Аймак

НООКАТТА БАҢГИ ТОПТУН ИШИНЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ

НООКАТТА БАҢГИ ТОПТУН ИШИНЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ

 1,125 Бардыгы /

ОШ. УКМК узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө  гана Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан каттамы аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү нашаа жана чийки апийим – маңзатын ташыган эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгондугун ачыктады.

Атаын операция ушул жылдын 11-октябрында жүргүзүлдү. Баткен — Ош жолунан (Ноокат) орусиялык Б.С.С. жана кыргызстандык Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 кило нашаа жана 10 кило чийки апийим табылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар шектүүсыңары  катары камакка алынды. УКМК учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды издөөнү улантууда.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17