Аймак

Академик Оморбай НАРБЕКОВ: «МЕН ӨЗҮМДҮ КУРОРТОЛОГИЯ ИНТСИТУТУНАН ТАПТЫМ»

Академик Оморбай НАРБЕКОВ: «МЕН ӨЗҮМДҮ КУРОРТОЛОГИЯ ИНТСИТУТУНАН ТАПТЫМ»

 6,881 Бардыгы /

Адамзаттын саламаттыгы – анын бактысы. Жөн жерден «бакыттын ондон тогуз бөлүгү ден соолук» деп айтылбаса керек. Бүгүн биз сөз кылчу инсан кыргыз медицинасында салмактуу орду бар, улут үчүн, анын келечеги үчүн күйүп бышкан, конкреттүү аракеттери менен эл аралык аренадагы таанымал врач, академик Оморбай Нарбеков. Акыркы 4 жылда облусубузга келип ооруулуларды дарылап жүргөнүнөн анын ким экендигине кызыгып, сиздерге тааныштырууну эп көрдүк.


Блиц-инфо


Толук аты жөнү: Нарбеков Оморбай Нарбекович


Туулган жылы: 1941-жылдын 5-январы

Сыйлыктары: Колифорния академиясынын академиги, Кыргызстан коомдук илимдер академиясынын академиги, КРдин эмгек сиңирген ишмери, ондогон грамота, дипломдордун ээси

Шакирттери: Медицина илимдеринин 1 докторун, 3 кандидатын даярдап чыгарган.

 

АТА БАБАЛАРЫ ТАМЫРЧЫ БОЛГОН
2010-2011-жылдары Саламаттыкты сактоо министринин (ССМ) орун басары болгон Оморбай Нарбеков учурда ССМнин алдындагы Эл аралык салттуу жана эксперименталдык акедемиянын президенти. Ал тарыхы ташка катылчу улуу киши. Улуу Жараткан бул адамга баамчылдыкты, дилгирликти, жөндөмдү аянбай берген экен. Быйыл, өмүрүнүн 76-ашын жеп жаткан биздин каарман бүгүн да эл кызматында чаалыкпай эмгектенип келаткан учуру.
Оморбай Нарбекович Нарбеков 1941-жылы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында туулган. Атасы Нарбек кийинчерээк ветеринар болсо, энеси Жумагүл үй кожойкеси эле. Апасы 24 бала төрөп, анын алтоо эл арасында аман чоноюшат. Анын балалыгы Ата-Мекендик согуш жылдарынан кийинки, кыйчалышкан кыйын күндөргө туш болду. Өткөн кылымдын балдарынын көргөн күндөрү, басып өткөн доору биздин замандын балдарына жомоктой эле айтылып калбадыбы?! Ошол күндөрдү эскерип жатып буларды айтат: «Атам кой бакчу, 600 койду караган 3 үй-бүлөгө өкмөт анда 800 рубль төлөчү. Бир күнү атам ооруп жатканында койлорду кароо мага жүктөлдү. Анда 7-класста окучум. Ал койлордун бири аксак, бири келесоо кыскасы соосу жок. Алар да бир жакка жайылсачы, ар тарапка качат ыдырап. Анан мен атама айттым «ай ата, мен сизге ошол акчаны башка жумуш кылып табайын, ушул койлорду колхозго өткөрүп эле берип койчу деп». Эртеси күнү койлорду кралинге салдык, андайда койлорду короосунан чыгарбасаң арам өлүп калышат. Ошентип директорго «койлорун алып кетсин же башкага өткүрүп берсин. Мен койлорду бүгүнтөн чыгарбайм» деп айттырып жибердим. Бир кезде директор, дагы бир жардамчысы менен келип калышыптыр. Талашып тартышып жатып, эртеси койлордон кутулдум. Анан бир окумуштууну ээрчип Ташкентке барып кварц таштарын терип 1500 рубль таап келгем».
Түбү түптүү, үңгусу уюл, канында дабагерлик өнөр бар Оморбай Нарбековдун чоң ата, чоң энелеринде, ал тургай таякелеринде да ооруган кишиге өмүр тартуулаган касиет болгон. “Жорупбек деген атам тамыр кармап диагоноз койгон кыйын адам болгон экен. Эл андайды кыл тамырчы деп айтат эмеспи. Ал киши мал болбос адамдын тамырын кармап туруп, үзүрлөөрүнө канча күн калганына чейин жаңылбай туруп айтып койчу экен. Айыгаар адамды кыргыздын көк суусуна отургузуп коюп, суу ичирип жатып сакайтып чыгарчу дешет. Казыбек деген дагы бир атабыз ооруган адамдан кан алчу дейт. Ал каны ашып кеткендердин көзү менен болжоп туруп, атайын бычагы менен нормага түшүрүп салчу. Сары апа деген апабыз болсо эмчи-домчу, бүбү эне болгон. Ал киши аялдардын төрөтүнүн адиси эле эмес, сезгенип ооругандарды териге ороо сыяктуу ыкмалар менен айыктырып койчу экен. Бала кезден мына ушундай дабагер кишилердин өнөрлөрүн өз көзүм менен көрүп калдым. Адамдар кыйналып, жанын коёрго жер таппай, шаабайы сууп турганда күтүлбөс дабаадан тез эле сергип, көңүлү ачылып, кадимкидей тынч алып калганы мага, балага ал кезде шумдуктуу бир сыйкыр катары сезилчү. Көрсө мен ошондо эле өзүмдү-өзүм медицинага даярдап, азыркыча айтканда, кесип тандоо жолуна күн мурунтан даяр болуп калган көрүнөм» деп биздин каармандын ата-бабалары жөнүндө айтып калды. Ошентип, ал чыт курсак кезинен дээринде бар сергек бала болуп, аталарынан оорулууну кандайча айыктырганын, анын жол-жобосуна байкоо салып жүрүп келечегин аныктап койгон окшобойбу.
Ооруган кишини дабалап, жашоодон чарчаган адамга үмүт берген «доктор болсом» деген ынтаасы менен Бишкекке келип Кыргыз медицина институтуна окууга тапшырат. Каарманыбыз аны мындайча эстейт: «Анда куураган куу турмуштун көйгөйү ар качан көңүл-ойдон чыкпай, жоктон бар кылып жашоого бизди үйрөтүп койгон турбайбы. Маселен, менин улгайган ата-энем айылда жашайт, жашоосу өп-чөп, акча-тыйыны тартыш. Агам болсо армияда. Студенттерди жайкысын Ат-Башы тарапка айыл чарба жумушуна алып кеткен учурда, мен байкуш декандан эптеп суранып алып, өзүмө, ата-энеме кичине каражат болсун деп жалданып алып кыш куям. Борбор шаардын Жигуливская көчөсүндөгү көп үйлөрдүн пайдубал, чийки кыштарын мен куйгам. Ошентип жан аябай кара жумуш кылгандан кийин, дурустап акча таап, өзүмө кийим-кечек алып, ата-энеме бир демелерди сатып алып, компоюп айылга барып калам. Анан 1-сентябрда окууга келгенде сүлкүлдөгөн костюм-шым, апапак көйнөк, кычыраган галстугум менен модалуу жаңы туфличен аудиторияга кирип, балдардын ичин бир күйгүзгөм».

