Аймак

АБДЫКЕРИМ АМАНОВ: “Азыркындай шарт ишканабызда тээ союз мезгилинде дагы түзүлгөн эмес!”

 2,029 Бардыгы /

АБДЫКЕРИМ АМАНОВ: “Азыркындай шарт ишканабызда тээ союз мезгилинде дагы түзүлгөн эмес!”Өлкөбүздөгү экономикалык кыйынчылыкка карабастан туруктуу иштеп, эмгек жамаатын чилдей таратпастан, тескерисинче, алар менен кошо ити чөп жеп жаткан ишканалар түштүк жергесинде саналуу гана. Булардын катарын Ош шаарындагы “Завод ЖБИ-4” ачык акционердик коому толуктап турат. Заводдо ушул тапта темир-бетон конструкцияларынын эки жүздөн ашуун түрү өндүрүлөт. Ошондуктан, аталган ишкананын башкы директору Абдыкерим Амановду иш үстүндө ат жалында кепке тарттык.
Абдыкерим мырза, былтыркы жараткан ийгиликтериңиздер мамлекет тарабынан акыры-соң татыктуу бааланып, президент Алмазбек Атамбаевдин өз колунан аз күн мурда сыйлык алдыңыз. Сиз жетектеген ишкананын кыйчалыш мезгилде жараткан бул ийгилигинин сыры эмнеде?
– Көрдүңөр го. Жамаатыбыз өтө эле чакан. 130 кишиден гана куралган. Мен 1996-жылы, мындайча айтканда, эң оор заманда башкы директорлукка шайланганымда заводубузда болгону отуз-кырк чакты гана адам эмгектенчү. Ошондуктан, бара-бара өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп олтуруп, азыркы тапта жумушчуларыбыздын санын 130 кишиге жеткирдик.
Жамаатыбыз чакан болгону менен, көз тийбесин, ынтымакчылыгыбыз абдан эле бекем. Ар кандай интригадан, ушак-айыңдан жана эң башкысы бири экинчисин саткан чыккынчылыктан таптакыр алыспыз. Ишканабызда ар ким өз иши менен гана алек. Кимдир бирөөлөргө, же бири-бирибизге кыянатчылык жасоого дегеле убактыбыз жок!
Айтмакчы, Сиздер өндүргөн продукцияларды көбүнэсе кай жактарга сатасыздар? Наркы анчалык кымбат эмеспи?
– Көз тийбесин биз өндүргөн темир-бетон конструкцияларынын эки жүздөн ашуун түрү түштүк аймагындагы эң эле арзан баада гана сатылып жатат. Муну туруктуу керектөөчүлөрүбүз деле таптакыр танышпайт. Анткени, биринчиден, биздин продукциялардын наркы башкалардыкына караганда кыйла эле төмөн. Экинчиден, сапаты дагы абдан жогору. /чүнчүдөн, а түгүл дүйнөлүк стандарттын бардык талаптарына толук жооп берет десем жаңылашпаймын. Ошону үчүн таза суу долбоорун жүзөгө ашырууда Жалал-Абад жана Ош облустарында эл аралык уюмдар бүт биздин гана продукцияларыбызды урунуп жатышат.
Чынында, продукцияларыбызга суроо-талаптар жогору. Ошентсе да, чет өлкөлөргө сатууга кызыкдар эмеспиз. Биринчи ирээтте Ата Мекенибиздеги керектөөчүлөрдү толук кандуу камсыз этип алалычы. Калганын мезгил көрсөтөт.
“Завод ЖБИ-4” ачык акционердик коому – ишканасы Кыргызстандын түштүк башкалаасында жайланышкан да. Андыктан, Ош шаарынын бюджетин толтурууда канчалык салымыңыздар бар?
– Жыл сайын ишканабыз республикалык бюджетке эле 30 миллион сом чегерип турат. Мындан тышкары Ош шаарына ай сайын бир миллион сомго жакын салык, ал эми социалдык фондуга 500-600 миң сом которуп жатабыз.
Ошентсе да, азыркындай катаал шартта ишканада өндүрүш көлөмү кыскарып кетпедиби?
– Жо-жок! Иш ыргагы ишканабызда таптакыр басаңдаган жок! Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан жумуш темпин бир калыпта дагыле кармап турабыз. Минтпесек, көптөгөн туруктуу кардарларыбыздан ажырап калчудайбыз. А кийин алардын ишенимине кайрадан кирүү, чынында, чоң азап! Бул деген көп убакытты жана мээнетти гана талап кылат эмеспи.
– Айып этпесеңиз, ушугезде заводдо канча киши туруктуу эмгектенет? Алардын орточо маянысы заман талабын канааттандырабы?
– Жалпысынан заводубузда азырынча 130 адам гана эмгектенет. Булардын арасынан жыйырмасы – аял. Ал эми калганы бүт – эркектер. Булардын ар биринин маянасы 25-30 миң сомдун тегерегинде. Жумушчуларыбыз үчүн өзүбүздүн ашканабыз дагы бар. Андагы оокат-аштарыбыз заманбап жана наркы абдан эле арзан. Мактангандык эмес, бирок, айтып коюуга тийишмин. Биздикиндей шарт жумушчуларга тээ Союз мезгилинде дагы түзүлгөн эмес!
Баса, ишкананын жумушчуларына такай социалдык камкордук (турак жай, жер тилкес, өндүрүш убагында кырысыкка кабылгандарга пособие) көрүлүп жатабы?
– Албетте. Жумуш маалында кокусунан кырсыкка кабылган бир окуя гана катталган. Ал жумушчубуз жарык дүйнө менен коштошкон. Ошондуктан маркумдун тажиясынын чыгымдарын бүтүн бойдон ишканабыз көтөрдү. Мындан тышкары маркумдун үй-бүлөсүнө заводдун эсебинен батир дагы тартууладык.
Канеткен күндө да, жумушчуларыбыздан жардамыбызды азыр деле эч качан аябайбыз! Аларга Ысык-Көлгө жана Жалал-Абад санаториясына эс алууга, дарыланууга жолдомолорду ишкананын эсебинен бекер берип турабыз.
Абдыкерим мырза, калктын социалдык жактан эң аялуу катмарына (майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, багаар-көрөөрүнөн ажыраган кары-картаңдарга, анан абдан жарды жашгагандарга) анча-мынча каралашып турасыздарбы?
– Ананчы! Бул биздин түздөн-түз парызыбыз! Заводубузда узак жылдар бою эмгектенишкен отуз чакты ардагерибизге акчалай жардам, ошондой эле азык-түлүк түрүндө такай көмөк көрсөтүп турабыз. Майыптарга, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана жарды жашагандарга керек кезде даңгал эле каралашып турабыз. Менимче, муну атайын мактаныштын жана жардам алгандардын аты-жөнүн аташтын азыр кажети жок!
Мына, Кара-Сууда Жайчы кыштагы зилзаладан бүтүндөй кыйрап калбадыбы. Ошондуктан, айылдын бир тургунунун үйүн өзүбүзүн эсебибизден бүтүрүп берүүнүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары Тажикстандагы жакынкы зилзаладан жапа чеккендерге жардам иретинде 50 миң сомдук он тонна цемент жөнөттүк.

АБДЫКЕРИМ АМАНОВ: “Азыркындай шарт ишканабызда тээ союз мезгилинде дагы түзүлгөн эмес!”

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17