Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
3,340 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик дирекциясынын Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасынын директору Бактыбек АТТОКУРОВду биз кычырыган кышта Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда кар көчкүлөрдү көчүртүп, андан ары сүздүртүп жана дагы тегиздетип жүргөн жеринде – накта жумуш үстүндө жолуктуруп, анан дагы капыл-тапыл кепке тарттык. Бактыбек мырза, Сиз жетектеген Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация […]
3,341 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик дирекциясынын Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасынын директору Бактыбек АТТОКУРОВду биз кычырыган кышта Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда кар көчкүлөрдү көчүртүп, андан ары сүздүртүп жана дагы тегиздетип жүргөн жеринде – накта жумуш үстүндө жолуктуруп, анан дагы капыл-тапыл кепке тарттык. Бактыбек мырза, Сиз жетектеген Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация […]
Бактыбек АТТОКУРОВ: “АЛАЙКУУ ӨРӨӨН/НДӨ КЫШ БЕШ АЙГА СОЗУЛАТ!”
17.02.2023 / Автор anarkan_kg

3,342 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик дирекциясынын Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасынын директору Бактыбек АТТОКУРОВду биз кычырыган кышта Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда кар көчкүлөрдү көчүртүп, андан ары сүздүртүп жана дагы тегиздетип жүргөн жеринде – накта жумуш үстүндө жолуктуруп, анан дагы капыл-тапыл кепке тарттык.
- Бактыбек мырза, Сиз жетектеген Кыргыз
Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик дирекциясынын Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасы ушул тапта канча чакырым автожолду тейле келатат?
– Баса, айтылуу Мыраке-Кара-Кулжа-Алайкуу эл аралык маанидеги автожолу 285 чакырымгша созулат. А мунун 8-чакырымынан тартып 138-чакырымына чейинки автожолду Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасы, демек, биз туруктуу тейлейбиз.
– Моминтип кыш ыраса кычабадабы. Кайсыл участокторуңуздар дагыле катаал бойдон калып жатат?
– Алишер, сен өзүң деле Алайкуу өрөөнүн кулунусуң. Демек, буердин шартын бизден жакшы билесиң. Бул аймакта кыш дээрлик үч эмес, беш айга созулат. Анан жаз дагы абдан кеч баш багат. Сары-Бээ. Кара-Кыя, Тамчы жана Кыргый тилкелери өтө опурталдуу! Анткени, баары тең жантайма, ошондой эле жалаң боор! Кар быйыл өчөшкөндөй көп жаап, калыңдыгы 30-40 метрди чапчыйт. Анан дагы какаганга муштагансып, бул аймакта үзгүлтүксүз дагы көчкү жүрөт. Ошондо өмүрүн тобокелчиликке гана салып, опуртал аймакта жанын оозуна гана тиштеп ишткшкен жолчулар менен эч кимдин чатагы жок!
– Күйүүчү-майлоочу заттарга таңкыстык дегеле байкалбайт ко?
– Туура эле баамдапсыңар. ГСМ (күйүүчү-майлоочу заттар) жетиштүү. Быйыл мындан, кудайга шүгүр, дегеле өксүгөн жокпуз! Бирок, эскилиги куп жеткен он эки техникабыз (бульдозер, автожүктөгүч, манипулятор, аватогрейдер, автосамосвал) бар. Буларды биз он жылдан бери такай гана урунуп келатабыз. Дээрлик баары тең эскирип бүттү. Ошондуктан, буларды бүтүндөй жаңылоого муктажбыз!
– Ал эми мобул туздарды эмне кыласыздар, ыя?
– Көрдүңөр го. Автожолдорубуз бүтүндөй тайгалак. Кар каптаганы аз келгенсип, көпчүлүк жерине кадимкидей муз тоңгон. Буларды кыдырата зерикпестен 50 тонна туз чачабыз.
– Кызматкерлериңиздин жашы ортодон жогору экен. Эмнеге?
– Биздин Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканабыз жаш кадрларга абдан зар. Тилекке каршы, алар – жаштар бизге таптакыр жолошпойт. Анткени, жашырып не, биздин маянабыз абдан эле төмөн. Кээде айткандан уяласың.
– Бактыбек мырза, эң башкысы ушугезде эмнеге өтө зарыктыңыздар?
– Жүк көтөргүч техникага өтө зарыктык. Анан дагы жумушчуларыбызга көптөн бери атайын кийим-кече (спецодежда) бериле элек. Эскилерин гана эптештирип пайдаланып келатабыз. Менчик ишканаларга спецодежда тиктерили десек, асмандагы бааны айтып мукуратып жатышат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик дирекциясынын Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасынын башкы кеңсесинде алты гана адам эмгектенет. Калган беш киши – бүт адистешкен жолчулар. Булардын маяналары жасаган жумушуна жараша гана чектелет. Кышындасы 10-20 миң сом. Ал эми жайкы мезгилде 30-40 миң сомго дейре айлык алышат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖА ТЫНЧ ЭМЕС!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.