ИЛИМ ЖАНА НАРБЕКОВ
1965-жылы окууну артыкчылык менен аяктаган Оморбай Нарбеков илимге баш оту менен кирип ординатура, аспирантура, докторантураны бүтүргөн. Ал 20 жыл студенттерге сабак берип, 5 жыл мединситутта дарылоо иштери боюнча проректорлукту аркалаган.
Кандидаттыгын жактаган соң илимий ишин «Бийик тоо шартындагы адамдын ден соолугунун өзгөчөлүктөрү» деген маселенин үстүндө улантып, тоодо жашагандардын ден соолугунда тегиз жерде жашагандарга караганда айырмачылыктарына кызыгуусу артат. Аларда тегиз жерде кездешпеген кандай оорулар бар, бийик тоо шартында адамдын өпкө-жүрөгүнүн иштеши, кан айлануу системасындагы өзгөчөлүктөрү, ушуларды билүү үчүн, академик Миррахимовдун жетекчилиги астында бийик тоо шартындагы адамдын ден соолугунун өзгөчөлүгүнө изилдөө жүргүзө баштайт. Дүйнөнүн чокусу делген Тажик ССРиндеги тоолуу, 3600 метр бийиктиктеги Бадахшан автономиялуу облусунун кыргыздар жашаган Мургаб районунда эмгектенип 4-5 рецепттик монография жазып келет.
Анда жүрүп кыргыздын чыныгы патриот уулу катары кандаш Мургабдыктардын жагдайын көргөндө бушайманга түшөт. Же Тажикстандык өкмөтү жеткиликтүү көңүл бурбай, башка мамлекеттеги немелерге же биздин өкмөт каралаша албай, мургабдык туугандарыбыз совет элине берилип жаткан «куруттан» куру калып, өздөрү көк тиреген бийик жерде турса да, турмуштун төмөнкү баскычында экендигине каңырыгы түтөйт. Аба ырайынын катаал шартынан жана көр тиричиликтин айынан өзүнүн боюн кароого чолосу тийбей эртелеп картайгандарын көрүп жаны кашаят. Менчик «жигулисин» сатып, анын акчасына автобус жалдап, 80ден ашуун мургабдыктарды Бишкекке алып келди. Алардын бардыгын Бишкекте медициналык текшерүүдөн өткөрүп, дарылатты. Дартынан арылтты. Барыдан да жүрөк ооруга чалдыккан эки кыздын ата-энесине жалбарып жатып, кайра өзү жеткирээри жөнүндө тил кат жазып берип, борборубузга алып келген. Сейиткан Жошибаевдин операциясынан кийин 2 кыз кеселинен кутулду. Турмушка чыгышты. Эне болушту.


