Аймак

Кыргызстандагы 2005-жылдагы 24-март жана 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынын окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү (тарыхый-салыштырма сереп)

 13,264 Бардыгы /

Кыргызстандагы 2005-жылдагы 24-март   жана 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынын окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү  (тарыхый-салыштырма сереп)

Кыргыз коомундагы эгемендүүлүктүн турмушка ашуусу жана түптөлүүсү мыкты илимпоз жана Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти А.Акаевдин ишмердиги менен болгондугу талашсыз. Бирок 15 жылдын ичиндеги анын ишмердиги алгылыктуу иштер менен коштолгондугуна карабастан, акыркы жылдардагы бийлик башкарууга, акыйкатсыздыкка дуушар болгон анын бийлиги элди, саясий элитаны А.Акаевге каршы көтөрүүлүгө түрткү берди.
2005-жылдын февралындыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депуттутарды шайлоолорду өткөрүүдө элдин добушун бурмалоо, көз боемочулуктан бир нече аймактарда наразычылыктар күч алган. Үй бүлөлүк, тууган-туушкандыктын чегиндеги жана адилетсиз бийликке наразычылык катары Жалал-Абад шаарындагы элдик толкундоолордун башталуусу, аны Ош, Нарын, Ыссык-Къл жана башка аймактардын элинин жапырт колдоосу ынкылабдык жараянды тездети. Бирок, элдин үмүт-тилеги акыйкаттык үчүн жана үй бүлөлүк башкарууга каршы болуп, бир колдон жен, бир жакадан баш чыгарганы менен анын ордуна эл акыйкаттын салтанаттуу туусу катары алып келген К.С. Бакиев да үмүттөрдү актай албай калды. Анткени бир режимдеги кордукту, тактап айтаканда үй бүлөлүк башкарууну жана адилетсиздикти эл ишенимин арткан Президентибиз беш жылдын ичинде Акаевдик режимдин башка формасын кайталады. Натыйжада жалпы элдин жана саясий элитанын кыжырдануусу күч алып 2010-жылдагы Апрель окуялары бышып-жетилип, кандуу каргаша жана бийлик алмашуу аркылуу демократиялуу коом курууга делбирленген жаны бийлик келди.
Ушул окуялардын чегинде тарыхый жагдайда 2005-жылдагы 24-март Ынкылабы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларынын окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү боюнча сересеп салуу жана анын тарыхый баасын берүү мезгил талабы деген ойдомун. Бул маселеде төмөнкү багыттар боюнча тарыхый баа берүүгө жана окшоштук, өзгөчөлүк теориялык, усулуяттык негизде сересеп салууга болот.
1. Ынкылап жана ынкылаптык кырдаал боюнча:
2. Ынкылаптык кырдаалды жөндүү жана анын кыймылдаткыч күчтөрү:
3. Ынкылаптын жүрүшү, жыйынтыктары жана тарыхый мааниси:
4. Ынкылаптын чыгышына себепкер болгон инсандардын ишмердүүлүгүндөгү окшоштуктар:
Биринчи маселенин айланасында: В.И.Лениндин ынкылабдык кырдаал боюнча аныктамасын эске алуу менен ынкылабдык кырдаалды кыргыз ынкылабынан көрүүгө болот:
1. Жогоркулардын мурдагыдай башкара албай калуусу
2. төмөнкүлөрдүн мурдагыдай жашоону каалабай калуусу
3. Эл массасынын активдүүлүгүнүн күч алуусу

1- окоштуктар:

2005-жылдагы Элдик ынкылапта мындай кырдаал түзүлдү жана февраль айынан башталган ынкылаптык кырдаалга жогоркулар башкара албоосуу, төмөнкүлөрдүн мурдагыдай жашоону калообосу жана эл массасынын активдүүлүгү күч алды.
2010-жылдагы Апрель окуялары чагылгандай тездик менен Талас аймагында башталып, борбор калаадагы кан төгүү, бийликти кулатуу менен болду. Окшоштук катары бул окуялардын чыгуу себептеринен улам түзүлгөн кырдаалдан көрүүгө болот. Социалдык жана саясий маселелердин тереңдеши жалпы элди адилеттикке, үй бүлөлүк башкарууга түрткү берди.

2- окоштуктар:

2005-жылдагы Элдик ынкылабда, 2010-жылдагы Апрель окуяларында да ынкылабдык кырдаалды жөндөө жана анын кыймылдаткыч күчтөрү катары оппозициянын лидерлери жана эл массасы болгон. Ынкылабдык кырдаалды жөндөөдө оппозициянын лидерлери тышкы күчтөр же бөтөн мамлекеттердин ишеним көрсөтүүсү аркылуу аракеттенүүсү.

