Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
679 Бардыгы / Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева “Азаттыкка” ырастады. Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди. “Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз […]
680 Бардыгы / Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева “Азаттыкка” ырастады. Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди. “Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз […]
ОРУСИЯДА АБАКТА ОТУРГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК УКРАИНАДА СОГУШТА КАЗА БОЛДУ
30.01.2023 / Автор anarkan_kg681 Бардыгы /
Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева “Азаттыкка” ырастады.
Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди.
“Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, мага ыйлаган эле. Жети жылга кесилип, Мордовияда түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, “апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз” деген эле. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт”, – деди Рахатай Абдивалиева.
Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза тапкан 30 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгү 23-январда Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди.
Маркум 2019-жылы Москвада “адам уурдоо” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелеринин негизинде шек саналып, камакка алынган. Апасы Аян Алишеровду мекенине экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылганын айтты.
Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими, аны ишке ашыруу болгон-болбогонун тактап, Башкы прокуратурага кайрылдык. Көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов “Азаттыкка” жеке адамдар тууралуу маалымат журналисттерге берилбей турганын билдирди.
Жогорку Соттун сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.
“Вагнер” компаниясы жалдаган миңдеген согушкер Украинадагы урушка тартылган. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданмалардын майдандагы эрдигин таанууну талап кылып Орусиянын аскер жетекчилигине ачык талап койгон. Путиндин “ашпозчусу” деген каймана аты бар олигархтын орус түрмөлөрүн кыдырып, жаза өтөп жаткандарды согушка азгырып жүргөн видеолору тараган.
Бул кыргыз жаранынын орус армиясынын катарында Украинадагы согушка барып каза тапкан биринчи учуру эмес. Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон.
Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
25.01.2024 / Автор anarkan_kg ТАШКЕНТ КАЙРАДАН АБАСЫ КИР ШААРЛАРДЫН САП БАШЫНДА
-
31.01.2024 / Автор anarkan_kg МУФТИЙДИН МИЛДЕТИН ЭМИ САМИДИН АТАБАЕВ УБАКТЫЛУУ АТКАРАТ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.