Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
880 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 4-декабрь күнү өткөн онлайн кеңешмеде ички иштер министри Улан Ниязбеков өзгөчө көңүлдү элдин коопсуздугуна бурду. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Онланй кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине элдин бейпил жана коопсуз жашоосун камсыздоого катардагы милиция кызматкеринен баштап, жетекчилик курамдагы башчыларыга чейин жооптуу экендигин эскертип, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаруу керектигин дагы […]
881 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн, 4-декабрь күнү өткөн онлайн кеңешмеде ички иштер министри Улан Ниязбеков өзгөчө көңүлдү элдин коопсуздугуна бурду. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Онланй кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине элдин бейпил жана коопсуз жашоосун камсыздоого катардагы милиция кызматкеринен баштап, жетекчилик курамдагы башчыларыга чейин жооптуу экендигин эскертип, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаруу керектигин дагы […]
МИНИСТР ЖЕТЕКЧИЛИК КУРАМГА ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИН КЫНТЫКСЫЗ АТКАРУУНУ ТАПШЫРДЫ
04.12.2023 / Автор anarkan_kg

882 Бардыгы /
БИШКЕК. Бүгүн, 4-декабрь күнү өткөн онлайн кеңешмеде ички иштер министри Улан Ниязбеков өзгөчө көңүлдү элдин коопсуздугуна бурду.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Онланй кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине элдин бейпил жана коопсуз жашоосун камсыздоого катардагы милиция кызматкеринен баштап, жетекчилик курамдагы башчыларыга чейин жооптуу экендигин эскертип, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаруу керектигин дагы бир жолу
эскертип өттү.
“Элдин коопсуздугун сактап, коомго жигердүү кызмат көрсөтүү максатында, бир катар ыңгайлуу шарттарды түзүп, коопсуздук мейкиндигин түптөө боюнчакошумча иш-чараларды уюштурдук.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана аны алдын алууга,профилактикалык жана пропагандалык иштерди сапаттуу жүргүзүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдап, жаңы заманбап ыкмалар менен иштөө тартибине өттүк.
Эл аралык кызматташтык багытында натыйжалуу иштерди алып барып, элдин тынчын алган терс көрүнүштөргө, кылмыштуу окуяларга, коомчулук арасындарезонанс жараткан фактыларга жеринде бөгөт коюу боюнча бир катар жаңы долбоорлорду даярдап, келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашырдык. Эң башкысы, бул иш-чара элдин коопсуздугун жана туруктуу жашоосун камсыздоого карата жүргүзүлүп жаткан актуалдуу маселе экендигин
билдирем. Калкыбыздын коопсуз турмушу, өз нугунда калыптануусуна аракет жасап, бардык жат көрүнгөн резонанс кылмыштарды, жарандардын тынчын алган окуяларды болтурбоонун алкагында иш алып баруу – бүгүнкү күндүн башкы талабы болуп эсептелет. Бул талаптарды ишке ашыруу боюнча, күнүгө
эл менен түздөн-түз иштеп жаткан кызматкерлерге сапаттуу нускамаларды өткөрүп, айтып, жеткирип туруңуздар.
Сылыктык, ийкемдүүлүк жана сабырдуулук менен милицияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу – катуу көзөмөлгө алынсын.
Жардам сурап кайрылган жарандардын маселесин кунт коюп
угуп, жеринде чечүү принциби туура сакталсын.
Тартиптик уставдын, Ички иштер министрлигинин буйруктары
менен буюрмаларынын талаптары так сакталышына, биринчи
жетекчилер жооптуу экендигин баса белгилейм.
Эл арасында укуктук эрежелерди түшүндүрүп, туюндуруучу
юридикалык кеңештерди берип, коомдук тартиптин нормаларын
алып жүрүү боюнча пропагандалык иштер улантылсын.
Коомчулук менен иш алып баруу жумуштарын күчөтүп,
профилактикалык жана сервистик тейлөө ишмердигин колго
алыңыздар”,-деди өз сөзүндө ИИМ башчысы.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри тарабынан замандын талабына жараша иш жүргүзүп, мезгилдин үзөңгүсүн
теминип, жаңы баскычтарга жана көптөгөн ийгиликтерге жетип,
өлкөбүздүн коопсуз өнүгүүсүн бекемдөө-бардык милиция кызматкеринин милдети экенин билдирди.
Андан сырткары Улан Ниязбеков ички иштер министрлигиндеги
санариптештирүү маселесине токтолуп, санарип тутуму – Ички иштер министрлигинен баштап, айылдык ички иштер бөлүмчөлөрүнө чейинки деңгээлде турукташып, иш алып барууга милдеттүү болгон негизги тутум экенин баса белгиледи.
“Биздин мамлекеттеги ички коопсуздуктун деңгээли, өнүккөн
өлкөлөрдүн катарына кошулуп эле калбастан, алдыңкы сабына
чыгышы керек. Узак мезгилдүү коопсуздукту түзүп, ички бейпилдикти
камсыздаган накта системаны ишке киргизүүгө мезгил жетти. Дасыккан күжүрмөн ишмердикти, мобилдүүлүктү жана элге
сервистик тейлөө көрсөтүүнү – санариптештирүү жолу аркылуу
максималдуу жогорулатууга болот.
Эски ыкмаларды колдонуудан арылып, кесипкөй заманбап
милицияны калыптандырып, адилеттиктин жана ишенимдин
тармагына айландырууга толук шартыбыз бар.
2024-жылдан баштап, кылмыштуулукту алдын алуу, коомчулук
арасында терс кесепеттерди жараткан окуяларга бөгөт коюу
боюнча көрсөткүчтөргө өзгөчө көңүл бурабыз”,-деп билдирди ИИМ башчысы.
Ошондой эле жол-унаа кырсыктарына бөгөт коюп, ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү бардык жетекчилерге тапшырып, элди ташыган унаалардын айдоочулары арасында түшүндүрүү профилактикасын күчөтүп, атайын рейддерди өткөрүп, адам өлүмү менен коштолгон жана өмүргө коркунуч келтирген жол
кырсыктарына бөгөт коюу чаралары дайыма алып барууну эскертти.
Жол инфра-түзүмдөрүнө жооп берген жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен
биргеликте, айдоочулар, жүргүнчүлөр жана мектеп окуучулары
арасында жол-унаа кырсыктарынан оолак болуу үчүн түшүндүрүү
иштерин күчөтүү керектигин тапшырды.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери
катышты.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕН БАРДЫК КАНАЛДАР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ СЕЛ ЖҮРҮҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КООПТУУЛУГУ ДАГЫЛЕ КҮЧ!
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.