Аймак

БАЛДАР ҮЙДӨН ЭМНЕГЕ КАЧЫШАТ?

БАЛДАР ҮЙДӨН ЭМНЕГЕ КАЧЫШАТ?

 1,719 Бардыгы /

“…Мени издебегиле, мени бул жашоодо жок деп ойлогула…” бул үйдөн чыгып кеткен секелек кыздын катынан үзүндү. Өспүрүмдөр үйдөгү ызы-чуу, психологиялык кысым же ата-энеси менен келишпестик сыяктуу маселелерден улам ушундай кадамга барышууда. Адистер маселенин алдын алуу чараларын сунушташты.

2-августта Ош облусунун Араван районунан эки өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз мененкайрылып, анын 12 жаштагы кызы менен курбусу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген. Кыздаркат жазып таштап кетишкен. Өспүрүмдөрдү 3-августта милиция Ак-Буура эс алуу паркынан таап, алар ата-энесине берилген.

Катта “Ата, апа мен силерди аябай жакшы көрөмүн. Бирок мен бул үйдөн кеткенимдин себеби – бул үйдө менин ордум жок. Эртеденбаштап кеч киргенге чейин иш кылсам да, “ишиңдин мааниси жок” деп айтасыз, апа. “Пайдаңа караганда, зыяның көп” дейсиз. Үйдө эмне окуя болсо эле “сен кылдың” деп айтасыз. Медреседен кийин туура үйгө келсем да “каерде самтырап жүрөсүң” дейсиз. Эгер мени жакшы көрсөңүздөр мени издебегиле, мени бул жашоодо жок деп ойлогула. Менден ыраазы болгула”– деп жазылган.

Үйдөн эмнеге качышат?

Адистер көбүнчө ата-энеси ажырап кеткен, мигранттардын, ата-энеси көзөмөлгө албай койгон балдар үйдөн качып кетишерин айтышты.

Үйдөн качып кеткен балдар менен иш алып барып, үй-бүлөгө кайтаруу, мектебин көзөмөлдөө, ата-энесине же туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мамлекет тарабынан психологиялык, социалдык жардам берилип, баланы үй-бүлөгө кайтарууга аракет кылабыз. Бирок ата-энеси балага мээрим, сүйүү жана ишеним берип, баланы жолго салмайын биздин күчүбүз жетишсиз. Эгер жеткинчекти үй-бүлөгө кайтара албай калсак, айласыз аны реабилитациялык борборлорго беребиз. Азыр Жалал-Абадда үйдөн качкан эки өспүрүм көзөмөлүбүздө турат”, – деди Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекова.

Көңүл бурдурууну каалаган өспүрүмдөр

Балдар менен иш алып барган психолог Шолпан Мамытова өспүрүмдүн үйдөн качышына бүлөсүндөгү чыр-чатактар дагы себеп болорун айтты.

“Жашы жете электердин үйүнөн качып кетишинин себептери көп. Үй-бүлөдөгү абал, психологиялык кысым, ата-энеси көңүл бурбай, сүйүүсү жетишпеши мүмкүн. Мындан улам, жакындарынын көңүлүн бурдурууну каалап, балдар үйдөн чыгып кетиши ыктымал. Өспүрүм куракта организмде, психологиялык абалында өзгөрүү болуп жаткандыктан, сезимтал болуп калышат. Баланын үйдөн качып кетиши үй-бүлөдөгү абалдан дагы көз каранды. Мисалы, ата-эне араздашып жүрсө, чыр-чатак боло берсе өспүрүм өзүн күнөлүү сезет”, – деди психолог Ш. Мамытова.

Перзентин мындай кыйынчылыктан куткаруу үчүн алгач ата-энелерде баланын психологиясы тууралуумаалыматы болушу зарыл. Ар жылы баланын кандай өзгөчөлүктөрү өрчүп жатканын байкоо керектигин психолог айтат.

