Аймак

АЙНАЗ СУЛАЙМАНОВА АСПИРАНТ: “КҮНДӨ ПАЙДАЛУУ ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮП ТУРУУ КЕРЕК”

АЙНАЗ СУЛАЙМАНОВА АСПИРАНТ: “КҮНДӨ ПАЙДАЛУУ ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮП ТУРУУ КЕРЕК”

 3,716 Бардыгы /

АЙНАЗ СУЛАЙМАНОВА АСПИРАНТ: “КҮНДӨ ПАЙДАЛУУ ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮП ТУРУУ КЕРЕК”

“Жалал-Абаддын бир кызы же бир уулу…” рубрикабыздын бул сандагы каарманы Айназ Сулайманова. Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин бүтүрүүчүсү. Учурда Германияда экинчи окуусун улантууда. Кыргызстандан да чет жактан да билим алган бул кызыбыз менен маек куруу аркылуу айрым ийгилик сырларын ачыктоону максат кылдык. Ошондой эле аз да болсо, жаштарга жакшы сабак болсун дедик.


Каарман тууралуу:
Жашы: 25те
Жактырган өңү: Ак
Сүйүп уккан музыкасы: Француз поп музыкасы, Louane “Jour 1”, Kids United “Un Ecrit sur la Mur” , же эски француз классика ырлары Charles Trenet “La mer”.
Учурда Германиядагы Саар университетинде магистратурада билим алат.
Көп колдонгон сөзү: Окей

АПАМ ЭКӨӨБҮЗ ЭЖЕ-СИҢДИДЕЙБИЗ
Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында төрөлгөм. Үй-булөдө жалгыз кыз болгондуктан эрке болчумун. Бирок өтө деле эмес, анткени жалгыздыктан талтайып кетпесин деп баланс менен тарбиялашкан. Атамдын аты Сапар. Айдоочу болуп иштеген, пенсияга чыккандан бери айылда багбанчылык менен алектенип журөт. Апам “Бай Түшүм” банкында иштейт. Аты Гульназ. Менин атымды атам апамдын атына уйкаштырып койгон экен. Ошол үчүнбү апам экөөбүз эже-синдидей болуп жүрөбүз. Жада калса мени “кызым” деп айтчу эмес. Атымды атап чакырчу. Эми гана Германияга келгенден бери “кызым” деп эркелетип калды. Мени апама караганда атам көбүрөөк эркелетчү. Эселек балалык күндөрдүн кызыктары азырга чейин жүрөгүмдө жашайт. Ал кезде Кочкор-Атада жашайт элек. 1-класска орус мектепке орусча билбей туруп барганмын. Апам эжекең көйнөгүңдүн түсүн сурайт, ошондо “красный” деп жооп берүүмдү айтып жаттаткан. Ага карабастан эжекем сураганда “жёлтый” деп коюп тура бергем. Бирок баары бир мени орусча билбегениме, алты жашта экениме карабай мектепке кабыл алышты. Жайкы эс алуу мезгилин чоң энемдин үйүндө өткөрчүмүн. Ал күндөрдөн сиңдилерим менен сайдан бакалашкага суу ташыгандарым эстен кетпейт. Сонун күндөр эле. Ырысгүл деген кошуна эжебиз жаш балдарды чогултуп алып концерт даярдайт эле. Анан кечке маал ата-энелерибизге концертибизди тартуулачубуз.

