Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,261 Бардыгы / Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз… Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой…Саналуу […]
2,262 Бардыгы / Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз… Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой…Саналуу […]
Жанга тийген коңурук!.
06.08.2014 / Автор Orozaly2,263 Бардыгы /
Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз…
Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой…Саналуу гана адамдар!.. Сиңдимдин кичинекейи да бар, ал го эми бала… ооруп сыркап калат, ынжыңдап кээ түндөрү ыйлап калат, баланыкы кечиримдүү , кечирбешке айлаң да жок, уралбайсың, сөгалбайсың дегендей кеп ….Ыйлабай жат мен чарчадым, дем алам десең түшүнмөк беле, кайра үйдү башына кийип ыйлаары турган кеп!… Мени айтайын дегеним такыр башка маселе!
Кыргызстанга барып, той өткөрүп кайра келсем, алысыраак бир туугандардын баласы келип жашап атыптыр бизде. Улуту да өзбек. Биздин туугандар да аралашып кеткен да өзү. Кайын журтум кашкарлыктар болгондуктан, өкүл энемдин туугандары болуп кетет, мага кайнаса каны кошулбайт. Келген күнү эле кеч биздин бөлмөгө жатып калган экен аялы экөө, Коңурукту кош тартып чыкса болобу?!…
Мындайга көнбөгөн жаным, таң аткыча бир уктасам кана?…Аялын утуру түрткүлөйм; “Ботом, эриңди кырынан жат десеңчи, ушул эле уктаса да” – деп кобуранып койом десең….Ошентип такыр эле уктай албай калчу болдум….Түнүм күнгө алмашып… айла жок, ноутбугумду кучактап алып кухняда отурам…Эки үч күн мурун, аябай чарчаган элем, эки сменде иштеп, уктап бир дем алайын десем, баягы кудай аткыр коңурук!
-“Эй уйку бересиңби деги кишиге, коңурук деген музыкасы жок жатсак болбойбу деп эбиреп жебиреп тилимди агытып салдым мен да, жан кашайганда…Өзүн этиеттейби десем жоок, кайра беттен алып атпайбы; ” Нима, мен атайлап атыпмынбы, уктап атып нимани биламан, уругумда бар да эжаа,кулагыңызга пахта тыкып алиң” – дейт кайра бул бала.
“Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” болуп, бозоруп эле отуруп калдым ай! “Уругуң башыңда калгыр”- деп койом ичимен. Тышыман балээниби? .. Кайын журт, тууганчылыкты сыйлайм да, ошентип коңуруктан качып жүргөк кербезим, туугандар!..
Мына азыр эле дем алайынчы деп кире калып, үй коңуруктан жарыла жаздап калган экен, кайра качып чыгып, жели чыккан шардай болуп отуруп калдым шалдайып, шуу үшкүрө…Өзүм кетип калайын десем, өзүм алгам ал батирди, чыгарып жиберейин десем,
-“Самара үйлүү, пулдуу болуп, тууган урукту батырбай калыптыр”- деп чыгышаары анык! Арийне, мындай кепке калбаш үчүн айла жок, ошол тууган айтмакчы, кулака пахта тыгып, “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп жашайм да эми, анан кантмек элем?!….
“Атың өчкөн коңуруук, сени ким ойлоп чыкты экен ээ, сага каргыш тийсин ” -деп , коңурукту каргап отурган кербезим!….Ыйлайын десем, күлкүм келет, күлөйүн десем ыйлагым келет… Айтор башым маң….
Асыресе мындай көрүнүштөр жаңылык деле эмес дечи, бирок өзүмө боорум ооруду бүгүн.. Байкуш ай, дагы канчага түтөөр экенсиң деп…
Сөздүн эле ток этээр жери; же ал, же мен кетишим керек болуп турат. Алар квартира таба албай атабыз деп атышат, мен күндөн күнгө нервим жукарып баратат…. Ушундаай туугандар!….
Самара Насырова,Москва
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.