Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,116 Бардыгы / «Бейиш эненин таманы астында» демекчи энелер ар убакта оорубай, сыркабай, өмүрлөрү үзүн болуп көптөгөн балдарды жарыкка алып келип, арабызда дайыма күлүп жайнап, жакшылыкта жүрө беришсин. Эненин түйшүгү менен эмгегин баалап болбойт. Балдарды татыктуу тарбиялоо көп учурда эненин үлүшүнө тура келип калат. Мына ушундай татыктуу үй-бүлөнүн ээси, биздин бүгүнкү каарманыбыз тууралуу эл ичинде элпек, […]
4,117 Бардыгы / «Бейиш эненин таманы астында» демекчи энелер ар убакта оорубай, сыркабай, өмүрлөрү үзүн болуп көптөгөн балдарды жарыкка алып келип, арабызда дайыма күлүп жайнап, жакшылыкта жүрө беришсин. Эненин түйшүгү менен эмгегин баалап болбойт. Балдарды татыктуу тарбиялоо көп учурда эненин үлүшүнө тура келип калат. Мына ушундай татыктуу үй-бүлөнүн ээси, биздин бүгүнкү каарманыбыз тууралуу эл ичинде элпек, […]
БАЛДАРЫМ БАР – БАКТЫМ БАР
27.03.2019 / Автор aymak

4,118 Бардыгы /
«Бейиш эненин таманы астында» демекчи энелер ар убакта оорубай, сыркабай, өмүрлөрү үзүн болуп көптөгөн балдарды жарыкка алып келип, арабызда дайыма күлүп жайнап, жакшылыкта жүрө беришсин. Эненин түйшүгү менен эмгегин баалап болбойт. Балдарды татыктуу тарбиялоо көп учурда эненин үлүшүнө тура келип калат. Мына ушундай татыктуу үй-бүлөнүн ээси, биздин бүгүнкү каарманыбыз тууралуу эл ичинде элпек, сылык келин деген алкоо сөздөрдү угуп, таанышууга барып калдык. Андыктан айылдын ичинде эл арасында бактылуу бир чоң үй-бүлөнү куруп, жаш болсо да үй тиричилигин кылып, 7 баланы төрөп, аларга тегиз мээрим төгүп, татыктуу тарбия берип өстүргөн жана ошондой эле, үй турмушунда бир гана оокат кылып, бала тарбиялоодон тышкары да өзүнчө чеберчилик кылып, ар кандай кооз кийимдерди тигип, терезенин көзүнө кызыл-тазыл ийилген түркүн гүлдөрдү өстүргөн, мына ушул Аксы районунун Кашка-Суу айылынын тургуну Досалиева Асылкан жаш баатыр эне.
Асылкан Досалиева 1984-жылы Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарыкка келип төрөлүп өскөн. Кыз кезинен эле чыйрак чыгып, апасынын жанынан чыкпай, чеберчиликти үйрөнүп, кыргыздын улуттук кийим кечелерин тиге баштаган. Мектепте да жакшы окуп, келечекте чон чебер болсом деген тилеги бар эле. Жаштын тилегин берет деген ушул белем. Турмушта ал тилегине жетүүгө көп аракет кылды. Ошол эле айылда Эрматов атындагы орто мектебине 1- классына кирип, балалык күндөрү ошол айылда өткөн. 2002-жылы 11- классын аяктап Жалал-Абад шаарында тигүүчүлүк курсуна окуган. Ал жерде 1 жылдай иштеп айылга эжесиникине конокко келе жатып автобустан өмүрлүк жолдошун кезиктирген. Ошону менен таанышып, арадан көп убакыт өтпөй, кыргыздын салты боюнча ата-энелери менен турмушка чыккан. Андан бери нече жылдар агып өттү.
Келин болуп келгенинде үй тиричилигинде али көргөндөн көрө элеги көп экендигин көрдү. Уй саап, казанга нан жаап, отун терип, от жагып дегендей, бака шака турмушка аралашып кеткенче бир топ кыйынчылык да, кызыктуу да күндөрдү башынан өткөрдү. Уй саап көрбөгөндүктөн жана кайынатасынан сүрдөнүп ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, кийимдерине сүт чачырап жүргөн күндөрүн айтып күлөт. Мына ошондон улам баарына үйрөнүп үйдүн жумушун азыр өзү тейлейт.
Үй жумушунан тышкары бош убактысында балдарына өзү кийимдерди тигип берет, жана ар түркүн-түстүү гүлдөрдү өстүрөт. Терезесинен ийилип, гүлдөрү ачылып, келген адамдын көз жоосун алат. Жолдошу экөө бирге жашап келе жатканына быйыл 14 жыл болду. Ортодо 1 уул 6 кыздуу болушуп, эң чоңу 13жашта, ал эми эң кичүүсү болсо 1 жашта. Жолдошу экөөнүн мамилеси жылуу болуп, бирин-бири түшүнүп жашап, бирге өмүр сүрүп келишет. Азыр Асылкан Досалиева 34 жашта. Жаш болсо да 7 баланын сүйүктүү энеси. Бирок ушул убакта дейре «Баатыр эне» наамы, медалы менен сыйлана элек. Эл менен чогу айыл ичинде, бир үйдүн отун жандырып, үй-бүлө куруп, өзүн бактылуу сезет.
«Балдарым бар, бактым бар» деген улуу сөзүн айтып, уул кыздарынын бактысын тилеп, жакшы окуп, келечекте бир кесиптин ээси кылып, кыргыздын керегине жараган уул кыздардан болушун, жана кыргыздын калкынын саны көбөйүп, элим-жерим деп жашагандар көп болуусун деп тилек кылат. Асылкан адептүү балдарды эле тарбиялап тим болбостон айылдын коомдук иштерине да активдүү катышып келет. Айылдагылар анны ошон үчүн сыйлашат, урматташат. Асылканга биз да асыл зат болуп айыл элинин батасын ала бер демекчибиз.
Адиса Сүйгүнбаева Кербен шаары.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.