Аймак

БАЗАРДА УНАА ӨРТТӨНҮП КЕТТИ

 717 Бардыгы /

АКСЫ.

Аксы районунда базарда токтоп турган унаадан өрт чыкты.

Шекербек аттуу күбөнүн айтымында, бүгүн, 21-январда болжол менен саат 08:20 чамасында«Ауди 100» унаасы өрттөнүп, эл суу ташып, өрттү өчүрүп калышкан.

«Базарда турганбыз. Мал базардын алдында турган «Ауди 100» унаасы өрттөнүп кетти. Элдин жардамы менен өрт өчүрүлдү. Жанында турган 2 унаага өрт өтүп кетүү коркунучу жаралганда өрт толугу менен өчтү. Өрт өчүрүүчүлөр келген жок», – деди ал.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17