Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААКта ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,087 Бардыгы / 11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат. Жети өлкөнүн лидерлери катышары кабарланган жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланат. Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө. Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн уюмдун саммити Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул иш-чарага өзбек […]
1,088 Бардыгы / 11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат. Жети өлкөнүн лидерлери катышары кабарланган жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланат. Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө. Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн уюмдун саммити Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул иш-чарага өзбек […]
САМАРКАНДДА ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНУН САММИТИ БАШТАЛАТ
11.11.2022 / Автор anarkan_kg

1,089 Бардыгы /
11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун 9-саммити башталат. Жети өлкөнүн лидерлери катышары кабарланган жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтык талкууланат.
Бул ирет уюмга Түркмөнстан толук кандуу мүчө болуп, бирикменин баш катчылыгына кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев тандалары күтүлүүдө.
Былтыртан тарта Түрк мамлекеттер уюму деп аталышын өзгөрткөн уюмдун саммити Өзбекстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул иш-чарага өзбек бийлиги даярдык көрүп, аны чагылдыруу үчүн буга чейин аккредитация албаган айрым маалымат каражаттардын кабарчыларын да чакырды.
Уюмдун катчылыгынын маалыматына караганда, Самарканддагы саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан президенттери, байкоочу өлкө болгон Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурдагы Калк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышары күтүлүүдө.
Бул жолку жолугушуу “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам” деген ураан алдында уюштурулуп жатат. Анын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыктан тарта экономикалык байланыштарды чыңдоо, транспорт жана бажы иши, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор да талкууланары айтылды.
Саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлери Түрк инвестициялык фонду, биргелешкен соода үйлөрүн ачуу жана Турансез экономикалык аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган делегация да катышат. Жапаров Самаркандга 10-ноябрда учуп барды.
Анын алдында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев уюмдун баш катчылыгына Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынарын билдирген.
“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда. Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат”, – деди Азымбакиев.
Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген 62 жаштагы Өмүралиев Кыргызстандын атынан уюмду жетектеген алгачкы баш катчы болуп калат. Буга чейин уюмду төрт жыл казакстандык дипломат Багдат Амреев жетектеген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
-
26.02.2026 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛДУ
-
-
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.