Аймак

ОШТО МУНИЦИПАЛДЫК АСФАЛЬТ ЗАВОДУН КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

ОШТО МУНИЦИПАЛДЫК АСФАЛЬТ ЗАВОДУН КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

 774 Бардыгы /

          Келаткан 2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводун куруу пландаштырылууда. Мындай кадам  шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана чукул арада оңдоого гана шарт жаратмакчы.

          Баса, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын Озгур айылына курула турган заводдун жерин дыкаат көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча катуу тапшырмаларды дагы берди.

          – Быйыл биз өзүбүз жолдорду жасаганда канчалык көз каранды экенибизди көрдүк го. Сапаттуу материал бере алышпайт. Анысы убагында келбей дагы калат. Азыр деле кайсы завод бере алат деп жүрөбүз. Биз мындан ары жолдорду түндөсү гана салабыз! – деп чырылдады Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов.

          Мындан  тышкары кум, чопо жана шагыл казылган карьерлерди иштетүү үчүн ижарага берилген жерлердин акысы боюнча дагы маселе үстөккө-босток көтөрүлдү.

          Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын казышкан ишканалар жерди пайдалангандыгы үчүн 1 гектарына 500 сом гана төлөп келишкен. Аларга төлөм ушул жылдын август айынан тартып  1 гектарына 300 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17