Аймак

БАТКЕНДЕ 250 МИҢ СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ТОВАРЛАРЫ КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ 250 МИҢ СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ТОВАРЛАРЫ КАРМАЛДЫ

 2,043 Бардыгы /

БАТКЕНДЕ 250 МИҢ СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ТОВАРЛАРЫ КАРМАЛДЫ

        БАТКЕН. Баткен облусунда соёку сааттарда дээрлик 250 миң сомдук аткезчилик товарлары кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бажычылар тарабынан Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарынын аймагындагы бажы эрежелерин бузуу фактыларына жана контрабандага бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө А.Б.Т.у. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «ДЭУ-Дамас» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, андан ары дыкаат текшерүүгө алынган. Жүктөрдү текшерүү маалында унаадан коштоочу документтери жок түрмөктөлгөн марлилер табылды.

Ошентип, кармалган жүктүн жалпы салмагы 310 кило, ал эми баасы 247 миң сомду түзгөн. Бул фактынын негизинде айып пул салынып, 60 миң сом өндүрүлгөн, 30 миң 258 сом зыяндын орду дагы толтурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17