БЕЙИШКЕ КАРАЙ ЖОЛ

Экономикалык реформалардын алгачкы белгилери билине баштаган мезгил. Ошол 1988-жылдары республиканын саламаттыкты сактоо тармагында да илимий мекемелерди кыскартуу тенденциясы башталды. Демек, «өзүңдү өзүң бак, камсызда» деген талап коюлган. Мындай ишке чыйыр салуу үчүн чечкиндүүлүк, баатырлык керек эле. Ошол 1990-жылы Кыргызстанга СССР саламаттыкты сактоо министри Е.И.Чазов келген кезде О.Нарбеков фитотерапия тууралуу маселе көтөрөт. Кийин министр аны Москвага чакыртып, медицинанын ушул салаасын Кыргызстанда өнүктүрүүсүн суранат. Андан соң Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кубаттап, 1990-жылы 20-мартта бүткүл Союзда алгачкы ирет табигый жол менен дарылай турган «Бейиш» деп аталган Кыргыз эскперименталдык илимий-өндүрүштүк курортология жана салттуу медицина борбору түзүлгөн. Ошентип кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик каржылоодон баш тартып, өзүн-өзү камсыздаган мекеме ачылды.
Ириде доктор Нарбеков мыкты команда курайт. Дары чөптөрдү ийгиликтүү пайдаланып жаткан, кыйла тажрыйба топтоп, бизде гана эмес, чет өлкөлөргө чейин дайыны угулуп калган өндүрүшчүлөрүбүздү өстүрүп чыгарат. Айталы, В. Вольвич, А. Надирова, И.Рахимова, Р.Свистунова, Б.Иманкулов, Ю.Шидаков, Б.Корчубеков деген фармакологторубузду дал ушул киши издеп таап, илимий борбор түптөдү.
Борбор өз ишин кыргызстандагы болгон дары чөптөрдүн бардыгын картага түшүрүп, качан, кантип жыйноого боло тургандыгын аныктоодон баштайт. Андан кийин гана табигый препараттар даярдала башталды. «Бейиштин» бальнеолог окумуштуулары каттаган 30 түрлүү минералдык суулардын 10 түрүнө дегеле дүйнөдөгү бардык минералдык суулар теңдеше албайт. Нарбеков Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү жана Юнчень медиктери менен активдүү иштеше баштайт. Айрыкча, Бүткүл кытайлык ийне сайгычтардын коомунун башчысы, профессор Цзе Дисо Шунфа катышкан кыргыз-кытай борбору чоң ийгиликтерди жаратты. Бул борбор ийне сайып дарылоо боюнча 423 адисти окутуп чыгарды. «Бейиштин» генералдык директору Оморбай Нарбеков «Бейишти» уюштуруу менен медицина философиясы жана теориясы туюкка туш келгенине көзү жеткен.
Чындыгында «Бейиш» ал кездери гүлдөгөн мекеме болду. 1017 киши иштеп, өзүн өзү каржылап, мамлекет салыгын үзбөй төлөп турган. Аталган борбор мамлекеттен бир тыйын албай, тескерисинче мамлекетке жардам берип турушкан. Кыргызстандын Өзбекстанга газ үчүн карызын жабуу үчүн миллиондогон долларлык дары дармектерди коңшу өлкөнүн өнөр жай министрлигине өткөрүшкөн. «Бейиштин» ошол Нарбеков жетектеген жылдарындагы ийгиликтерин, жетишкендиктери көп. Мисалы, дары-дармек жасоо, илимий жетишкендиктердин катарында Кочкордогу Чоң Туз, Токтогулдагы Шамшыкал туз кендерин тамак-ашка эле колдонбостон, дарылык касиетин пайдаланууга болоорун аныктап, санатория ачкан. Анда астманы, өпкөнүн бронхит кеселдерин, аллергия ооруларын дарылап айыктырууда жакшы натыйжаларга жетишишкен. Чон тузду Оморбай аксакал төмөнкүчө эскерет: «Чоң тузду тургузам деп көп жыл өмүрүм кетти. Жергиликтүүлөрдөн 100 киши иштейт эле. Путевкалар эртелеп сатылып, эл ооруканага батпай калчу. Анын атагы Союз эмес, Японияга жеткен. 1990-жылдары мени Японияга чакырышты. Мен Чоң Туз боюнча доклад окудум. Аларга дүйнөлүк биологиялык лаборатория кылалы деп, туз кенди сунуш кылдым. Анан ошентип күжүлдөп иштей баштаганда андагы саламаттыкты сактоо министри Касиев Нарын облусуна алып берди. Иштете албай коюшту. Кийин райондун акими мекчиктештирип алды. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин эки жыл таланып-тонолуп, аңгырап бош турду. Эми айыл аймактын карамагына алышкан экен, мени иштетип бер деп жатышат».