ООРУП КАЛСАМ ДА МЕКТЕПКЕ БАРЧУМУН
4-класста окуп калган кезде Жалал-Абадка көчүп келгенбиз. Ал жерден №1 мектепте окуй баштадым. Кочкор-Атада англис тили мугалими жетишсиз болуп, алфавитти эле үйрөнгөн элем. Бул жактагы классташтарым англисче ырларды жаттап калышкан экен. Мен болсо экилерди алып коюп жүрө берчүмүн. Ушул себептен кошумча сабакка жазылдым. Эки айдан кийин классташтарымдан да оозуп кеттим.
Өспүрүм чакта башка классташ курбуларымды карап мен да жакшы кийимдерди кийгим келет эле. Модага карап саркечтенгенге аракет кылат болчум. 9-класска чейин анчалык деле кыялдарым болбогон. Ал учурда таң атып күн батканына эле сүйүнүп, күнүмдүккө азгырылып эле жүргөм. Бош убакта курбу кыздарым менен үйдө дымдама жасап, Бийонсе же Женифер Лопестин ырларын коюп бийлечүбүз. Ага карабастан сабакты унутта калтырбай, жакшы бааларга окуучумун. Сабактарды эч калтырчу эмесмин. Үйгө берилген тапшырманы аткарбаган болсом да, ооруп жатканда да, баары бир сабакка барчумун. Ушул принцип боюнча мектеп кезимден бери, азыр деле окуп жатам. Анткени бир күндүк өмүрүң өтүп эч нерсе үйрөнбөй калганча, кичине болсо да бир нерсе билгениң жакшы. Жаш кезимден эле алгебра, геометрия, химия сабактарына түшүнчү эмесмин. Формулаларды, мисалдарды жаттап алып доскага так жазып коюп, “5” деген бааларды алчумун.

КЫЗЫККАН ТАРМАК ӨЗҮҢ ҮЧҮН ОҢОЙ
10-класстан баштап жашоо жөнүндө, келечекте эмне кылам деп ойлоно баштагам. Башка улуттагы элдердин маданиятына кызыгып, алардын тилдерин үйрөнүүгө ашыктым. Бара-бара ар түрдүү тилдер дүйнөсү мени биротоло арбап алды. Мектепти бүтүп кыргыз-орус славян университетинде котормо адистиги боюнча окууга тапшырдым. Апам мага андагы факультеттерди карап, менин документеримди даярдап, самолетко атам экөө салып жиберишкен. Ошентип котормочулук адистигинде окуп калдым. КОСУну 2014-жылы бүтүрдүм.
Азыр Германияда Саар Университетинде Мастер даражасына немис тилинен мугалим адистигинде окуп жатам. Ушул жылдын күз мезгилинде аяктайм. Кошумча француз тилин үйрөнүп жатам. Ошол үчүн да француз музыкасын сүйүп угам. Ар бир адамдын кайсы бир тармактан шыгы болот. Мага тилдер аябай жагат. Өзүң кызыккан тармак өзүң үчүн оңой. Ар бир күнү пайдалуу бир
нерсе үйрөнүү керек деген ураан менен жашайм. Ошондо көп нерсе үйрөнүүгө жетишесин деп ойлойм.

