Аймак

ОШМУнун ПСИХОЛОГДОРДУН ТОБУ ЛЕЙЛЕКТЕ ИШ АЛЫП БАРЫШУУДА

ОШМУнун ПСИХОЛОГДОРДУН ТОБУ ЛЕЙЛЕКТЕ ИШ АЛЫП БАРЫШУУДА

 1,356 Бардыгы /

БАТКЕН. ОшМУнун психология кафедасынын онго чукул психолог-окутуучулары жана магистранттары ушул тапта Баткен облусунун  Лейлек районундагы мектеп мугалимдерине, ошондой эле окуучуларына психологиялык жактан жардам көрсөтүп жатышат.

Дасыккан психологдор окуучулар жана мугалимдер менен абдан тыгыз иштешип, алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү менен көнүгүүлөрдү жана медитацияларды дагы үзгүлтүксүз жасатып жатышат. Буга дейре мындай топ Айдаркен шаарчасына эвакуацияланган Баткен облусунун жарандары менен дагы иштешип келишкен.

Ошондой эле Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып ОшМУга келип жайланышкан жарандар менен кадимки жана онлайнда байланышып психологиялык жардам көрсөтүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17