Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,030 Бардыгы / Тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.2. Күндө ичип, […]
3,031 Бардыгы / Тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.2. Күндө ичип, […]
Сенин жашооңду өзгөртө турган 17 эреже
10.01.2014 / Автор Orozaly3,032 Бардыгы /
1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.
2. Күндө ичип, жеп, чеккен акыр-чикирден баш тарт.
3. Чет тилдерди үйрөн. Кыргыз тилин колдонгон интернет колдонуучулар 1 миллионго жетпейт. Орус тилин билген интернет колдонуучулардын саны 60 миллион. Ал эми англис тилинде сүйлөгөн колдонуучулар миллиард. Учурда англис тилин билүү интеллегенттердин билермандыгы эмес, бул турмуш зарылчылыгы.
4. Китеп оку. Кеминде бир жумада бир китеп окуп (же угуп) туруу зарыл. Жылына 50 китеп болот. Ал сенин жашооңдун маңызын өзгөртөт.
5. Ар бир дем-алыш күндөрүңдү маңыздуу өткөр.
6. Алдыңа максат кой, аларды кагазга түшүр. Башкысы, максаттар так, түшүнүктүү жана алыңа жараша болушу керек.
7. Клавиатураны карабай туруп тергенди үйрөн. Убакыт – бул сенин кенчиң. Ойлогон оюңан артта калбай тергенге жетишкенге аракет кылуу керек. Ойлонуп жатып сен кайсы тамга кайсы жерде жайгашканына убакыт коротпой, эмне тууралуу жазып жатканыңа көңүл бөлгөнүң туура.
8. Убакытты ооздукта. Өз иштериңдин ирээтин уюштуруп жатып сенин катышың жок деле өзү улана бергидей деңгээлге жетиш. Алгач Алленди (Getting Things Done)же Глеб Архангельскийди окуп чык. Чечимдерди тез ыкчам кабыл алып, эртеңкиге калтырба. Иштин баардыгын азыр аткар же бирөөгө тапшыр.
9. Компьютер оюндарынан, социалдык тармактардагы максатсыз убакыт өткөрүүдөн жана жөн эле интернет чукулап отуруудан баш тарт. Социалдык тармактагы баарлашууну минималдаштырып, бир эле аккаунт калтыр. Үйүңдөгү телевизор антеннасын талкалап сал.
10. Жаңылыктарды окубай эле кой. Эмне болуп жатканын айланадагылардан эле билип аласың. Алар маанилүү окуяларды тынымсыз талкуулашат.
11. Эрте турганды адат кылып ал. Парадоксту ушундан көр – эртең мененки убакытта жетишкен иштериңе кечкисин такыр үлгүрбөйсүң. Адам баласынын тамактануусу жана кыймыл аракети калыбында болсо күнүнө 7 саат гана уйкуга батуу жетиштүү.
12. Айланаңа чынчыл, ак ниет, ачык-айрым, акылдуу жана ийгиликтүү адамдарды чогултканга аракет кыл.
13. Спорт менен алектен. Йога, велосипед, турник, футбол, сууда сүзүү, жөн эле чуркоо бул адамдын денесин тонуста кармап, эндорфиндердин көп бөлүнүүсүнө алып келген чыныгы достор. Лифт эмне экенин унутта калтыр.
14. Өзгөчө иштерди жаса. Эч качан бара элек жерге барып кел, жумушка башка жол менен бар, такыр түшүнбөгөн маселени чечкенге аракет кыл. «Комфорт зонасынан» чыгып, билимиңди жана дүйнө таанымыңды кеңейт. Үйүңдөгү эмеректерди орун алмаштырып, сырткы келбетиңди, чач жасалгаңды өзгөрт.
15. Эски-уску буюмдарыңды бүт ыргытып сал.
16. Өткөн чакты унутта калтыр. Өтүп кеткенден өзүң үчүн билим, тажрыйба, жакшы мамиле жана жагымдуу элестерди гана алып кал.
17. Коркпо. Ашып өткүс адыр жок, кыйынчылыктын бардыгын жеңсе болот, күмөн саноолор сенин башыңда гана түнөк табышы мүмкүн. Аларга орун бербе. Алдыңа койгон максатыңды анык билип, тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.
Кожобек Тыныч, «КАБАР ОРДО», 24.12.13-ж.
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА САБАНТУЙ МАЙРАМДАЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg КАДАМЖАЙДА СЕЛ КАПТАГАН АЛТЫМЫШКА ЧУКУЛ ҮЙ ЖАНА КОРОО-ЖАЙ ТАЗАЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.