Аймак

Алишер БАКЫШЕВ: «КӨПЧҮЛҮК АТКАМИНЕРЛЕР МУРУН «АКЖОЛ» ПАРТИЯСЫНЫН ЫРЫН ЫРДАП ЖҮРҮШСӨ, УШУЛ ТАПТА СДПКГА, «РЕСПУБЛИКАГА» ҮРГҮЛЖҮМ ӨТҮШҮП, КЫЛЫ КЫЙШАЙБАСТАН ЭЛЕ ИШТЕП ЖҮРҮШӨТ»

 3,239 Бардыгы /

Алишер БАКЫШЕВ: «КӨПЧҮЛҮК АТКАМИНЕРЛЕР МУРУН «АКЖОЛ» ПАРТИЯСЫНЫН ЫРЫН ЫРДАП ЖҮРҮШСӨ, УШУЛ ТАПТА СДПКГА, «РЕСПУБЛИКАГА» ҮРГҮЛЖҮМ ӨТҮШҮП, КЫЛЫ КЫЙШАЙБАСТАН ЭЛЕ ИШТЕП ЖҮРҮШӨТ»2010-жылдагы айтылуу Ош коогалаңынын тушунда Алишер БАКЫШЕВ Өзгөн районунун акими эле. Бактыга жараша анын батыл аракети аркасында аталган аймакта, айрыкча өзбектер жыш жашаган Өзгөн шаарында улуттар аралык чыр-чатакка таптакыр жол берилген эмес. Мунун сыр-себептерин учурда Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Алишер БАКЫШЕВдин өзүнөн сурамжыладык.
– Алишер мырза, дагыле күнү күнкүдөй эсибизде турат, 2010-жылы Өзгөн районунун акими эмес белеңиз. Агездеги каргашалуу июнь коогалаңы Сиз жетектеген аймакты кыя өткөнү эмдигиче көбүнө дагыле табышмак. Болбосо, райондогу өзбектердин басымдуулугу Өзгөн шаарында абдан жыш жашашат эле да. Дегеле мунун сыры эмнеде?
– Айтканыңызда жан бар. Биринчиден, ошогезде «Кыргыздар менен өзбектер айыгышкыс түрдө кагылышат экен. Аягы сөзсүз көптөгөн кан төгүү менен коштолот» деген кеп эл арасында чагылгандай тез тараган. Ошондуктан, 2010-жылдын 8-июнунан тартып күнү-түнү ар бир айылды түрө кыдырып, ага улай Өзгөн шаарынын өзүндө да жыйындарды байма-бай өткөрдүк. Акырында «Сактыкка кордук жок» деп, 10-июнь күнү шаардын өтө мерчемдүү үч жерине өзүбүзчө бекем тосмолорду орноттурдук.
Экинчиден, Орто Азиядагы эң ири соода борборунун бири болгондуктан, Өзгөн шаарындагы борбордук базарды үч күнгө атайылап жаптырып таштадык. Чынында, биздин мындан башка аргабыз дагы жок эле. Анан алыскы-жакынкы райондордон адамдарды ичкери таптакыр киргизбей турдук. Ошол эле убакта Өзгөндүн бир дагы жанды тышкары дегеле чыгарган жокпуз.
Үчүнчүдөн, Өзгөндөгү укук коргоо органдары чагымчыл маанайдагы күчтөр менен тынымсыз ийиндеше иштешип, аларды Өзгөн шаарына таптакыр жолотушкан жок.
Төртүнчүдөн, Өзгөн шаарындагы ар бир кварталдык комитеттин ишин ошол маалда абдан катуу жандандырып, күнү-түнү бою аракеттенген нөөмөт топторун уюштурдук.
Бешинчиден, өткөн кылымдын 1990-жылдарында жүз берген Ош коогалаңы өзгөндүктөр үчүн, чынында, абдан ачуу сабак болгон эле. Ошонун бул сапар дагы пайдасы бизге куп эле тийди.
– Карапайым калк 2010-жылкы ыңкылаптан кийин деле олуттуу эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн акыркы тапта байма-бай эле айтып жатышат. Тескерисинче, соңку мезгилде мурунку президент Курманбек Бакиевдин абдан жакын санаалаштары кайрадан бийликке байма-бай жана батыл аралашып жатышкандыгын баса белгилешип, коңгуроо кагышууда. Деги Сиз мындай айың-кептерге эмне дээр элеңиз?