ГЕРМАНИЯ МАГА СПОРТТУ ҮЙРӨТТҮ
Славян университетинде окууганда мен тушунбөгөн сабактар жок болчу. 3- курстан каникул учурунда туризм тармагында гид болуп иштей баштадым. Туризм студент үчүн жакшы акча табуунун жолу. Кийин Германияга DААD деген уюмдан стипендия алып окууганы келдим. Биринчи келгенимде жүктөрүмдү каерден аларымды билбей жүрсөм, аэропортто иштеген түрк аке немисче түшүндүрүп берген. Анан бул жакта окуумдагы алгачкы кыйынчылыктар окуу планымды жасай албай жүргөнүм болду. Студенттер каалаган лекцияларды алып, өздөрү окуу планын жасашат. Анан да план университеттин онлайн порталында жасалышы керек. Мага группалаштарым жардам көрсөтүштү. Бул жакта адамдар демилгени өз колдоруна алышып, айлана-чөйрөнү жакшыртууга салым кошушат, социалдык жактан кыйналган адамдарга жардам беришет.
Германияга келип спорт менен машыга баштадым. Йога, зумба курстарына барам. Пайдалуу азыктарды жегенди үйрөндүм. Билим гана эмес, досторду арттырдым. Менин университетимде ар кандай улуттагы студенттер окушат. Аларды таануу, алардын өлкөлөрүнүн тарыхын, маданиятын билүү абдан кызыктуу. Көпчүлүк айтат немистер улутчул деп, бирок, андай эмес. Балким беш кол тең эместир, бирок мен жолуккандардын бары жүрөгү ачык, менин өлкөм жөнүндө билгиси келген немистер.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУГУҢУЗ КЕЛСЕ…
Мектепте жана Бишкектеги университетте окуган кезде баалардын аркасынан чуркайт болчумун. Дайыма 5терди алгым келет эле. Германияда окуп баалар артынан чуркоо – ийгиликке алып келбесине көзүм жетти. Азыр билим жана көндүмдөр аркасынан чуркаймын. Эн жакшы баа албасам да, болушунча аракет жасап, убакытты керектүү өткөргөндү каалайм. Кыргызстанда бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү, мисалы DААD программасы боюнча стипендиялар берилет, ошолордун бардыгына тапшырчумун. Чет өлкөгө бара турган жаштарга бере турган кеңешим да ушул. Азыр интернет бар учурунда стипендиялар жана башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө окуп тургула. Дайыма тажабастан тапшаргыла, өтпөй калсаңар, кийинки жылдары кайра дагы тапшыргыла. Адамдын мүнөзүнөн да көп нерсе көз каранды. Ачык мүнөз болууну сунуштайт элем. Европа ачыктыкты жактырат. Группа менен жана өз алдыңча индивидуалдуу иштей алыш керек.
Менин ийгилик сырларым, жакшы окуу менен бирге көп иштөө жана жакшы пландаштыруу деп билем. Албетте эмне кааласаң – ошого ишенүү. Жоопкерчилик болуш керек, айткан убакытта келиш керек. Өзүңдүн идеяң менен демилгени көтөрүп, жаңы нерселерди сунуштаган адамдар бааланышат.Жаштар бир гана окуубастан, ыктыярчылык, (волонтёрство) жана башка сабактан сырткары болгон, коомго пайдалуу иштерди жасоосу абдан пайдалуу. Спорт, музыка, театр, бий айтор кайсы тармактан хобби таап алуу зарыл. Жигердүүлүк керек. Университеттин маданий жашоосуна активдүү аралашуу – кошумча тажрыйба гана бербестен чет өлкөгө да жол ачат.

КИЧИНЕКЕЙ ЖЕҢИШТЕР ЧОҢ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТАТ
Менин ата-энем мага дайыма ишенишкен. Мектепте же университетте, азыр да сабакта жакшы окуганымды же бир нерсени жаман кылганымды аларга айтып турчумун. Алар мени дайыма колдоп келишет. Мен немис тилинен республикалык олимпиада да 3-орунду багындырганымда, менден да көбүрөөк сүйүнүшкөн. Эки жыл катарынан олимпиадага катышкам, ошондо ар бир турдан кийин үй-бүлөбүз менен кафеге тамактанга жана майрамдаганы барчубуз, ошентип менин кичинекей жеңиштеримди майрамдоо биздин үйдө традицияга айланган. Менимче үй-бүлөдө балдардын күнүмдүк кичинекей ийгиликтерин майрамдап туруш керек. Балдарды мактап туруу аларга дем берет. Ошондо жаштар өздөрүнө жана өздөрүнүн максаттарына карай чоң ишенич жаралат. Кичинекей жеңиштер мүмкүн кийин чоң ийгиликтерди алып келет.

АЙНАЗ СУЛАЙМАНОВА АСПИРАНТ: “КҮНДӨ ПАЙДАЛУУ ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮП ТУРУУ КЕРЕК”

АЙНАЗ СУЛАЙМАНОВА АСПИРАНТ: “КҮНДӨ ПАЙДАЛУУ ЖАҢЫ НЕРСЕ ҮЙРӨНҮП ТУРУУ КЕРЕК”

Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17