Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,923 Бардыгы / Акыркы жылдарда чет өлкөлөргө жумуш издеп барып, анан кулчулукка кабылгандардын катары кыйла калыңдады. Дал ушул кесепеттин алдын алуу максатында Ош шаарында Мигранттын Мектеби ачылды. Анын негизги максаты туурасында “Благодать” коомдук Фондунун Байкоочулар Кеңешинин төрагасы, көз карандысыз серепчи Эркин АБДЫРАЗАКОВдон сураштырдык. –Эркин мырза, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Мигранттын Мектебин ачуунун зарылчылыгы бар беле? -Миграция […]
2,924 Бардыгы / Акыркы жылдарда чет өлкөлөргө жумуш издеп барып, анан кулчулукка кабылгандардын катары кыйла калыңдады. Дал ушул кесепеттин алдын алуу максатында Ош шаарында Мигранттын Мектеби ачылды. Анын негизги максаты туурасында “Благодать” коомдук Фондунун Байкоочулар Кеңешинин төрагасы, көз карандысыз серепчи Эркин АБДЫРАЗАКОВдон сураштырдык. –Эркин мырза, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Мигранттын Мектебин ачуунун зарылчылыгы бар беле? -Миграция […]
Эркин АБДЫРАЗАКОВ: “БЛАГОДАТЬ” ЭМИ КУЛЧУЛУККА ЖОЛ БЕРБЕЙТ!”
16.07.2018 / Автор aymak

2,925 Бардыгы /
Акыркы жылдарда чет өлкөлөргө жумуш издеп барып, анан кулчулукка кабылгандардын катары кыйла калыңдады. Дал ушул кесепеттин алдын алуу максатында Ош шаарында Мигранттын Мектеби ачылды. Анын негизги максаты туурасында “Благодать” коомдук Фондунун Байкоочулар Кеңешинин төрагасы, көз карандысыз серепчи Эркин АБДЫРАЗАКОВдон сураштырдык.
–Эркин мырза, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Мигранттын Мектебин ачуунун зарылчылыгы бар беле?
-Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 14740 жаран өлкөбүздүн ичинде, ал эми 4785 киши чет мамлекеттерде адам сатуунун накта курмандыгына айланышат экен. Анткени, туташ жакырчылык, тегиз жумушсуздук, ар кандай чыр-чатактар, жаратылыш кырсыктары жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши адамдарды абдан аянычтуу акыбалга кептеп, башына мүшкүл гана үйүп олтурат. Дал ушул кеспеттердин алдын алуу жана мындай мыйзамсыз жоруктарга мындан ары жол бербөө максатында “Благодать” коомдук Фондунун алдында Мигранттын Мектебин түптөдүк. Биздин мүдөөбүздүн жүзөгө ашырылышын АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык Комиссиясы каржылап жатат. Анткени, кулчулукка кабылгандардын дээрлик басымдуу бөлүгү – республикабыздын түштүк аймактарынын гана тургундары.
-Ушул тапта кайсыл өңүттө ишти абдан күчөттүңүздөр?
-Мигранттын Мектебинин Юристи жана Психологу чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын башка аймактарынан жумуш издеп бараткандарга акысыз юридикалык кеп-кеңеш беришет. Жергиликтүү бийликтердин жетекчилеринин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн арасында адам соодалоонун тобокелчиликтерин алдын ала эскертүү багытында төгөрөк үстөлдөрдү жана талкууларды дагы байма-бай уюштуруп жатабыз.
А түгүл Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында атайын тренингдерди ого бетер күчөттүк. Буга улай маалымат таратуунун мейкиндигин дагы кыйла эле кеңейттик. Бул өңүттө түштүк жергесинде тогуз мектепте атайын жолугушууларды дагы уюштурдук. Мындан тышкары FaceBook, Instragram, OdnoKlassniki өңдөнгөн социалдык тармактардын кызматынан дагы куп эле пайдаланып жатабыз.
-Ушуну менен эле чектелип калбасаңыздар керек?
-Ооба. “Мигранттын маалымдамасы” мобилдик тиркемесин туруктуу нукка салдык. Андан мигранттар түз байланыш номерлерин, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн дайын-даректерин, чет мамлекеттерде жумушка орношуунун жана жайгашуунун эрежелерин, социалдык жана медициналык кызматтарды, укуктук кеп-кеңеш берүүчү мекемелердин даректерин опоңой тапса болот. Ал эми толук маалыматтар traffikunet.kg сайтына дагы жайгаштырылган.
-Эркин мырза, Кыргызстанда адам соодалоо жана миграция боюнча түз байланыш мүмкүнчүлүгү дагыле баш оорутуп жатса керек?
-Азыр бул маселе дээрлик оң жагына чечилген. Бищкек шаарында 1899 номуруна чалса, маселеси дароо чечилет.Ал эми өлкөнүн ички аймактарында жашагандар 0800 00 00 189 телефонуна коңгуроо кылып, өздөрүн түйшөлдүргөн бардык соболдоруна дароо жооп табышат. А мүмкүнчүлүгү барлар blagodatosh@gmail.comэлектрондук почтасына дагы кат жазышса, адистер аларга ынандыраарлык жооп берүүгө даяр.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.