Өлкө аймактары менен кубаттуу
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
ӨЛКӨ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК 48 АВТОМЕКТЕП АЧЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,153 Бардыгы / Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 16 миңден ашып, жараат алгандар дээрлик 65 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Коңшу Сирияда жер титирөөдөн 3 миңден ашык киши өлгөнү кабарланууда. БУУнун эсебине ылайык, бул өлкөдө жаракат алгандардын саны 5 миңден ашат. Түркиянын Адыяман шаарында жети кабаттуу мейманкананын урандыларынын алдынан эл аралык […]
1,154 Бардыгы / Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 16 миңден ашып, жараат алгандар дээрлик 65 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Коңшу Сирияда жер титирөөдөн 3 миңден ашык киши өлгөнү кабарланууда. БУУнун эсебине ылайык, бул өлкөдө жаракат алгандардын саны 5 миңден ашат. Түркиянын Адыяман шаарында жети кабаттуу мейманкананын урандыларынын алдынан эл аралык […]
ТҮРКИЯ МЕНЕН СИРИЯДАГЫ ЗИЛЗАЛАДАН КАЗА БОЛГОНДОР 20 МИҢГЕ ЖАКЫНДАДЫ
10.02.2023 / Автор anarkan_kg

1,155 Бардыгы /
Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 16 миңден ашып, жараат алгандар дээрлик 65 миңге жетти. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.
Коңшу Сирияда жер титирөөдөн 3 миңден ашык киши өлгөнү кабарланууда. БУУнун эсебине ылайык, бул өлкөдө жаракат алгандардын саны 5 миңден ашат.
Түркиянын Адыяман шаарында жети кабаттуу мейманкананын урандыларынын алдынан эл аралык коомчулук тааныбаган Түндүк Кипрден барган балдардын эки волейбол командасы изделүүдө. Мугалимдерди жана айрым ата-энелерди кошкондо алар 39 киши болгон. Бүгүнкү күнгө карата эки мугалимдин жана бир окуучунун сөөгү табылды.
Ал ортодо Түркиянын парламенти өлкөнүн зилзаладан көбүрөөк жабыркаган он аймагында үч айга өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу президенттин жарлыгын жактырганы кабарланды.
Жолдордун начардыгы жана логистикадагы көйгөйлөрдөн улам Сирияга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү оор болууда. 9-февралда Идлибдеги Баб-эль-Хава көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу алты жүк унаасы өттү. Куткаруучулар бул аймакта бери дегенде эле 1 900 киши өлүп, жүздөгөн үй-бүлө урандылардын алдында калганын билдирүүдө.
Сириянын SANA агенттиги Хмеймим авиабазасындагы орус аскерлери зилзаладан жабыркаган Латакия провинциясына учак менен азык-түлүк партиясын жеткиргенин кабарлады.
Сирия президенти Башар Асаддын жакын санаалаштары абалды Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары оорлотуп жатканын, алардын айынан куткаруучуларда техникалар жок болуп жатканын билдирүүдө. Саясий кырдаалдан улам гуманитардык жүктөр оппозициянын көзөмөлүндөгү Сириянын түндүк-батыш аймактарына уруксатсыз жеткирилбей турат.
6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жыйынтыгында миңдеген имараттар, анын ичинде көп кабаттуу үйлөр, ооруканалар жана мектептер кыйраган. Акыркы маалыматтар боюнча бул эки өлкөдө каза болгондор 20 миңге жакындады.
Түркия менен Сирияга 70 өлкө өз куткаруучулар жана медиктер тобун жөнөткөн. БУУ зилзаладан жабыркагандарга чукул гуманитардык жардам берүү үчүн өзүнүн резервдик фондунан 25 миллион доллар бөлдү.
Түркиялык гуманитардык уюмдардын маалыматына караганда, жер титирөөдөн өлкөгө келтирилген жалпы зыян 4 миллиард доллардан ашты. Буга чейин Fitch рейтинг агенттиги да ушундай эле санды атаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРДИ
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО БАГЫТЫНДА ПРОКУРОРДУК КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg ТӨӨ-МОЮНДА ТООДОЙ КӨЙГӨЙ БАР…
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.