Аймак

БАТКЕНДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

БАТКЕНДЕ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 3,663 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунун борбору Баткен шаарынын жана Баткен районунун мектептеринде президенттин жарлыгына ылайык спорттук ири иш-чара жыйынтыкталды.

Атайын кубоктун жыйынтыгында  кубок ээлери сыёары 45 жашка чейинкилер арасында   Баткен шаарынын командасы, 45 жаштан жогоркулар арасында Кадамжай районунун командасы, кыз-келиндер арасында Баткен районунун командасы жеңишке жетишти.

Жеңүүчүлөргө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев кубок,  медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ал эми жеңүүчү кыз-келиндер командасына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо дагы тапышырлды.  Эскерте кетчү жагдай: Баткен облустук мелдешке жалпы жонунан 25 команда катышышты. Спорттук бул иш-чара өлкө башчысынын “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, ошондой эле коомчулукту сергек жашоого үндөө максатында гана уюштурулду. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17