Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
4,231 Бардыгы / Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек АЛАЙЧИЕВди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жарын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте. –Бактыбек мырза, жемкорлукка айыпталып камалган мурдагы Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзгөндүк жердештери аны катуу колдошуп, абакка киргизилишине абдан нааразы дешти эле. Мындай […]
4,232 Бардыгы / Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек АЛАЙЧИЕВди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жарын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте. –Бактыбек мырза, жемкорлукка айыпталып камалган мурдагы Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзгөндүк жердештери аны катуу колдошуп, абакка киргизилишине абдан нааразы дешти эле. Мындай […]
Бактыбек АЛАЙЧИЕВ: “ӨЗГӨН КҮРҮЧҮН БОРБОР АЗИЯНЫН БРЕНДИНЕ АЙЛАНТАБЫЗ!”
18.07.2018 / Автор anarkan_kg

4,233 Бардыгы /



Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек АЛАЙЧИЕВди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жарын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте.
–Бактыбек мырза, жемкорлукка айыпталып камалган мурдагы Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзгөндүк жердештери аны катуу колдошуп, абакка киргизилишине абдан нааразы дешти эле. Мындай жышаан Өзгөндө дегеле байкалбайт ко?
-Мен деле акимдик кызматка жаңыдан эле кириштим. Камалган Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун! Бирок, Өзгөн районунун тургундары деле Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн абдан катуу колдоп атышат. А түгүл тигилерди чекесинен жөн эле камабастан, жеген-ичкендерин толук бойдон кустуруп, сугунган акчаларын токтоосуз мамлекет казынасына төктүрүүнү дагыле талап кылып жатышат.
–Президент Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү”Програмасы Сиздерге кандайча жүзөгө ашырылып жатат?
-Өзгөн районунда быйыл жыл бою он чакан ишкананы толук кандуубүткөрөбүз. Ошондо буларда жалпы жонунан 200дөн кем эмес жердештерибиз туруктуу жумуш менен камсыз кылынат. Мындан тышкары орто жана чакан бизнести өнүктүрүү аракетибиз дагы күч. Ошондо көчөлөрдө колоктоп бош жүрүшкөн жаштарыбыздын, куда кааласа, саны дагы кыйла эле суюлат. Демек, ошентип бекерчиликтен кылмыш жасагандар дагы дээрлик тыйылат.
–Бактыбек мырза, көз тийбесин, бирок, Өзгөн – жаратылышы абдан кооз, анан кен-байлыктарына өтө мол район. Дал ушул мүмкүнчүлүктү неге эмдигиче пайдаланбай келатасыздар?
-Туура баамдапсыздар. Биринчиден, көмүр кени бизде чындап эле арбын. Ошондуктан аны казууга Өзбекстан жана Кытай акыркы жылдарда абдан кызыгып жатышат. Анткени, “кара алтыныбыздын” калориясы (табы) абдан күчтүү экен. Экинчиден, “Карынбайдын ташы” ылакабы менен таанымал мармар таш курулушка гана ыңгайлуу. Үчүнчүдөн, Өзгөн району – нукура күрүчтүн Мекени. Бара-бара анын сапатын азыркыдан дагы жакшыртып, Борбор Азиянын нукура брендине айланталы деген ниетибиз бар! Төртүнчүдөн, Кара-Шоро суусу – не деген керемет! Абдан тунук, дарылык касиети жана дарамети дагы күчтүү.
Өзү тарыхка бекем үңүлсөк, биргезде Өзгөн шаары улуу Караханид кагандыгынын борбору болгон экен. Дал ошондо курулган Мунара азыркыга дейре кулабастан бир калыбында турбайбы. Эми муну кайрадан реставрациялап жатабыз.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Өзгөн районунун акими Бактыбек АЛАЙЧИЕВ 53 жашта. Эки уул, эки кыздын атасы. 1986-жылы Бишкектеги К. Скрябин атандагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби агроном. Бир нече жолу айылдык Кеңештердин шайлоосуна катышып, далай ирет жергиликтүү Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы


Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.