Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
877 Бардыгы / Аймактык кыймылдын ыктыярчылары казак-орус чек арасынан өтүүнү тездетүү үчүн автобустарды, жамааттык таксилерди, жада калса велосипеддерди ижарага алууну уюштуруп жатышат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” татар-башкыр кызматынын “Idel.Реалии” долбоору кабарлады. Маалыматка караганда, активисттердин Free Kalmykia жана “Свободная Астрахань — Астрахань без войны” деген аталыштагы топтору социалдык тармактардагы баракчаларына чек арадан өтүүдө юридикалык жардам бере […]
878 Бардыгы / Аймактык кыймылдын ыктыярчылары казак-орус чек арасынан өтүүнү тездетүү үчүн автобустарды, жамааттык таксилерди, жада калса велосипеддерди ижарага алууну уюштуруп жатышат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” татар-башкыр кызматынын “Idel.Реалии” долбоору кабарлады. Маалыматка караганда, активисттердин Free Kalmykia жана “Свободная Астрахань — Астрахань без войны” деген аталыштагы топтору социалдык тармактардагы баракчаларына чек арадан өтүүдө юридикалык жардам бере […]
ОРУС-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА МОБИЛИЗАЦИЯДАН КАЧКАНДАРДЫН УЗУН КЕЗЕГИ ПАЙДА БОЛДУ
26.09.2022 / Автор anarkan_kg

879 Бардыгы /
Аймактык кыймылдын ыктыярчылары казак-орус чек арасынан өтүүнү тездетүү үчүн автобустарды, жамааттык таксилерди, жада калса велосипеддерди ижарага алууну уюштуруп жатышат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” татар-башкыр кызматынын “Idel.Реалии” долбоору кабарлады.
Маалыматка караганда, активисттердин Free Kalmykia жана “Свободная Астрахань — Астрахань без войны” деген аталыштагы топтору социалдык тармактардагы баракчаларына чек арадан өтүүдө юридикалык жардам бере алышарын жазып жатышат. Жолго чыгуу үчүн каражаты жокторго интернеттен акча топтоп, мобилизациядан качкандарды чек арага жеткирү үчүн бир нече микроавтобус, такси уюштурушкан.
“Бизге автомобиль жууп, ашканада ашпозчу болуп иштеген, айлык акысы аз адамдар жазып жатышат. Жергиликтүү эсепти алганда деле алардын маянасы аз жана көптөрү насыя алышкан. Эмиграциянын өзү дайыма кымбат турат. Азыр суроо-талап дагы жогору болуп турганда аларга чын эле финансылык жактан жардам керек болууда. Жолго акча чогултуу кыйын, анткени барган сайын баа өсүүдө”, – деген ыктыярчылардын бири.
Орусиянын Астрахань облусунан орус-казак чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өтүүнү каалагандар бул жерде үч күндөн бер узун кезек болуп жатканын билдирүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, 23-сентябрдын кечинде чек арадан өтүү үчүн кезек күткөн унаалар 7 чакырымга чейин созулуп, өз кезегин 15 саатка жакын күтүшкөн.
Орусиянын визасыз өткөргөн мамлекеттер менен чек араларындагы узун кезек президент Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин пайда болду. “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү Украинага жөнөтүү ыктымалдуулугу жогору болгон 18-50 жаштагы Орусиянын жарандары.
“24-сентябрь саат 16:00гө карата 6 чакырым узундуктагы машиналардын тыгыны пайда болду. Унаалар бир саатта 10 метрге жылып жатышты. Эгер азыр келип кезекке турам десе, көзөмөл-өткөрмө бекетке жетүү үчүн эки суткага чейин күтүш керек болот. Дүкөн көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында гана болгондуктан көбүрөөк суу, тамак-аш алып алууну кеңеш берет элем. Орусия тараптан чек арада паспорт, айып пул, карыздар бар-жогун гана текшерип, башка эч нерсе сурабай эле турат. Карызың жок болсо жөн эле өткөрүп жатат. Казакстан деле эч кандай маселе жок эле өткөрүүдө”, – деди кезекте тургандардын бири.
Күбөлөрдүн айтымында, Астрахань облусу аркылуу жергиликтүүлөр гана эмес Москва, Ростов, Крым жана башка номурлуу машиналар да өтүүдө.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.
Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кетүү – аскер комиссариаттарынын чакыруусун алуудан качуунун эң ыңгайлуу жолу катары каралып жатат. Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.