Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
26,257 Бардыгы / Бир карашта кызамык менен кызылча оорусун айырмалай албай калышыңыз мүмкүн. Анткени экөөнүн тең ооруп жаткан адамга берген таасири бирдей. Мисалы, кызамыкта да, кызылчада да бала температура болот, жөтөлөт, мурду бүтөт, мурундан суу агат, көзү, тили, ооз көңдөйлөрү жана бара-бара бүтүндөй денесин кызыл чекиттер каптайт. Болгону бир өзгөчөлүгү кызамыкта денени кызыл чекит жайылган абалда […]
26,258 Бардыгы / Бир карашта кызамык менен кызылча оорусун айырмалай албай калышыңыз мүмкүн. Анткени экөөнүн тең ооруп жаткан адамга берген таасири бирдей. Мисалы, кызамыкта да, кызылчада да бала температура болот, жөтөлөт, мурду бүтөт, мурундан суу агат, көзү, тили, ооз көңдөйлөрү жана бара-бара бүтүндөй денесин кызыл чекиттер каптайт. Болгону бир өзгөчөлүгү кызамыкта денени кызыл чекит жайылган абалда […]
ТАМЫРЧЫДАН КЕҢЕШ: Кызамык менен кызылчанын айырмасы
11.12.2015 / Автор anarkan_kg26,259 Бардыгы /
Мисалы, кызамыкта да, кызылчада да бала температура болот, жөтөлөт, мурду бүтөт, мурундан суу агат, көзү, тили, ооз көңдөйлөрү жана бара-бара бүтүндөй денесин кызыл чекиттер каптайт. Болгону бир өзгөчөлүгү кызамыкта денени кызыл чекит жайылган абалда көбүрөөк чыгышы мүмкүн. Кызамык жана ал жукчу абалдар адам организми кубаттуу болсо, кызамыкты козгоочу вирус жукпайт. Антпесе, кызамык менен ооруган адамга жандашканда (жөтөлүү, сүйлөшүү, чүчкүрүү ж.б) жуга берет. Бул оору көбүн эсе кышкысын желдетилбей, дымдалып калган үйлөрдүн жашоочуларында болот. Кызамык оорусу 5-6 айлык балдарда болбойт. Анткени аларда табигый иммундук кубаты болуп, ошол ооруларды күрөшүп жеңип турат. Ал эми андан башка бардык адамдарга жугушу мүмкүн.
Кызамыктын белгилери -кызамык вирусу организмге бат кирет да натыйжада бала абалы тумоологондой оорлошот. Ошол учурда баланын ысытмасы 38-39 градуска дейре көтөрүлүшү мүмкүн. Мурду бүтүп, тынымсыз жөтөлүп калат. Көздөрү чылпактап, аллергия сыяктуу кызарып кетет. Жарыкты карай албай көздөрүн алып качып калат. Ошол учурда бала тарапты караңгылатып койсо жакшы болот. Таңдайда, тилде кызыл тактар пайда болуп, тамакка болгон табити буулат. 3-4 күн дене табы бир аз басаңдап кайра көтөрүлөт. 5-6 күндөрү алгач кулак, моюнга кийин бүткул денесине жайнаган кызыл тактар басып кетет. Анан бара- бара кызылдар тарап бала өз абалына келет. Бул оору айрымдарында 4-5 күндө кызылы тарайт. Айрымдарында бир аптага созулушу мүмкүн.
Баланы дарылоо абалы начарлаганын байкашыңыз менен жакынкы ооруканаларга көрсөтүңүз. Эгер ал жактан врач үйдө кароого уруксат берсе төмөндөгүчө дарылайсыз.
1 – бала жаткан бөлмөнү күндө 2-3 ирет тазалап, желдетип, жаткан төшөктөрүн күнгө жайып турасыз. Бөлмөгө кирген күн нурунун зыяны жок. Анткени желденип, күн нуру кирип турган бөлмө микроптордон таза болот. Мында бир эле нерсе күн нуру баланын көзүнө түз тийбесе болду. Баланы өтө тердетпей, кол тырнактарын таза кармоо керек. Анткени кызамык чыккан жайлар кычышат да, тырнагы өскөн болсо тырманганда андан микроп кирип, парсанактап, ириңдеп кетиши мүмкүн.
2- баланын кийимдерин да бат -бат которуп туруу керек. Таза пахтадан болгон кийим кийсе жакшы болот.
3- оорулу бала диетада болот. Ачуу, ширин, ачкыл, ышталган тамактарды жебейт. Колдон келишинче жеңил тамактарды – сүт жана сүттөн жасалган азыктарды быштак, сүт, ёгурт, ботко, айран жана кыргычтан өткөрүлгөн сабиз же алма кырындысы пайдалуу. Кошумча мөмө-жемиштерди берүү максатка ылайык болот. Мисалы, банан, өрүк, мейиз кагын кайнатып компот кылып бериниз (сахары жок). Ал эми аллергия чакыра турган жашылча жемиш, азыктарды таптакыр бербөө керек. Анткени булар ооруну күчөтүп жиберет. Аллергия чакыра тургандарга: жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, дан куурай ж.б кирет.
4- күн жакшы жылыганда баланы жылуу кийинтип таза абага чыгаруу керек. Канча күнгө кактанып олтурса, ошончо бат сакаят.
5- күндө 1тиш сарымсак, 1 даана сабиз жесин жана бир чай кашык сейдана майы, жарым чай кашык имбир, бир чай кашык алоени аралаштырып дак суу менен ичириңиз. Мындан сырткары баланын кызарган жайларына зелёнка сүртүп турасыз.
6- баланы кароого чамаңыз жетпесе, сөзсүз түрдө ооруканага алып
барыңыз. Анткени ооруну өтүштүрүп жиберсеңиз башка оорулардын
пайда болушуна шарт түзүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн Тел: 0771-98-33-78.
“Аймак”
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.