Аймак

Мен жана менин досторум

 26,400 Бардыгы /

Мен жана менин досторум

Менин досторум – баары акындар: Барчын, Дүйшөн, Айбек, Жапар, Майрамбек, Таалай, Бактыяр…
Тоолук, Орозали, Нургазы, Марат, Аскар, Кудайкул, Турусбек, Айдарали, Орозбек, Курманалы,
Аларда хан сарайлар да, миллиондор да жок, бирок, аларда башкаларда жок байлык: ырлар бар,
Сөз бар, канаттуу ойлор бар, алар менен сүйлөшүү мага рахат тартуулайт, жүз жылга жашарам…
Ооба, акын кишинин кыялы чатак болору чын, кээде алардын жанында жарым саат чыдоо кыйын,
Алик Акималиев бат таарынып, кайра бат жазылаар эле, Дүйшөндүн таарынганын көрө элекмин,
Барчындын кирген буурадай, ташкан дайрадай мүнөзү калып барат, турмуш аны далай сынады…
Турмуш аны далай ала салдырды, ал жашоо агымынан четке сүрүлүп калса да, ырын таштаган жок
Аттиӊ, совет мамлекети жашап турганда, анын таланты толук ачылып, кадыр-сыйдын ээси болмок,
Бүгүн атбашылыктар акын Дүйшөн Жапаров менен эмес, Аскар Салымбеков менен сыймыктанат,
Экөө бир айылдан: жердештери акын Дүйшөндөн акыл сурамак турсун, бар экенин билбесе керек
А бизнесмен А.Салымбеков Кыргызстандагы кадыр-барктуу адам, Аскардан баары жардам сурайт
Бири акын, бири бизнесмен – эки тагдыр, акыны – менин досум, Дүйшөн экөөбүз калемдешпиз…
Дүйшөн экөөбүздү ит да ойлонуп кабат, ал экөөбүздүн тагдырыбызда атажурттун тагдыры бар!!!
Акындар табиятында мээримдүү, боорукер болгону менен, чорт да, кырс, тоӊ, кейикчээл келишет!
Майрамбек Токторов талашы, ашык-кеми жок бүгүнкүнүн Асан Кайгысы, качан болсо кейий берет,
Аны менен жарым саат сүйлөшүп турсаӊ, бу дүйнөдө жашагыӊ келбей кетет, ал баарына нааразы –
Кээде жарык дүйнөгө келгенине да өкүнүп кетет, бирок жан дүйнөсү кирсиз, куулукту да билбейт,
Аракты да башкалар алып ийгенден кийин беш мүнөт өткөрүп ичет, ичип алып ичкенине да өкүнөт
Айбек Түмөнбаевди Айтматов жетпей калган Нобелди алат деп Майрамбек экөөбүз мактады элек,
албай калды, мейли, кеп сыйлыкта эмес, Айбектин кабагын бүркөгөнүн көрө элекмин, кейибе, дос
эмне өзгөрмөк баарыбыз эле Асан Кайгы боло берсек? Жапар досум сыр алдырбаган сырдуу адам
Кубанса, кайгырса ичинен тынып коюп жүрө берет, Баке дос 100 грамм ичсе дагы сырын айтпайт…
Таалай Нуркемел досум турмуш сыртта ала салып жатса да акын жана адам бойдон кала берди,
Каракулжалык досум Орозали Жалал-Абаддан орун-очок алды, Тоолук досум Москвада жүрөт,
Марат Токоев өз ырларынын укугун коргоп жүрөбү же жокпу билбейм, ал адам укугун коргойт.
Нургазынын баскан-турганы, кылган кылыктары тууралуу жазса, «Миӊ бир түндөй» жомок болмок
Аскар Медетов досум курулуш отрядындагы комиссар бойдон эсимде калды, азыр да күрөшчүл…
Оо, досторум, турмуш менин үйүмдүн алдында да күрүлдөп агып жатыр, киши агызып агып жатыр
Эгер, колумда миллиондорум болсо, баарыӊа бөлүп берер элем, аттигиӊ менде миллиондор жок,
Барчын досум турмуштан далай-далай мүдүрүлүп, соккуну жеп, көп ырлары жазылбай кала берди
Дүйшөн досум: «Манас» укпаган, «Манас» окубаган кыргыз мени окумак беле» деп жазбай койду.
Турмуш мени деле маӊдайымдан сылаган жок, кейисем да, кайгымды көргөзгүм келбейт менин!!!
Оо, достор, кейибегиле менин байлыгым – менин ырларым, силердин байлык – силердин ырлар,
Биз аябай бай адамдарбыз, сөз көөнөргүс байлык, сөздү бүгүн бааласа эртеӊ баалайт, ишенгиле
А миллиардерлер, олигархтар банкрот болушу заматта, кыргыз айтмакчы: «мал бир жуттуку» эле!
Кыргызстанды экономикалык кризистен – алтындары да, кен байлыктары да алып чыга алган жок
Мамлекетти миллиарддар да, инвестиция да сактап калбайт, эгер сактаса акыл-эс, ырлар сактайт!

Болотбек Таштаналиев,журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17