3- окоштуктар:

2005-жылдагы Элдик ынкылапта, 2010-жылдагы Апрель окуяларында даынкылабдын жүрүшү, жыйынтыктары жана тарыхый мааниси боюнча кайсыдыр денгээлде окшоштуктар бар. Маселен 2005-жылдагы Элдик ынкылабда Жалал-Абаддан башталган нараазычылыктар башка аймактарга жайылса, 2010-жылдагы Апрель окуясында Талас аймагынан башталып башка аймактарга таралды. Албетте бул лидерлерге же Лениндин социалисттик ынкылабды ишке ашырууну теориялык өзгөртүүсүнө окшош. Анткени К.Маркстын социалисттик революцияны ишке ашыруу теориясы боюнча Париж Коммунасы кыйрагандан кийин дүйнө жүзүндө бир мезгилде социалисттик ынкылабды ишке ашыруу менен социализмди сактап калууга болмок. Бирок Ленин тарабынан ХIХ кылымдын аягында бул теорияга өзгөртүү киргизилип, анда социалисттик ынкылаб капитализмдин чынжыры бош болгон жерде гана ишке ашырууга болорун белгилеп, ал Орусия экендигин айткан. Ошондуктан кыргыз ынкылабы жана азыркы түстүү ынкылабдар лидерлер, алардын аймактык мүмкүнчүлүктөрү менен ишке ашууда.
2005-жылдагы Элдик ынкылабда, 2010-жылдагы Апрель окуяларында да
жыйынтыгы Ак үйдү басып алуу жана бийлик ээлерин качып кетүүчүлөрү менен коштолду. Ал турсун массалык талап-тоноолор, ынкылабдын жыйынтыгы менен качып кеткен кишилерге дооматтарды коюуу жана менчик-мүлктөрдү бөлүштүрүү аракеттери боюнча окшоштуктар бар.
Окуялардын тарыхый мааниси боюнча да айрым окшоштуктар бар. 2005-жылдагы Элдик ынкылабда, 2010-жылдагы Апрель окуяларында да Президенттик режим, үй бүлөөсү жана анын айланасындагы жан-жөкөрлөрү командалык системасы менен элге болгон жек көрүндүүлүгү, социалдык маселердин курчушу менен адилеттүүлүк, акыйкаттык үчүн күрөш катары кароого болот. Бирок 2005-жылдагы 24-март Элдик ынкылаптын жүрүшүнүн масштабы, жалпы элдик толкундоолор менен коштолуп Акаевдик режимди кулаттуу менен жаны заман курууга зор үмүттөр менен ишке ашып, классикалык түрдө ынкылабдык түс алган. Бул багытта бир топ эмгектер жазылып, ынкылаптын чыгышынын себептерине, жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тиешелүү денгээлде баа берилди. Маселен А.Князов, Т.Өмүрзаков, Т.Кененсариев, Элчи Асан сыяктуу авторлордун эмгектери маселенин күнгөй-тескейине сереп салып, элдик ынкылаб катары далилдерди келтиришет. Ал эми 2010-жылдагы Апрель окуяларын ынкылап катары түс берүүгө мүмкүн эмес. Анткени бул окуяга массалык түрдө элдин катышпаганы, элде анчейин ынкылаптык маанайдын жоктугу жана жалпы катмарга жайылбастан чагылгандай тездик менен Ак үйгө жабуул жасоо менен бийликти кулатуусу болду. Ошондуктан 2010-жылдагы Апрель окуяларын 2005-жылдагы 24-март Элдик ынкылаптын уландысы катары гана кароого болот. Теориялык негизде факт жана дефакт болгонун, мындай жараян мыйзам ченемдүү нерсе катары кайталануучу ынкылабдык окшоштуктар катары белгилөөгө болот.

Ынкылаптын чыгышына себепкер болгон инсандардын ишмердүүлүгүндөгү окшоштуктар:

1. Жалпы элдик наразычылыкты жараткан бийликтеги инсандар.

Жалпы кыргыз эли Акаевдик, Бакиевдик режим, үй бүлөөсү жана анын айланасындагы жан-жөкөөрлөрү командалык системасы менен элге болгон жек көрүндүүлүгү
А). Президенттик бийликтин А.Акаевдин, К.Бакиевдин колуна топтолуусу
( Конституциялык реформалар жана жасалма элдик референдумдар )
Б). Бийликке болгон ишенимдин төмөндөшү жана элдик добуштарды бурмалоо жолу менен өткөрүлгөн шайлоолор («Алга Кыргызстан», «Ак жол» партиялары).
В). Президенттин жакындарынын бийликке аралашуусу жана алардын өлкө ичиндеги мамлекеттик кызматтардын бөлүштүрүүдөгү орду.
Г). Кыргызстандын идеологиялык, саясий башкаруу чөйрөсүнө кыргыз эмес улуттардын келүүсү жана Президент ошол адамдардын пикиринен чыга албай калуусу. (орустар, жөөттөр ж.б.)
Д). Президенттерди тендешсиз лидер катары көрсөткөн эл менен жасалма жолугуушулары, саясий атаандаштарын, кландык лидерлерди түрмөгө олтургузуу, табышмактуу өлүмдөр.ж.б.
1. Ф.Кулов, Н.Исанов, Б.Осмонов, С. Жээнбеков, А.Бекназаров ж.б.
2. И.Исаков, К.Ташиев,М.Садыркулов, Б.Эркинбаев, О..Субаналив ж.б.

2.Опозициялык лидер катары Ынкылапты ишке ашырган инсандар.

2005-жылдагы Элдик ынкылабда, 2010-жылдагы Апрель окуяларында опозициялык лидер катары ынкылабдын ишке ашырган инсандар

Эки жолу бийликти тен кулатып, ынкылабчыл лидерлер.

А.Бекназаров, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Т.Сариев, Б.Асанов ж.б

Нурислам Пазов
ЖаМУнун тарых факльтетинин студенти

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17