ТАБИЯТТЫ САКТООНУ АЙТЫП КЕЛЕТ
Өмүрүн экологиялык жактан таза дары-дармек жасап, жаш муундарды тарбиялоо менен көптөгөн илимий ачылыштарга арнаган Оморбай Нарбеков көп кырдуу илимий иштерин чагылдырган 8 монографиянын, 6 китептин, 150 илимий изилдөө иштердин, 8 ойлоп табуучулуктун, Кыргызстан менен Орусиянын 10 патентинин, 5 илимий популярдуу фильмдин автору жана 100гө чукул дары-дармек, 10дон ашуун фармстатьяга ээ болгон окумуштуу.
Анын жасаган дарылары эл аралык аренада жогорку баага арзыган. Мисалы, Бельгиянын королу атайын мекеме түзүп, ага дүйнө жүзүндө болуп жаткан ачылыштарды, жаңы илимий багыттарды изилдеп, өз алдынча жыйынтык чыгарууну тапшырган. Алардын көз карандысыз эксперттери, эч кимдин пикирин, мамлекеттердин сунуштоосун карабай, тигил же бул жаңы табылгаларга эркин көз караштагы өз бааларын беришет экен. Маалыматтарды өз алдынча жыйнап алышып, ар бир жылдын аягында Евромаркеттин сыйлыктарын кимге тапшырууну аныкташат. О.Нарбековдун дарылары мына ушундай тартип боюнча сыйлыктарга 1994, 1995, 1997,1999, 2004-жылдары «Евромаркет» борборунун «Жогорку сапаттагы товар жана жаңы технологиялык инновациялар жаатындагы жетишкен чоң ийгиликтери үчүн» сыйлыгын алган. «Кыргызстан – 2008» көргөзмөсүндө «Нежность», «Бишкек – 2008» көргөзмөсүндө «Тянь-Шань мүрөгү» бальзамдары үчүн КРдин диплому жана алтын медаль менен сыйланган. Анын дарылары Чернобыль АЭСинин апаатынан жабыр тарткан калктын ден соолугун калыбына келтирүүдө эң эффективдүү дары деп табылып Украина, Россия, Белорусия ондогон тонна алышкан. Кийин 2011-жылы Япониядагы океан алдындагы жер титирөөдөн улам цунами толкуп, анын кесепетинен Фукушима АЭСинде жарылуу болгондо «тажрыйбаныз мыкты экен, бизге да жардам кылыңыз» деп япон эли жардам сурап кайрылышкан.
Отуз жылга чукул өмүрүн арнаган бул иши боюнча ал: «Мен өзүмдүн багытымды курортология интситутунан тапкандай болдум. Анткени ал жерде Кыргызстандын жаратылышындагы адамдын организмине керектүү нукура-таза минералдарды, эң күчтүү дары чөптөрдү, чөптөрдүн тамырларын изилдеп, тереңирээк талдап, 1988-жылдан баштап кыргыздын жаратылыш байлыктарынан дары жасай баштадым. Иммунитетти көтөрүү үчүн клеткаларды жашартып туруунун мааниси зор. Ал үчүн адам өзүн сергек алып жүрүш керек. Мен мунун менен ооруйм, тиги менен ооруйм деп күн мурун, организмдеги клеткалардын өмүрүн мезгилсиз курмандыкка чала берүү жарабайт. Адам өзүнө өзү бекем ишенип, бөөдө сана менен кайгыдан алыс болгону жөн» деп кеңеш берет доктор Нарбеков.
Көрөңгөлүү элибизди ааламга алып чыккан атуулдарынын бири, АКШнын Калифорния шаарындагы илим билим берүү, индустрия жана искусство академиясынын академиги, Кыргызстан коомдук илимдер академиясынын академиги, Эмгек сиңирген ишмер, Омарбай Нарбековдун эки уулу, 9 небереси, 5 чөбөрөсү бар. Аялы Жамал Арунова – медицина илимдеринин кандидаты, доцент, өмүр бою медицина институтунда эмгектенди. Учурда пенсияда.

Академик Оморбай НАРБЕКОВ: «МЕН ӨЗҮМДҮ КУРОРТОЛОГИЯ ИНТСИТУТУНАН ТАПТЫМ»

Академик Оморбай НАРБЕКОВ: «МЕН ӨЗҮМДҮ КУРОРТОЛОГИЯ ИНТСИТУТУНАН ТАПТЫМ»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маектешкен Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»


Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17