Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА 50 ТЕЗ ТАМАКТАНЧУ ЖАЙ ЖАБЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 50 ТЕЗ ТАМАКТАНЧУ ЖАЙ ЖАБЫЛДЫ

 1,113 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда “тез тамак” түрүнө кирчү азыктан уулангандардын саны өстү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ага-Ини» жана «Таж-Махал» коомдук тамактануу жайларынын эки пунктунан 88 адам ууланган. Алардын 34ү ооруканада дарыланууда. Шаарда да рейд уюштурулуп, 50 тез тамактануучу жай жабылды. 10 тез тамактануучу жайга 48 миң сом айып салынды. Текшерүү уланууда.

Буга чейин Жалал-Абадда дагы массалык уулануу катталганы маалымдалган. Бардык бейтаптар «Таж-Махал» фаст-фуд дүкөнүнөн сатып алынган тамак-ашты колдонушкан.

Умида  НАЖИМИДДИНОВА, Жалал-Абад шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17