Аймак

24-ЯНВАРГА ЧЕЙИН КӨПЧҮЛҮК АЙМАКТАРДА КАР ЖААШЫ МҮМКҮН

24-ЯНВАРГА ЧЕЙИН КӨПЧҮЛҮК АЙМАКТАРДА КАР ЖААШЫ МҮМКҮН

 1,212 Бардыгы /

21-январдан 24-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, 22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат.

22-24-январда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. 23-24-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Башы районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 21-январында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Кара-Кысмак капчыгайы), Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17