Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,944 Бардыгы / Ош шаарындагы жүздөгөн оор жүк ташыган автоунаалардын шоопурлары нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Кытайдын бажы көзөмөлүндөгү жаңы эреже таптакыр мыйзамсыздыгын жана бул талап айдоочуларды жөн гана убара кылып жаткандыгын баса белгилешкен. Бул маселе ушул тапта канчалык деңгээлде оң жагына чечилип жатат? Ушул өңүттө өз кабарчыбыз Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык […]
2,945 Бардыгы / Ош шаарындагы жүздөгөн оор жүк ташыган автоунаалардын шоопурлары нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Кытайдын бажы көзөмөлүндөгү жаңы эреже таптакыр мыйзамсыздыгын жана бул талап айдоочуларды жөн гана убара кылып жаткандыгын баса белгилешкен. Бул маселе ушул тапта канчалык деңгээлде оң жагына чечилип жатат? Ушул өңүттө өз кабарчыбыз Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык […]
БОЛОТБЕК ТЕЗЕКБАЕВ: «ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШПӨСӨК, ЭКИ ТАРАПТУУ МАМИЛЕ ЧЫНДАП ЭЛЕ БУЗУЛАТ»
20.03.2017 / Автор aymak

2,946 Бардыгы /
Ош шаарындагы жүздөгөн оор жүк ташыган автоунаалардын шоопурлары нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Кытайдын бажы көзөмөлүндөгү жаңы эреже таптакыр мыйзамсыздыгын жана бул талап айдоочуларды жөн гана убара кылып жаткандыгын баса белгилешкен. Бул маселе ушул тапта канчалык деңгээлде оң жагына чечилип жатат? Ушул өңүттө өз кабарчыбыз Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчиси Болотбек ТЕЗЕКБАЕВди кепке тартты.
– Болотбек мырза, Кытай Эл Республикасынын Улуу Чат ооданында оштук айдоочулар бажы бекетинен өтө алышпай кармалып турушат дешти эле. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Оштун шоопурлары айдаган 27 жүк ташыган автоунаа тент (чатыр) менен жабылган. Муну биз өзүбүз тайылап жасаган жокпуз да. Заводдон өзү дал ушундай тейде ысык-суукта жүк ташыганга абдан ылайыкташтырылып чыгарылган. Анан баары эл аралык стандартка толук бойдон жооп берет. Тилекке каршы. Кытай бажысы муну таптакыр эске албастан, бизне таандык баардык автоунааларды артына эптеп кайтарышыптыр.
– Эмне себептен?
– 2014-жылы Кубанычбек Жумалиев премьер-министр кезинде оор жүк ташыган автоунаалар тент (чатыр) жабылып жүк ташуусуна Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Бул документ ушул тапта дагыле күчүндө. Бирок, биз айлабыз таптакыр куруганда Кытайдагы кесиптештерибизден бул келишим эмне себептен бир тараптуу гана бузулуп жаткандыгын катуу сураштырдык. Мунун жыйынтыгын расмий сүйлөшүүлөрдөн соң гана жар салмакчыбыз.
– Бул эмне дегениңиз?
– Ушул тапта Кыргызстандын автоунаа жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева жогорудагы маселелерди жөнгө салуу максатында Кытайда иш сапары менен жүрөт. Аны коңшу мамлекетке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков атайылап жөнөткөн. Өз ара расмий сүйлөшүүлөрдөн соң гана бир топ көйгөйлөр жеринде дарооо чечилет деп биз дагыле үмүттөнүп атабыз.
– Ага дейре оштук айдоочулар “Үзгүлтүксүз нааразычылык акциясын жарыялап, мөөнөтсүз иш таштоо баштайбыз!” деп жатышпады беле?
– Ушундай максатта жүрүшкөн оштук айдоочулар менен Ош облусунунун жетекчилери, ички иштер министрлигинин, улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин өкүлдөрү бетме-бет жолугушуп, маселени чырдашпастан жана мындан ары ырбатпастан диалог жолу менен гана чечүүнү сүйлөшүштү. Акыры орток пикирге келишти.
– Болотбек мырза, кокус Кытай тарап келишимди дагыле бузуп, кайра эле айнысачы?
– Дүйнөлүк практикада Кытайбы, же башка мамлекетпи, эки тараптуу келишимге атайын кол коюлуп, ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирип, анан токтоосуз аткарылышы кажет! Ошондуктан, биздин дагы маселени оң жагына гана чечкенге аракетебиз күч. Антпесек, мындайча айтканда, өз ара түшүнүшпөсөк, эки тараптуу мамиле чындап эле бузулат. А аны кайрадан калыбына келтирүү анда түккө дагы арзыбай калат жана абдан көп убакытты гана талап кылат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕШТАМ АВТОУНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ ЫКТЫМАЛ
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАПОНИЯДА КЫРГЫЗ БАЛЫН УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН АБЫШКАГА БЕЛЕК ТАРТУУЛАШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.