Аймак

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫНДА 5 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫНДА 5 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮ КАРМАЛДЫ

 1,677 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз-Кытай чек арасында 5 миллион сомдон ашык атезчилик жүгү кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, атьалган жүктөр туура эмес декларацияланган. Анткени, Кытай Эл республикасынан Ош облусуна караштуу Алай районундагы «Эркеч-Там» Мамлекеттик Бажы кызматына караштуу Түштүк-Чыгыш терминалынажүк алуучу «К» ЖЧКсынын наамына товарлар келген. Документте ал «Балдар арабасы» деп көрсөтүлгөн. Бирок, жүктөрдү дыкаат текшергенде. 13 945 кило жүк бут кийимдер болуп чыкты. Мунун жалпы суммасы 5 792 260 сом деп табылды.Ошентип, мамлекетке келтирилген зыян 3 061 069 сомду чапчып олтурат.

          Факт Кылмыш жана Жоруктадын бирдиктүү реестрине катталып, бардык материлдар Башкы прокуратурага мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17