Аймак

ЖАРАН 2 КАП БАӉГИ ЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

ЖАРАН 2 КАП БАӉГИ ЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 1,089 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Токтогул милициясы 2 кап баӊги затын атына артып келе жаткан жаранды кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Токтогул РИИБдин баӊги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагында баӊгизатына байланыштуу ыкчам маалыматтар алынган. Бул маалымат Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 11-сентябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Токтогул районунун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы Б.Э. Токтогул РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан текшерилген. Текшерүү учурунда Б.Э. атына артып келе жаткан 2 даана капка салынган салмагы 10 кг 345 гр түзгөн, чөп формасындагы өзгөчө кескин жыты бар баӊги затына окшогон зат алынган.

Учурда Б.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17