Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

АЛМАТЫДА ШИНЖАҢДАГЫ ЖАКЫНДАРЫН БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАРАНДАР КАЙРАДАН АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

АЛМАТЫДА ШИНЖАҢДАГЫ ЖАКЫНДАРЫН БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАРАНДАР КАЙРАДАН АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

 330 Бардыгы /

Шинжаңда камакта отурган жакындарын эркиндикке чыгарууну талап кылган жарандар 22-июнда кайрадан Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулушту.

Колдоруна Шинжаңдагы туугандары менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин сүрөттөрүн, ошондой Казакстандын желегин көтөрүп чыккан жарандар “Кытай бийлиги, биздин жакындарыбызды бошот”, “Саясий лагерлер жабылсын”, “Күнөөсүз камакта жаткандарга эркиндик” деп кыйкырышты.

Акциянын Акикат Халиола аттуу катышуучусу атасы Кытайдагы түрмөдө каза болуп, апасы менен эки иниси дайынсыз жоголгонун айтып, аларды табууга жардам берүү өтүнүчү менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасады. Анын айтымында, атасы түрмөдө “акыйкаттыкты талап кылганы үчүн” өлтүрүлгөн.

Консулдуктун алдына чогулган жарандар менен жолуккан Алматы акимчилигинин кызматкери Рита Ерман “мыйзамсыз” митинг үчүн административдик жоопкерчилик бар экенин эскертип, аларды тарап кетүүгө чакырды.

Шинжаңдагы жакындарын кайтарууну талап кылган акциялар Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында 2021-жылдын февраль айынан бери өтүп келет. Андан бери 500 күн өткөнүнө карабастан, Кытайдын дипломатиялык миссиясынан бир дагы киши чыгып алар менен жолуккан жок.

Нааразылыкка чыккандар буга чейин бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, камакка алынган. Алардын айтымында, айып пулдун жалпы көлөмү бир нече миллион теңгеге жетти.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди “кесипке үйрөтүүчү борборлор” катары сыпаттайт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17