Аймак

. Муфтий Р.Эгембердиев чырдуу видеону тараткан шектүү аткаминерлердин фамилияларын атады (маек)

 2,038 Бардыгы /

.   Муфтий Р.Эгембердиев чырдуу видеону тараткан шектүү аткаминерлердин фамилияларын атады (маек)
Баракелде – Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев бүгүн, 7-январда АКИpress агенттигине берген маегинде өзү тууралуу видео түрмөктү таратууга катыштыгы бар деп шек санап жаткан аткаминерлердин атын атап, ага карата жасалган кысымдын себептерин айтты жана президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.
– Рахматулла ажы, акыркы убактагы интернетте таркатылган видео түрмөккө байланыштуу сиздин тегерегиңиздеги окуялар боюнча комментарий берсеңиз. Бул кимге жана эмнеси менен пайдалуу?
– Биринчиден, бул видео — биздин саясатчылардын эң эле кара ниет жана жийиркеничтүү жоругу. Башкача айтканда, мени менен көптөн бери күрөшүп келе жаткан адамдардын. Бул өткөн жылдагы (2012-жыл, декабрь) мусулмандар курултайынын алдындагы мага болгон кысымдын уландысы.
– Ал саясатчылар кимдер? Алардын атын атай аласызбы?
– Айта алам, алар президенттин атын жамынып отурган адамдар. Алар, мени курултайга чейин «мамлекеттик унаага» каршы чыкпоого үндөгөн Икрам Илмиянов (Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары), Абдулатиф Жумабаев (КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси), Орозбек Молдалиев (Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү).
Мен аларга: «Биз Советтер Союзунун убагында жашаган жокпуз, биз демократиянын убагында жашап жатабыз. Биздин конституцияда коррупцияга, биздин мусулмандардын укугун бузууга алып келбеш үчүн аткаминерлердин дин иштерине кийлигишпөөсү жазылып турат», – деп жооп бергем. Бирок алар мени көңүлгө албастан, ушул орунга отуруучу фигура бар деп айтышты.
– Кийлигишүүнү эмне менен билдиришти?
– Кийлигишүүнүн далили болуп, президенттин кеңешчисинен, президенттин ЖКдагы өкүлү Молдалиевден, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Жумабаевге чейин өздөрүнүн эрежелерин таңуулап жатканы. Бул жерде биринчи фигура — Жумабаев. Ал, мен муфтий болуп дайындалганга чейин эле, ажылыкка барып, зыярат кылып келүүгө абдан кызыктар экендигин өзүнүн программасында айткан. Анын айтуусу боюнча, зыярат кылып келүүнү Мамлекеттик дин комиссиясы алар атайын зыярат кылып келүү үчүн даярдаган фирмалардын катышуусу менен башкаруусу керек. Ошондой эле, алар авиакомпанияны тандоо боюнча тендерге дагы кийлигишти. Бирок, мен аны менен макул боло алган жокмун. Ошондуктан алар ушундай ишке барышты жана мен президентке мунун баарын айтып салбаш үчүн ага кирүүмө мүмкүндүк беришкен жок.
– Мамлекет башчысы менен акыркы жолу качан жолуктуңуз эле?
– Муфтий болгондон бери президенттин кабыл алуусунда бир да жолу болгон жокмун. Бирок, мамлекет башчы бир эле Кыргызстандын президенти эмес, мамлекет калкынын 85% мусулман болгондуктан мусулман республикасынын президенти. Ошондуктан муфтийди кабыл алышы керек, президентке айта турган сөзүм бар. Кайсы өлкөдө болбосун мусулмандар аз болсо да муфтийди жылына бир-эки жолу кабыл алат.
Орусиянын президенти менен жолуктум, ал Уфада кабыл алды, Түркиянын президенти менен жолуктум. Ал эми биздин президент мени кабыл ала элек. Эгерде Алмазбек Шаршенович бул адамдар анын атын жамынып алып, эмне кылып жатканын менден укса, паракорчулук маселеси чечилмек. Мындан тышкары президент салттуу ислам жөнүндө маселени көтөрүп жатат, биз аны колдойбуз. Бул маселе боюнча президенттин саясатын колдогом.
