Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
811 Бардыгы / Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады. “ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз […]
812 Бардыгы / Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады. “ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз […]
КЫРГЫЗСТАНДА ТИКТОКТУ ЖАБУУДА ТЕХНИКАЛЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР КЕЛИП ЧЫКТЫ
24.10.2023 / Автор anarkan_kg

813 Бардыгы /
Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.
“ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап, тизмесин министрликке бергенбиз. Бул иш азырынча жыйынтыктала элек”, – деди Ибрагимов.
Ал ТикТоктун жетекчилиги менен да сүйлөшүүлөр уланып жатканын, платформага каттоосуз кирүүгө тыюу салуу, жаш курагы боюнча чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу талаптар коюлганын айтты. Ибрагимов азырынча Тикток коюлган талаптарды аткара электигин, алар менен байланыш уланып жатканын кошумчалады.
Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги комментарий бере элек.
30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган.
Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны “сөз эркиндигин чектөө” деп сыпаттагандар да болгон.
Тиркеме 2016-жылы Кытайда чыккан. Кийинки жылы ByteDance компаниясы эл аралык версиясын сунуш кылган. 2019-жылы тиркеме 693 миллион жолу орнотулса, 2020-жылы 850 миллионго жеткен. 2021-жылдын аягындагы статистикага караганда, айына платформаны 1,2 миллиард киши активдүү пайдаланып келген. Кытайда күнүнө 600 миллион киши ТикТокко кирип турат.
Популярдуу тиркеме былтыр 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Мурунку жылы бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.
АКШда айрым мыйзам чыгаруучулар ТикТокко толук тыюу салуу демилгесин көтөрсө, Европа Биримдиги платформаны кызматтык телефондордон алып салууга көрсөтмө берген.
Батышта тиркемеге ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын, өкмөттүк купуя сырларды Кытай бийлигине өткөрүп берип, платформаны жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТУ КӨРККӨ БӨЛӨГӨН АЗАМАТТАР!
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.