“Ата-энелер балдарына жетиштүү көңүл буруп, алар менен убакыт өткөргөнү маанилүү. Бала менен сүйлөшүп, байланыш түзүп, анын чөйрөсүндө, өзүндө болуп жаткан окуялар менен ата-энелер таанышып турушу зарыл. Андан сырткары үйдөгү атмосфераны жакшыртуу керек. Ата-энелер психологиялык билим алып, окутууларга катышып, перзентининар жаштагы психологиясын үйрөнүшү зарыл. Алар балдары тууралуу көптү билген сайын баланы психологиялык кризистен оңой алып чыгышат”, – деди психолог Ш. Мамытова.

Баланын тагдыры ата-эненин колунда

Ата-энелер менен перзенттердин мамилесин жакшыртууга атайын окутуулар, тренинг, семирнарлар бар. Мындай окутуулардын биринен билим алган 31 жаштагы Үпөл Касымованын беш баласы бар. Улуулары өспүрүм куракка келип, кенжеси бир жашка толо элек. Касымова окутуудан кийин балдары менен ачык сүйлөшө баштаганын, ортосундагы ишеним бекемделгенин айтып берди.

Мурун балдарымдын ою менен эсептешпейт болчумун. Аларга катаал болуп,  ата-энеге сый мамиле жасоону талап кыла берет элем. 2021-жылы “Энелер мектебинен” билим алдым. Пайдасы тийип, баары өзгөрдү. Балдарымдын ар бирине атайын убакыт бөлүп, мээрим төгүп, күнүнө кучактап турууну адатка айланттым.
Себепсиз эле жакшы көрөрүмдү айта баштадым. Алардын дагы мага кылган мамилеси өзгөрдү. Ар дайым рахмат айтып, сезимдерин эркин, ачык айта башташты. Перзент коомдо ордун таап, өздүгүн калыптандырууда ата-эненин ролу чоң. Окутуудан кийин ата-эненин колдоосу балага маанилүү экенин түшүндүм. Ортодо түшүнүү, ишеним болсо,бала бактылуу болоруна көзүм жетти
”, – деди Сузак районунун тургуну Ү. Касымова.

Мамилени бекемдөөнүн ыкмасы

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова балдарга жагымдуу атмосфераны түзүү маселени чечүүнүн бир жолу деп билдирет.

 “Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборлорун түзүш керек. Айыл жерлериндежергиликтүү бийликтин деңгээлинде мындай социалдык кызмат жок. Ата-энелерде жетиштүү түшүнүк болбогондуктан, маселе эмнеде экенин билбей, убагында балдарга жардам бере алышпайт. Мындан улам, балдар менен иштеген адистерди дагы көбөйтүү зарыл.Экинчи маселе кайсыл жерде болбосун өспүрүмдөр үчүн ар кандай клуб, машыга турган аянтчаларды уюштуруу керек. Себеби жетилип жаткан бала ар нерсеге кызыгып, жаңы ачылыштарды жасагысы келип, изденет. Ошондуктан аларга жагымдуу чөйрө түзүү маанилүү”, – деди Н. Турдубекова.

«Буга чейин фонд тарабынан үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча бир нече борбор ачылган. Ата-энелер, укук коргоочулар жана атайын адистер үчүн балдарга туура мамиле жасоо жана тарбиялоо боюнча атайын окутууларды өткөрүп турушат.

Ата-энелерге кеңеш

SOS Балдар Айылдары дүйнө жүзүндөгү балдарга жардам көрсөткөн эң ири эл аралык кайрымдуулук уюму. Мында кароосуз калган балдарга үй-бүлөдө жашап, тарбияланууга мүмкүнчүлүк берилет. 1999-жылы Бишкекте SOS Балдар айылдары курулуп, иштей баштаган. Кайрымдуулук уюму ата-энелер менен балдардын мамилесин жакшыртуу, байланышын бекемдөөнүн ыкмаларын топтоштурган видео жасашкан.

Акылай Карабаева.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17