– Албетте, мен деле элдин пикирине жалпы жонунан толук бойдон кошулам. 2010-жылы эмне үчүн күрөштүк эле, ыя? Мына, азыр каякты караба, жалаң экс-президент Курманбек Бакиевдин көздөй адамдары жайнап жүрүшөт. Аларды жолуктурган сайын тим эле үрөйүң учат, эй!
Эң кейиштүүсү: качкан президент Курманбек Бакиевдин кандуу режиминин эч алмашылгыс кадрлары бүгүнкү күндө болгону терисин гана тетири жамынып, мурун «Акжол» партиясынын ырын ырдап жүрүшсө, ушул тапта СДПКга, «Республикага» үргүлжүм өтүшүп, кылы кыйшайбастан эле иштеп жатышат, эй! Мунун эмнесине таңкаласың, Алишер.
– Сиздин байкашыңызча, Кыргызстандын парламенттик башкаруу системасына өтүшү өлкөнүн өйдөлөшүнө аздыр-көптүр таасир этпедиби?
– Балээниби? Ооба, парламенттик башкарууну Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, түбөлүк депутат Өмүрбек Текебаев ойлоп тапкан. Бирок, биз ушул тапта Кыргызстан мындай жамааттык жана топтошкон башкарууга таптакыр даяр эмес элек. Анан калса, кайдагы Европага теңелебиз деп, кайра эле Курманбек Бакиевдин кандуу режимин тирилтип албадыкпы.
Мына, райондун акимдерин чекесинен шайладык. Калыс карасаңыз, чыныгы татыктуулар четте эле калышты, бири дагы акимдикке өткөн жок, эй! Анткени, жер-жерлерде добуштар олчойгон акчаларга сатылып, райондук Кеңештердин депутаттары эле ой-да жыргашты. Тилекке каршы, алар элдин убалын жана болочогун таптакыр ойлошкон жок! Эми ошолор калайык-калк үчүн иштеп берээри, чынында, күмөн. Муну өзүңөр көрүп жатасыңар го…
– Алишер мырза, аз убакыт мурда Кыргыз Өкмөтүнүн ошогездеги Ош облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү-губернатор, азыр мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилин өлкөдөгү улуттар аралык мамилелешүүнүн маанилүү каражатына айландыруу демилгесин көтөрбөдү беле. Дегеле ушунун зарылчылыгы бар беле?
– Алыс барбай эле, мобул жакын коңшубуз үлкөн Кытайды алалычы. Аталган өлкөнү эсепсиз улуттар миңдеген жылдардан бери байырлап келатышат. Бирок, баардыгы адегенде жалаң гана кытай тилинде ээн-эркин сүйлөшөт. Анткени, өлкөнү ушунчалык сүйүшөт жана сыйлашат.
Мына, биздин өлкөбүздө деле сексенден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат экен. Алар чоң-кичине улут экендигине карабастан өз тилинде сүйлөгөнгө, окуганга, элинин салт-санаасын күткөнгө толук мүмкүнчүлүк жаратылган. Мамлекет тарабынан эч кандай кысымчылык, же жолтоолук жок.
Менимче, бул жерде мыйзам токуп, жарандарды сөзсүз милдеттендирүүнүн эч кандай кажети жок! Кыргыздар айтат эмеспи, «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт!»
Андан көрө ошол түпкү эмес улуттар өздөрү өсүп-өнүгүүнү каалашса, кыргыз тилинде ээн-эркин сүйлөгөнгө көнүшсүн! Мындан тышкары ошол эле учурда мамлекеттик тилде алар сабаттуу жазууга дагы милдеткер. Биз ушуну талап кылганыбыз, чынында, жөндүүрөөк жана мыйзам ченемдүү. Мындай практиканы азыр Орусияда ачык эле колдонуп жатышпайбы. Мунун эмнеси жаман экен?

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17