюджетти эмненин эсебинен толтуруп келатасыздар?

-Ноокат мэриясына караштуу беш мекеме-ишканабыз бар. Баары тең субсидия аркылуу жана чарбалык эсептен гана каржыланат. Мурда ар жылкы бюджетибиз 50 миллион сомдун тегерегинде эле. Быйыл бул сумманы 55 миллион сомго жеткирүү аракетибиз күч.

Муну үчүн, биринчиден, салык төлөмдөрүн көбөйтөбүз. Экинчиден, калкка кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды дагы ого бетер арбытабыз. Биздин, чынында, булардан башка булагыбыз деле жок.

-Биз билгенден калаанын эмдигиче Генаралдык Планы деле жок турбайбы?

-Ооба. Танып не. Чакан шаар сыңары эсептелгенибиз менен Ноокат калаасынын эмдигиче ГенПланы жок! Бул өңүттө Кыргыз Өкмөтү бизге абдан катуу көмөк көрсөтүп жатат. Анын аркасында Дүйнөлүк Банк бул өңүттө быйыл Ноокат шаарына 5 миллион евро ажыратып жатат. Буга ылайык, биринчиден, калаабызга заманбап канализация түйүнү тартылат. Экинчиден, ошого улай таза суу маселеси дагы бир жаңсыл чечилет.

Албетте, бул тез арада жайгарылчу көйгөй эмес! Ушул тапта ГенПландын техникалык негиздемеси гана дээрлик даярдалып бүттү. А июль айынын он бешинде техникалык негиздемеени жана атайын долбоорубузду Дүйнөлүк Банкка тапшырабыз. Анан буга улай аталган мекеме керектөөбүздү  2022-жылга дейре толук бойдон каржылап бүтөт.

-Демек, шылтоо менен калаанын инфра түзүмүн оңдоого дагы сонун шарт түзүлөт турбайбы?

-Ананчы! Заманбап канализация маселеси жайгарылса, Ноокат шаарында деле заңгыраган заманбап көп кабаттуу үйлөр дагы курулат. Бул аркылуу, биринчиден, калаадагы турак жай маселеси чекесинен чечилет. Экинчиден, социалдык бир катар көйгөйлөрдү дагы жеринде эле дароо жайгарабыз. Көп кабаттуу үйлөргө ар улуттун өкүлдөрүн чогуу-чараан жана ынтымакчылыкта жашатууга дагы бекем ыңгай жаралат. Үчүнчүдөн, улуттар аралык ынтымакчылык ого бетер бекемделип, анан интеграция дагы дээрлик күчөйт.

– Жайкы каникул эми гана кызыды. Бирок, Ноокат шаарында окуучулар эл алчу жайлар дегеле жок го, ыя?

-Кантип? Ноокат шаарында төрт мектеп, анан алты бала бакча бар. Буларда жалпысынан 4474 окуучу билим, ал эми 908 бөбөк таалим-тарбия алып жатышат. Ноокат шаарында Насирдин Исанов атындагы сейил бак таң аткандан күн батканга дейре калк кызматында. Айрыкча балдар бул жерде керээли кечке ойноп, жыргап эле калышты. Анткени, түндөсү дагы сейил бактын жарыктары күндүзгүдөй эле күйүп турат. Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өз ара нөөмөттөшүп коомдук тартипти толук кандуу камсыз этип турушат.

-Данияр мырза, өлкөбүздүн жетекчилиги жемкорлукка каршы аеосуз  күрөш жарыялабадыбы. Муну Сиздерге дагы кубаттайсыздарбы?

-Албетте! Президентибиз Сооронбай Жээнбековду Ош облусунун губернатору кезинен бери жакындан жана абдан жакшы билемин. Өтө чечкиндүү. Эң башкысы: бирөөлөрдүн тилине кирбейт! Калыс жана ыкчам чечим жасаганга жедеп көнгөн.

Ошондуктан, мен эле эмес мекендештерибиздин бардыгы өлкө жетекчибиздин акыркы кездеги мындай чечкиндүү кадамдарын абдан катуу кубаттап жатышат. Эгерде жемкорлукка ушул нукта жана бүтүндөй коомчулук дагы жапа тырмак күрөшсөк, бул балакеттен жакын арада кутулаарыбыз анык!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ноокат шаарында 15100 кала жашайт. Булардын 2387си – кыргыздар. 12500ү-өзбектер. А калгандары орус, тажик, татар, түрк өңдөнгөн башка улуттардын өкүлдөрү.

 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ноокат шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17