Аймак

ЭАУда МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭАУда МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,536 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 5-октябрда-К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнүн салтанаттуу түрдө белгиленди.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чарада ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор, РАМ академиги С.А. Өмүрзаков университеттин жамаатын куттуктап, мыкты окутуучуларга жана кызматкерлерге сыйлыктарды жана акчалай премияларды берди. Кесиптик майрамды белгилөөдө университеттин ардагерлерине да урмай-сый көрсөтүлдү: урмат-сый менен айтылган терең ыраазычылыктар, акчалай сыйлыктар. ЭАУнун маданий-эстетикалык борбору педагогика кафедрасы жана студенттик актив менен биргеликтемайрамдыкконцерттик программаны тартуулашты. Концерттик номерлер фото-видео слайддар менен коштолуп турду. Муну менен бирге, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинен сахналаштыруулар болду. Жалпысынан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы ЭАУда салттуу түрдө, жогорку деңгээлде жана шаңдуу белгиленди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17