Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,679 Бардыгы / Өлкөбүздүн саясий айдыңында 2011-жылдан тартып ишмердүүлүгүн өтө активдештирген “Кыргыз Ата” партиясы аталышын “Тилектештик” деп өзгөрттү. Мунун себебин жана саясий уюмдун жакынкы жылдарга план–мүдөөлөрүн ” Тилектештик” партиясынын жолбашчысы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВДЕН сураштырдык. –Төлөгөн Мырза, партияңыздын аталышын эмне себептен мынчалык өзгөрттүңүз? -Баамдап жаткандырсыздар, биздин өлкөбүздө дагы эле укуктун үстөмдүгү жок! Мамлекетибизде мыйзамдуулук толук кандуу […]
2,680 Бардыгы / Өлкөбүздүн саясий айдыңында 2011-жылдан тартып ишмердүүлүгүн өтө активдештирген “Кыргыз Ата” партиясы аталышын “Тилектештик” деп өзгөрттү. Мунун себебин жана саясий уюмдун жакынкы жылдарга план–мүдөөлөрүн ” Тилектештик” партиясынын жолбашчысы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВДЕН сураштырдык. –Төлөгөн Мырза, партияңыздын аталышын эмне себептен мынчалык өзгөрттүңүз? -Баамдап жаткандырсыздар, биздин өлкөбүздө дагы эле укуктун үстөмдүгү жок! Мамлекетибизде мыйзамдуулук толук кандуу […]
Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ: “АКЫЙКАТ САЯСИЙ СИСТЕМА КЫРГЫЗСТАНДЫ КУБАТТУУ ӨЛКӨГӨ АЙЛАНТАТ!”
16.04.2020 / Автор anarkan_kg

2,681 Бардыгы /
Өлкөбүздүн саясий айдыңында 2011-жылдан тартып ишмердүүлүгүн өтө активдештирген “Кыргыз Ата” партиясы аталышын “Тилектештик” деп өзгөрттү. Мунун себебин жана саясий уюмдун жакынкы жылдарга план–мүдөөлөрүн ” Тилектештик” партиясынын жолбашчысы Төлөгөн КЕЛДИБАЕВДЕН сураштырдык.
–Төлөгөн Мырза, партияңыздын аталышын эмне себептен мынчалык өзгөрттүңүз?
-Баамдап жаткандырсыздар, биздин өлкөбүздө дагы эле укуктун үстөмдүгү жок! Мамлекетибизде мыйзамдуулук толук кандуу орной элек. Жашырып не, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги эки ыңкылап тең кайран элдин үмүтүн чындап актаганга жарабады.
Ошентип алдыбызда жакынкы беш жыл аралыгында мамлекеттибизде туруктуу саясий системаны түптөө жана ыкчам калыптандыруу, буга улай кургуйга эбак кулаган экономикабызды чукул арада көтөрүү, анан дагы өлкөбүздүн жарандарынын жашоо-шартын жакшыртуу милдети турат. Ошондуктан партиябыздын аталышын “Тилектештик” деп өзгөрттүп, Кыргызстандагы баардык саясий күчтөрдү өз ара бөлүнүп-тирешпестен, жалпы улутубуздун кызыкчылыгы үчүн сөзсүз түрдө биригүүгө үндөп жатабыз.
–Кашайып бул демилгеңиздердин жүзөгө ашырылышына коомубузда дагы эле кендирди кесип жаткан укуктук нигилизм балакети жол бербесечи?
-Туура баамдапсыздар. Кыргызстандын бүгүнкү укуктук системасы заман чакырыктарына таптакыр жооп бербейт! А мындай туташ кайдыгерлик коомубузда, ошондой эле мамлекеттик институттар арасында укуктук нигилизмди гана бекем түптөдү жана катуу орнотту. Анткени өлкөбүздө башкаруу системасы өзгөргөнү менен, мамлекеттик органдардын иштөө ыкмасы эски эле бойдон калып кетти. Байкагандырсыздар, бүгүн Кыргызстандагы бийлик түзүмдөрүнүн ортосунда ырааттуу алака дегеле жок! А жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ыйгарым укуктары абдан бүдөмүк жана механизмдери так эмес! Соттук реформаны Президентибиз Сооронбай Жээнбеков миң ирет убадаласа дагы, дегеле соңуна чыкпай келатат. Дал ушунун кесепетинен Кыргызстанда бийлик эки жолу кулатылып алмашкандыгын тез эле унутуп коюшту.
-Айтмакчы ар бир партия өз амбициясына жетеленип, андан таптакыр чыга албай жатышпайбы?
– Эгерде дал азыркыдай кайдыгерлиги бизге салсак, дагы көптөгөн жылдар бою ушинтип узакка чайналабыз. Андыктан алдыбыздагы чоң сыноолорду – Жергиликтүү жана Жогорку Кеңеш шайлоолорунун астанасында Кыргызстандагы баардык саясий күчтөр терең акыл калчап, анан өз ара ымалага келип, эң ириде Кыргызстандын болочогун жана түбөлүктүүлүгүн ойлошубуз кажет! Чындыгында, мындай мүмкүнчүлүктү Кудай адеп эле пешенебизге жаза бербейт!
–Төлөгөн мырза дегеле бул кебетесинде саясат айдыңында акыйкат системаны орнотконго кудуретибиз жетеби?
-Карасаңар, эй! Кичинекей Кыргызстаныбызда эки жүздөн ашуун партия бар экен.
А саясат айдыңында туруктуу жашаганы жана иштеп жатканы он чакты гана. Биздин “Тилектештик” партиясы дал ошол ордун бирөөсү.
Эгерде быйыл күзүндө өткөрүлчү Жергиликтүү жана Жогорку Кеңеш шайлоолорунда адаттагыдай ажана акча ресурстары байма-бай колдонулбаса, Кыргызстанда акыйкат саясий системаны түптөгөнгө жана бекем орнотконго абдан сонун ыңгай жаралат. А мындай заманбап шарт бара-бара мамлекеттибизди кубаттуу өлкөгө гана айландыраары шексиз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Сүрөттөр: Төлөгөн Келдибаев, автордуку
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СОТ АТКАРУУЧУЛАР КЫЗМАТЫ ТҮЗҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.