Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1,399 Бардыгы / Өзбекстандын парламенти өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим Каракалпакстандагы жапырт акциялардан кийин кабыл алынды. “Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын парламент депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, бардык сунушарды эске алуу зарылдыгын белгиледи. Өзбекстандын Конституциясындагы 70чи, 71чи, 72чи, […]
1,400 Бардыгы / Өзбекстандын парламенти өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим Каракалпакстандагы жапырт акциялардан кийин кабыл алынды. “Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын парламент депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, бардык сунушарды эске алуу зарылдыгын белгиледи. Өзбекстандын Конституциясындагы 70чи, 71чи, 72чи, […]
ӨЗБЕК ПАРЛАМЕНТИ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯДА КАРАКАЛПАКСТАНДЫН СУВЕРЕНДҮҮ МАКАМЫН САКТАП КАЛУУ ЧЕЧИМИН КАБЫЛ АЛДЫ
04.07.2022 / Автор anarkan_kg1,401 Бардыгы /
Өзбекстандын парламенти өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын сактап калуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим Каракалпакстандагы жапырт акциялардан кийин кабыл алынды.
“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын парламент депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, бардык сунушарды эске алуу зарылдыгын белгиледи. Өзбекстандын Конституциясындагы 70чи, 71чи, 72чи, 74чү жана 75-беренелери өзгөртүлбөйт жана азыркы нормалар сакталып калат”, – деп жазылган билдирүүдө.
Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар 1-июлда башталган. Тургундар Өзбекстандын Баш мыйзамындагы Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө байланышкан беренелерге сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө нааразылык билдиришкен.
2-июлда Нукус шаарына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев барып, “каракалпак эли каршы болсо” Конституциянын автоном республикага тиешелүү беренелерин өзгөртпөөнү убадалаган. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги акцияларды “мыйзамсыз” деп атаган.
Мирзиёев Нукустагы окуялардын жыйынтыгында жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында жоготуулар болгонун билдирди. Ошол эле маалда ал канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, Каракалпакстанда 3-июлдан тарта өзгөчө абал режими жана 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Аймакка өзбек Улуттук гвардиясынын кошумча күчтөрү кирип, мобилдик интернет байланышы чектелген.
Өз кезегинде Өзбекстандын Улуттук гвардиясы Каракалпакстандын тургундарын “негизсиз көчөгө чыкпоого жана түрдүү ресурстар таратып жаткан маалыматтарга ишенбөөгө” чакырды.
Улуттук гвардиянын билдирүүсүндө Каракалпакстандагы өзгөчө маанидеги объектилерди кайтаруу күчөтүлгөнү, транспорт кыймылы чектелип, жарандардын документтери менен жанындагы буюмдары текшерилип, алардын Каракалпакстанга кирип-чыгуусуна чектөөлөр киргизилгенин билдирген.
“Бул аракеттердин бардыгы тең Каракалпакстандын жашоочуларын коргоо жана алардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылууга багытталган”, – деп билдирди Улуттук гвардиянын өкүлү.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
24.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН БОЛДУ
-
30.11.2023 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ БАЗАРЫНЫН СООДАГЕРЛЕРИ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ ФАКТЫСЫ АШКЕРЕЛЕНДИ
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.