Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,030 Бардыгы / 30-сентябрда Кремлде “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Кеп Украинанын оккупацияланган аймактарындагы референдумдардын жыйынтыгы менен Орусия аннексиялоону көздөп жаткан Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары жөнүндө болуп жатат. Жума күнү “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге аталган аймактардын Москва […]
1,031 Бардыгы / 30-сентябрда Кремлде “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Кеп Украинанын оккупацияланган аймактарындагы референдумдардын жыйынтыгы менен Орусия аннексиялоону көздөп жаткан Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары жөнүндө болуп жатат. Жума күнү “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге аталган аймактардын Москва […]
КРЕМЛДЕ УКРАИНАНЫН ТӨРТ ОБЛУСУН АННЕКСИЯЛОО ТУУРАЛУУ ДОКУМЕНТТЕРГЕ КОЛ КОЮЛАТ
30.09.2022 / Автор anarkan_kg

1,032 Бардыгы /
30-сентябрда Кремлде “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Кеп Украинанын оккупацияланган аймактарындагы референдумдардын жыйынтыгы менен Орусия аннексиялоону көздөп жаткан Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары жөнүндө болуп жатат. Жума күнү “Жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу” тууралуу келишимдерге аталган аймактардын Москва дайындаган жетекчилери менен Орусиянын президенти Владимир Путин кол коёт деп күтүлүүдө.
Украинанын орус күчтөрү басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарында 23-27-сентябрда мажбурланган референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун билдиришкен.
Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Киев референдумдарды Орусия аталган облустарды аннексиялоо үчүн атайын уюштурганын билдирүүдө. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.
Мамлекеттик думанын депуттаттары 30-сентябрь, саат 15:00гө Кремлге Путиндин катышуусундагы иш-чарага чакырылганын “РИА-Новости” басылмасы жазды. Ал күнү кол коюлган документти андан ары Конституциялык сот, Мамдума жана Федерациялык кеңеш жактырышы керек. Процедуралык отурумдар 4-октябрда аякташы мүмкүн.
Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.
Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.
Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТИ “КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ” СЫНАГЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ
-
03.06.2026 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ АЧЫЛДЫ
-
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
28.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 13 МИҢДЕН АШЫК СТУДЕНТ ОКУУДАН ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.