– Видеого кайрылсак. Аны дагы кысым катары эсептейсизби?
– Ооба, жаңы жылдын астында мага телефон чалышып, мага белек бар дешти. Бирок, мен мынчалык жаман мамиле жасайт деп күткөн эмесмин. Алар менин гана абийиримди жана кадыр-баркымды түшүрбөстөн, үй-бүлөмдүн жана туугандарымдын да абийирин төктү. Бул жийиркеничтүү. Кечээ Орусиянын муфтийи менен сүйлөштүм, алар да бул мамилени тескери кабыл алды. Казакстан да билет. Аткаминер же катардагы жаран болсо да, мындай нерсеге барбоо керек.
– Кечээ муфтияттын алдында кызматтан кетүүңүздү талап кылган митинг болду…
– Алардын артында ошол адамдар турат. Абдулатиф Жумабаев өзү ушул жерде жүрдү, митингге катышты. Менде тартылган видео дагы бар. Жумабаев кечээ бул жерде болгондугун тастыктай турган адамдар бар. Мурда Жумабаев эч бир жыйналышка келчү эмес, ал эми кечээ кокусунан келип калды. Ал президент менен сүйлөшүп, муфтийлик кызматка Максат Канкыбаевди колдоорун айтты.
– Ал Жумабаевге тууган болуп кетеби?
– Анын «өкүл баласы».
– Социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары ишенимдүү булактарга шилтеме берүү менен видеодогу айым сиздин экинчи аялыңыз деп билдиришти. Бул светтик мамлекет мыйзамдарына канчалык шайкеш келет?
– Мен азырынча мыйзамдарды бузган жокмун деп ойлойм. Бул биздин салттарга жана шариатка туура келет. Албетте, мен шариатты карманган адам катары, мыйзамды бузган жокмун деп айтсам болот. Балким, бул жаран жасабашы керек болгон нерселерге туура келбейт, бирок, келгиле, биздин аялдардын социалдык абалын эске алалы… Бул менен экинчи аялым. Ал бул окуялардын баарына аябай капа болду. Ал өзү эле ооруп жүргөн, эми азыр андан да жаман абалда калды. Менин биринчи аялым азыр реанимация бөлүмүндө жатат. Ал жакка кечээ, ушул чатактарга байланыштуу түштү. Ал ооруканага текшерилүүгө барган, анан эсин жоготуп жыгылыптыр.
– Сиз экинчи аял алганга ал кандай көз карашта болду?
– Шариат боюнча экинчи аял маселеси сөзсүз түрдө биринчи аял менен макулдашылат.
– Видео боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?
– Мыйзамсыз видео тартуу жана адамдык ар-намысты коргоо боюнча Бишкек ШИИББге арыз жаздым. Видеожазуу болгон батир үй-бүлөбүздүкү, биз ал жакта көптөн бери жашайбыз. Батирге кулпуну бузуп кирүү белгилери бар. Көрсө, камера шкафтын бурчуна мурда эле орнотулуп коюлган экен.
– Сиз коомго айта турган сөздөрүңүз барбы?
– Бар, албетте. Бул абалды диний чөйрөдө апыртуу, сапырылтуу — туура эмес. Президенттен, бул абалды, аны менен иштеген жана ага жашырынган адамдар эмне кылып жатышканына өзгөчө көңүл коюп кароону суранып кетет элем. Алар жийиркенерлик иш жасап жатышат, бирок, үй-бүлөбүздүн, туугандарыбыздын ар-намысына шек келтирип, капа кылгандарына карабай Жараткандан аларды кечирүүнү сурайм. Биздин жарандардын укуктары корголбой жаткандай таасир калтырат. Бул ар бир адам менен болушу ыктымал. Бул окуялардын баары коомчулукка терс таасирин тийгизет.
Мен мусулмандардан Дин башкармалыгынын жана менин айланамда болуп жаткан абалды түшүнүүнү өтүнөм. Мага болгон кысым өткөн жылдан бери уланып келе жатат. Чындык жана акыйкаттык болушун каалайм.
– Кечээ митингчилер сиздин отставкаңызды талап кылышты. Сиз эмне кылмакчысыз?
– Мен кызматымды таштоону чечтим. Өзүмдүн ордума муфтийдин биринчи орун басарын дайындадым. Кызматымдан убактылуу кетип жатам, балким, бул кырдаалдарды аныктоо үчүн таптакыр эле кетем

Булак: “Баракелде”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17